Monday, June 3, 2013

Кыргыз академиктери менен эксперттери жооп беришти мага

Кыргыз академиктери менен эксперттери былтыр эле китебим тууралуу чечим бериш керек болчу.  Алар китебимди коргогонго мени чакырыш керек болчу.  Алар талкулоодон коркуп академиктердин жолунан адашып төмөнкү ушак эле жаза беришет.  Кыргыз Интелигенция, эмнеден корктуңар?  Эмне үчүн китебимден ушунчалык корктуңар?

ЭлТР жана Кыргыз Туусу газета ж.у.с мен менен маектешкенге тыюу да салды.  Кыргызым, эмнеден корктуңар?  Кыргыз түп аталары байыркы замандын эң атактуу жана кыйын олуя-даанышмандардын байланышынан корктуңар беле?  www.scribd.com/risbek

Тургула, кыргыз болгула, ата-бабаларыңардын ыйык жазууларын сыйлагыла. Өз ордуңарда тургула.  Элдердин аягы эмес, башы болгулар.

Төмөнкү калп-ушагыңар меним кадырымды көтөргөн.  Бүт баары окусун.
Рысбек

Ричард Хевитт (мурда Ричард Хьюитт эле) Рыспек деген аты менен “Манас Жоголгону табылды” деген, ичин ачканга чейин табышмактанган, “Манас” сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан наамы бар, улуттук намыска тийген, бир далай чоң көлөмдөгү (226 бет), жанры белгисиз дагы бир китеп чыгарыптыр. Буга биринчи укурук кайрыган таланттуу акын кызыбыз Үрүнса Маматова болду. 
Алгач китепти ачканда эле, “Эр Манас эмнесин жоготуп, эмнесин тапты экен?” дегендей суроо-түшүнүк пайда болот. Окуй келгенде, мурда 12 уруудан (бөлүк деп да айтат) турган еврейлер биздин заманга чейинки Х-VIII кылымдарда Ассирия (Ашур) тарабынан талкаланып, жиксиз жоголуп кеткен 10 уруусун издеп жүрүшкөнү, ошонун бири “табылганы”, ал кыргыздар имиштигин кабарлаган ой-корутунду экен. “Тообо!” келтиресиң, уруу-урууга бөлүнүп, Түндүк, Түштүк болуп тирешип, бир багытты кармай албай аткан кыргыздардын ааламга жайылып кеткендерин чогултуп, атүгүл кыргыздарды да кошуп алгысы келип аткан еврейлерге кыргыздын каны кайдан кошулсун! Анүстүнө этногенетика илими чыккандан баштап канчалаган окумуштуулар кыргыздар түрк тайпасына кирерин алдакачан аныктап койгон аксиоманы жокко чыгаргысы келген Ричарддын кандай максаты бар?
Ушерден эле, айкындык үчүн, түшүнүк бере кетишибиз керек, кыргыздарды жөөттөрдүн бир уруусу катары көрсөтүү, кыргыздык кайдыгерликке салып, “айта берет” деп көз жумуп кете бере турган нерсе эмес, пландаштырылган, Израилдеги атайын мекемелер тарабынан өздөрү үчүн өтө максаттуу жүргүзүлүп аткан иш экен. Р. Хевитт андай мекемелерден төртөөнү атаган: анын бири “Шавей Израил” деп аталып, “Израилдиктердин кайтуусу” дегенди билдирет экен. Бул 2004-жылы Майкл Френд тарабынан уюштурулуптур, Ричард Хевиттин өзүнүн айтуусу боюнча “Алардын негизги максаты — Израилдин жоголгон он уруусунан деген чачыраган жөөттөрдү бир жерге чогултуу” (Жогоруда аталган китеп, 168-бет. Мындан ары шилтеме бергенде китептин бетин гана көрсөтөбүз) болуп саналат. Экинчиси “Амишав” (Менин элим кайтууда” дегенди билдирет) 1979-жылы рабби Элиаху Эйвихайл тарабынан түзүлүп, мунун койгон максаты “Израилдин жоголгон урууларын табуу, аларды кадимки жөөт динине өткөрүү жана аларды Израилге алып келүүгө жардам көрсөтүү” (168-б.) экен. Бул топтун башчысы Индустандык башка диндеги көптөгөн кукилерди Израилге апкелип, жөөт динине өткөрүптүр. Үчүнчүсү “Кулану” деген жамааттык уюм болуп, булар да жоголгондорду таап, жардам берет экен. Алар “жоголгон 10 уруу Индустан, Бирма, Ооганстан, Пакистан жана Кытайдан табылышы мүмкүн”(169-б.) деп божомолдошот. Төртүнчүсү “Бен Тсви мекемеси” деп аталып, Израилдин экинчи президенти Ицхак Бен-Цви- нин (1884–1963) атына коюлуп, алардын вебсайтын Ричард (Рысбек) Хевитт: “Бен Тсви мекемеси Йад бен Тсви жана Жерусалимдеги Еврей университетинин биргелешкен колдоосу алдында мусулман өлкөлөр, Африка жана Азия мамлекеттериндеги жөөттөрдүн маданиятын изилдейт. Бул жер жалпы Израилден жана чет өлкөлөрдөн келген аалымдардын чогулуучу жайы” (170-б.) -деп баяндайт.
Ричард Хевитт (Рысбек) бул төрт мекеменин биринен (мүмкүн баарынандыр) каржыланып, 4-сүнө отчет берип (китептин башында эле “докладыбызда”(9-б.) деп атпайбы), анда сабак да өтөт окшойт (“Мен ушул мааниде дарстарды өткөргөндө”(170-б.) деп атпайбы). Ал өзүн АКШнын Санта Моника шаарынанмын дегени менен 1997-жылы 16-июнда “Кыргыз руху” гезитине берген “Американ бой” деген интервьюсунда айткандай, ошондо (1997-ж.) жогоркудай миссияны аткарууга Орто Азияга келгенине 3 жыл болуп, динин, улуттук салтын бекем тутунган өзбек элине бата албай, салтын сактаганы да, динин карманганы да, улуттук биримдиги да бошоңдой көрүнгөн кыргыздарды паанектеп калганы бекер эмес экен. Ал алгач Мухаммат пайгамбарыбызды жамандап, кыргыздарды мусулманчылыктан тайдыруу аракетин жасап, газеталарга аңгеме деген атка жамынган “Кулун”, “Бүркүт”, “Азыр мен абдан өкүнөм, ата!” деген ж. б. чыгармаларын жарыялап, ал “аңгемелердин” ичинде кара чаар жылан тилин соймоңдотуп жүргөнүн аңдабай, башка улуттун өкүлдөрү чалдырап кыргызча сүйлөп койсо же салт-санаасынан бир-экөөнү атап койсо “Урра!” деп кубанып кеткен, берээрге ашын таппай калган ак көңүл, илбериңки, алаңгазар элет кыргыздардын мүнөздөрүн илгирбей илип алып, өзүнүн арам максаттарына пайдалана баштаган. Ошондогу “Кыргыздагы Кудай колунун мөөрү” (Б., 1998-ж. Кайдан бастырылганы көрсөтүлгөн эмес) аттуу кыргыз тилиндеги биринчи китеби чыккандан эле Таалайбек Ташмаматов, Табылды Дүйшө деген азаматтар “Кыргыз рух көрөңгөсүнө түшүнбөгөндөр сүйкөнбөсө… же бүгүнкү кыргыз рухунун түп-тамырына чабылган балта!” (“Республика”, 16–22.02.1999-ж.) деген, ошондо эле Ричарддын былык оюн ачыкка чыгарган жана Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин китептин ичиндеги боз үйдүн, анын чамгарагынын сүрөттөрүн көрүп алып эле “… Рыспектин бул чакан эмгеги жакшы жышаан катары кабыл алынууга жана ар тараптан колдоого татыктуу!” деп бүтүргөн “Кириш сөзүн” катуу сынга алган макала жазышкан. Анан мен да “Сакал өрттөнсө, өчүрүү зарыл” (“Асаба”, 26.03–01.04.1999-ж.), “Ичтеги душманды ким тыят?”(“Эркин-тоо”, 10.01.2001-ж.), “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып берсең өзүң бил, бирок акылыңан ажыраба, кыргыз!”(“Адабий Алатоо”,№ 18, Декабрь, 2006-ж.), “КТРдин төрүндө кимдер жүрөт?”(“Жаңы Ордо”, № 3,5.02.2010-ж.) деген атайын Ричарддын кыргыз коомдук түшүнүгүн будамайлаган аракеттерине каршы макалаларды арнагам. Буга Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан, Президенттик аппарат, өкүмөт мүчөлөрү же түздөн-түз милдети болгон КР Коопсуздук комитети тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок, эми бул макаланы жазууга туура келип атат. Азыркы атка минерлерди карап туруп, дагы эле тыянак чыгаарына көзүм жете бербейт, ошентсе да жашым сексенге сермеле баштаганда муну айтпай кетсем болбойт, атуулдук парзымдан кутулайын деп сунуштап атам.
Ричард Хевитт (Рыспек) дагы “Ала-Тоодогу кырк из”(2000), “Калпак”(“2001), “Ак калпак”(2006), “Боз үй”(2006) ж. б. китептерди чыгарды. Динибизди маскаралап тим болбостон, “Тарыхыңар айтып тургандай, силерди арабдар, өзбектер жана орустар өз диндерине күч менен баш ийдирип, силерге жат диндер менен жолдорду кастарлаганга мажбурлоого аракет кылышкан”(“Ала-Тоодогу кырк из”, Б.,2000-ж.,30-бет) -деп, бир тууган кошуна жана алыскы дос өлкөлөрдүн элдери менен душмандашууга үндөдү. Ушуга окшогон көмүскө аракеттер ачыкка чыгып, “Көкө Теңирчилер” көктөп, “Жайсаңчылар” жанданды. “Ыса жыйыны” сыяктуу башка диндерге өтүп кеткен кыргыз жарандары арбыды.
Ричард Хевитт кыргыздын карапайымдыгы менен кайдыгерлигинен, ишенчээктиги менен илбериңкилигинен, жазмага караганда жомок сөздөргө жакындыгынан, айрыкча Манасты ыйык тутуп, асмандата бергенинен, аны байыркынын байыркысы деп айтканды мартаба көргөндүгүнөн пайдаланып, өзүнүн максат-мүдөөсүн ишке ашыруунун экинчи этабына өттү. Мурда кыргыз еврейдин бир канаты дегенди бир аз кайпактатып айтып келсе, эми килейген китептин (“Манас Жоголгону табылдыны” эске алып атам) башынан-аягына чейин кыргыз менен еврейге тиешелүү материалдарды ылайыгы келсе, келбесе деле окшоштуруп, башында бир эл экенин кайталап кирди. Маселен, “3500 жыл мурун төрөлгөн Жусуптун”(160-б.) атасы Жакып пайгамбар менен (Сайпидин Молдо Аксикентинин, Белек Солтоноевдин, Анвар Байтурдун, А. Т. Тагиржановдун, Е. Д. Поливановдун далилдөөлөрү боюнча) биздин эранын ХIV–ХV кылымдарынын ичинде жашаган Манастын атасы Жакыптын төмөнкүдөй окшоштуктары бар, булар түбү бир элден болгон деп “ишендирет”: “Манас” эпосундагы кыргыз элинин түп атасы (?) бай Жакып да кыйдылыгы жагынан (Жакып пайгамбарга) абдан окшошуп кетет”(11-бет). “ Кызыгы, Жакыб (пайгамбар) да, Жакып да (Манастын атасы) аксак болушкан”(20-бет). “Бай Жакып (Манастын атасы) Семетейдин мыйзамдуу ордун басып алууга аракеттенген. Олуялардын жазууларында Жакыб пайгамбар небересин эмес, өз атасын алдап, бир тууган агасынын (Эйсаптын) ордун басып алат:”(13-бет) дегендей мисалдар менен кыргыздарды еврейлердин жоголгон он уруусунун бири кылып көрсөткүсү келет. Бир адам менен экинчи адамдын мүнөздөрүндө, сырткы келбетинде (бири айбан болбогондон кийин) окшоштуктар боло берери аксиома эмеспи. Азия элдеринен же Африка элдеринен болобу, бийликке жутунгандардын аракеттери анданбетери төптөшүп турары да аксиома. Анан эмнеге Рыспек (Ричард) жогорку мисалдарды келтирди? Ала-Тоодогу Асан менен Аляскадагы Асандын (эгер болсо) бийлик кумары көпчүлүк жагынан бирдей эле болорун Ричард сопсонун билип эле турат, ал Кыргызстандын граждандыгын алган менен (эгер алганы чын болсо) кыргызга жакшылык каалап аткан жок, кыргыздын ишенчээктигине, фантазиялуу тарыхты көп самаган кыялкечтигине ойноп, дөдөй катары санап, жаш бала да ишенбей турган “теорияны” коомчулукка апчыгып атат.
Анан калса биз, кыргыздар, ыйык “Манасыбызды” ичи арамдар ар кандай айтып, каалагандай жөндөгөнгө шарт түзүп берип атабыз. Ошондон пайдаланып, бири Манас Кудайдын жанында отурат десе, экинчиси калмак Кайыпдаңдын ырчысы Жайсаңды кырк чоронун бирине айландырып, көрүстөндөн “тирилтип” келип, он том толгон мазмунунда дайынсыз жерлери көп, көркөмдүгү начар, айрым жерлери кыргыз тарыхы менен маданий түшүнүгүнө балта чапкан материалды “айттырып”, коомчулуктун башын каңытса, үчүнчү бирөөлөрү жомоктугу жогору турган “Манасты” реалдуу заманыбызда Мамлекеттик идеология болот деп кыйкырып атышат. Мына, эми, чет элдик Ричард Хевитт (Рыспек) кечээ, орто кылымдын түгөнүшүндө жашап өткөн Манастын атасы Жакыпты “Кыргыз элинин түп атасы”(11-бет) деп, кыргыз эли Жакып байдан бери эле пайда болгондой көрсөтүп атпайбы. Анда кыргыздар байыркы эл дегенибиз кандай болот? Манасты “Байыркы эле, байыркы!” дей бергенди ченеми менен айтпайлыбы?
Кытайдагы кыргыздардын атактуу манасчысы Жусуп Мамайдын айтуусунда жарыяланган “Манас” эпосуна чыккан баш сөздө “Чоң казат” болгон мезгилди мындайча тактап көрсөтөт: “1436-жылы Түгөн деген ойрот (калмак) бийлигин колуна алгандан кийин баласы Эсенкан убагына келгенде ойроттор менен кыргыздар ортосунда огобетер өрчүп, кызыл-кыргынга айланат. Түгөн хан өлгөндөн кийин Эсенкан кыргыздарга чоң согуш ачып, кыргыздарды таш-талкан чыккандай соккуга учураткан. Ошондогу көрүнүштөр “Манас” эпосунда: “Эсенкан элүү миң аскер менен бизге басып кирип, кыргыздарды кыйратып, жерибизди канга боеду” деп айтылган. Эпостогу “Чоң казат” бөлүмү ошол согушту көзгө кармаган” деп атпайбы. Сайпидин Молдо Аксикентинин ХV кылымдын аягында, ХVI кылымдын кылда башында (1503–1504-жж.) жазган “Мажму атут-таварихтеги” Манастын окуялары өткөн мезгил да ошого туура келет.
Ананкалса, “ата” деген термин сөздү каалагандай чойгулап, анын таптак турган маанисинде колдонбой, башка элдерге шек берип атпайбызбы. Адамдын бир эле атасы болорун баарыбыз эле билебиз, анын атасын чоң ата дейбиз ж. б. Өзүбүздөн улууларды аке, байке, ага, андан да жашы улуу болсо ава дейт эмеспизби. Бирок энелик доордун адамдарындай, туш келген аксакал кишилерди, тарыхтагы улуу адамдардын баарын эле аталай берген жагыбыз да бар. Ошондон пайдаланган Ричард аталган китебине “Кыргыздын кырк кызы” деген тема коюп, “Байыркы кыргыздар бүт кырылып, 40 эле кыз калган имиш. Моңгол баскынчылары ал “кырк кызды” туудуруп, ошондон кийин узун бойлуу, көк көз, кызыл же акжумал кыргыздардын урпактары азыркы күндө көбүнчө моңголдорго окшоп кеткен”(175-бет) -деп, бир кезде кыргызды кемсинтиш үчүн башка элдин өкүлдөрү токуган уламыш “мыштарды” андан да күчөтө пайдаланып, “атабызды” таап бергенсип атканына кандай карайбыз? Бул дагы бекер эмес, кыргыздарды жөөттөргө жабыштырыш үчүн жасалган аракет экенин, жогорку сөзүн улантып окусак түшүнүктүү болот: “Ушул уламышта кандайдыр бир чындыгы барбы? Биздин билишибизче, кыргыздар ак жумал, чачтары кызгылт, көздөрү көк болгон. Анысы ошол Манассия тукумунан тараган эркектеринде түздөн-түз сакталышы мүмкүн, бир бөлүгү Түндүк Чыгыш Индустан аркылуу келатканда кырылган. Аялдардын бир тобу кыргыздардан бөлүнүп калган. Ошолордун урпактары кийинчерээк кукилер деп аталат” (175–176-б.б.) — деп айлантып келип эле кыргыздарды еврей кылып чыгарып атканын көрүп турбайсыңарбы.
Мындай ыкманы “Манас” эпосундагы Санирабийгенин (Каныкейдин) атын Сани Рабига деп экиге бөлүп, экинчи бөлүгүндөгү Рабиганы Жакып пайгамбардын апасы Ребекага салыштырып, алардын күйөөгө тийүүгө байланышкан мүнөздөрүндөгү айрымачылыктарды айтып баратып да кыргыз кыздарын дүнүйөпарастай көрсөтүү менен кыргыз, еврей “туугандыгын” кыйытып кетет: “Чаар китептеги (чар китеп) Ребека бат эле (күйөөгө тийүүгө) маакулдугун берет. Анын жообу жашоосуна маанилүү бурулуш болор алдындагы бачым чечим кабыл алган көптөгөн кыргыз кыздары менен типтүү. Экинчи жактан Рабиганын жообу али эркекти биле элек үчүн — ал өз жашоосун өзгөртүүгө дароо маакул боло койбогон Батыш кыздарына жакын” (40-бет) -деп, Рабиганын (Каныкейдин) кыргыз кызы эместигин өзгөчө белгилеп, Батыш кыздарындай эрге шашпай тиээрин айтып атканынын да белгилүү себеби бар, ал Букара, Самаркант шаарларындагы еврейлерди эстөө менен кыргыздар аларга эмес, байыркы Жакып, Жусуп пайгамбарлар заманындагы еврейлерге жакын экендигин, ошолордун кылык-жоруктарын улантып келатышканын белгилейт да, кыргыздарды түрк бир туугандарына жолоткусу келбейт. 2009-жылдын 26-октябрындагы Аалы кызы Назиранын КТРдеги “Салт-санат” деген берүүсүндө Ричард Хьюитт (анда Хевитт боло элек эле) кыргыздардын казактарга кайнаса каны кошулбайт дегендей айткан, аны жандап сүйлөгөндөр да ушундай ураанда болушкан. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаттарына адрестеп “КТРдин төрүндө кимдер жүрөт?” (“Жаңы Ордо”, № 03,5.02.2010-ж.) деген макала жарыялагам. Андан бери үч жылдан ашык убакыт өттү, эми Ричард Хевитт (мурдагы Хьюитт) ошол ураанынан кайтпай, жогоруда сөз болуп келаткан китебинин “ДНК байланышы” деген жеринде: “… доктор Спенсер Уеллстин кечээ жакында берилген изилдөөсүндөгү евразиялык Ү-хромосому кыргыздардын монголдорго, казактарга, өзбектерге же болбосо, башка коңшу урууларга караганда айрым тажиктер менен алдаканча туугандык байланышта экендигин көрсөткөн” (40–41-бб.) -деп дагы эле кыргыздарды түрк туугандарына чендетпей, фарси тилдүү тажиктерге жакындатып барып (С. Уеллс (?) тажрыйбасын кыргыздын тажик аралашкан жеринде жүргүзгөн окшойт?), “… көчмөн пайгамбарлар алыскы өз туугандарынан Ребеканы алгандай, кыргыздын Жакыбы да чындап эле Рабиганы (Каныкейди) туушкандарынан (келиндикке) алышы мүмкүн”(41-б.) -деп, Букардагы еврейлерди кыргыздын туушкандары катары далилдегиси келет.
Андай изилдөөлөрдү жүргүзүү ар кимдин өз иши деңизчи, бирок башка элдин “баамсыздыгынан”, меймандостугунан, кенебестигинен пайдаланып, айрым акчага абийрин саткан жандоочтордун көмөгүнүн натыйжасында кыргыздын миңдеген жылдар бою жашап келаткан жашоосун, карманган салт-санаасын, ой-түшүнүктөрүн бурмалап, “булар душманың, тигилер тууганың” деп көрсөтмө берүүгө, аны китеп кылып таратууга кандай акысы бар?! Ал китебин КТРге чыгып реклама кылганына, биринчи кезекте, мамлекеттик идеологияга көз салалбаган корпорациянын төр агасы Кубат Оторбаев күнөөлүү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Материалды элге сунуштаардан мурда иликтеп чыгуу керек эмеспи, китепти окуп чыгуу салты да бул мекемеде унутулуп калган окшойт? Мүмкүн Ричард “Мен Рыспекмин, Кыргызстандын гражданымын” дээр (Баса! Эгер граждандыкты алганы чын болсо, аны ким берди? Мүмкүн доллар деп аталган көк кагаздардын бийлиги жүрүп кетпесин? Кийинки кездерде, биздин (элдин), мамлекеттин коопсуздугун эстеген киши деле калбай баратат окшойт?), анда эмне кылабыз? Кыяматкайымда чыкчу Дажжалдын ар бир жүнүндө жалтыр-жултуру, аңгил-шаңгили, коңгуроо-соңгуроосу бар көк эшегин ээрчип кеткен макулуктардай болуп кете беребизби?..
Ричарддын китебинин аталышына караганда (“Манас Жоголгону табылды”) кыргыз эпосундагы Манас менен Жусуп пайгамбардын баласы Манасени (Кийин чоң атасы Жакып пайгамбардын тарбиясында болуп, анын баласы катары аталып калат) окшоштуруу негизги максаты болгондуктан, ыйык китепте “Манаше”, башкы еврейче “Манае” жана самаритяндык еврейче “Манач” болуп окулган ысымды (47-бет) тил закондоруна салып жөндөгөнсүйт да, “Балким бул Жакыптын уулу Манас да чаар китептеги жоголгон элдердин байыркы бабасы болгон, өз тукумунун башчысы Жакыб (пайгамбар) уулу Манаседен чыкканынын кошумча күбөсү болуп жүрбөсүн…” (48-бет) -деп эпостогу Манасты еврей Жакып пайгамбардын Манасе деген баласынан чыккан деген, баягы кыргызды жөөттөргө жабыштыргысы келген ниетине кетет. Анан дагы эпостук Манас менен Дөөт пайгамбардын бакыргандарын (үнүн), ал экөө тең койчу болгондорун окшоштурат (Мунун канчалык зарылдыгы болгону түшүнүксүз). “Кээде эпосто да, чаар китепте да 40 же 37 эмес, 30 жоокердин санын айтышат” (54-бет) -деп, “Манастагы” жана чаар китептеги (Чаар эмес, чар-төрт китеп болуш керек) 30 саны айтылган жерлерди алат да, ошондон өз каалоосуна ылайыктап, окшоштуктар тапканга аракет кылат. Дагы тактай кетели, Ричард “Чаар китеп” деп, чар-төрт китепти пайгамбарларга түшкөн “Тоорат”, “Забур”, “Инжил”, “Куран-и Карим” сыяктуу ыйык китептердей түшүндүрөт. Чынына келгенде чар (төрт) китеп сабатсыздыкты жоюу, дин негиздерин үйрөнүүгө арналган китептер болуп сналат. Биринчиси — акыйда б. а. Кудайды таануу туурасындагы, экинчиси — адеп-ахлах туурасындагы, үчүнчүсү — ал-фикх б. а. мусулмандардын социалдык нормаларын, укуктарын билдирген, төртүнчүсү — көркөм тексттер топтолгон китептер болуп саналат.
Р. Хевитт кыргыз-еврей “туугандыгын” “жаратыш” үчүн эки элдин салт-санааларынан да бир-бирине чапташпаган бир нече мисалдарды келтирет, ошолордон бирөө мындай: Тоолук кыргыздар жылына жаздын аягында “төлөө” (түлөө) деп аталган курмандык (?) өткөрөт. Алар эгин жакшы болсун деп Кудайга арнап жаңы төрөлгөн (?) козуну соет. Кукилер (еврейлердин бир уругу) дагы жылына “хун” деген ушул сыяктуу курмандык чалат, анысы деле кеч жазда же эрте жайда өтөт. Алар козунун ордуна таза ак тоокту соет. Эки эл тең союп атканда сөөктөрүн чакпайт. Эки эл тең бүтүн жиликтерин таза мүлжүйт. … Адатта кыргыздар да күн баткандан кийин курмандыкка чалат, түнү менен жейт да, эртеси күнгө эч нерсе калтырбайт” (177–178-бб.). Бул узун шилтемеде айтылгандардын баарын комментариялап олтурбай, урунттууларына гана токтололу. Биринчиден, жылдын жазында бир жолу өткөрүлчү түлөө (Түштүк кыргыздарда кудайы) курмандык эмес, курмандык кыргыздарда Курман айтта гана кылынат. Ошондо эч жеринде кемчилдиги (дефекти) жок кой, уй, төө жаныбарларынан гана союлат. Ал эми жогоруда айтылып аткан түлөгө (кудайыга) катышуучулар аз болсо кой, көп болсо кара мал союла берет. Аны союунун эрте менен, кечинде, түштө дегендей, Ричард айтып аткандай, кесе белгиленген убактысы болбойт. Жеке адамдар өткөргөн түлөө гана шартка байланыштуу жазып-тайып кечинде болбосо, эч качан түнкүгө калбайт. Ал эми Ричард айтып аткан түнкү тамак конок чакырганда же кудалар келгенде түндөп созулушу мүмкүн, ал өзү да “… мен көптөгөн тойлорго чакырылам да, ар дайым кечке маал ачка жетип барам. Ошондо да эми эле мал союлган убакка жетишем” (90-бет) деп атпайбы, тойду түлөө менен чаташтырып атат окшойт. Экинчиден, кыргыз түлөөгө эч качан жаңы туулган (Ричард “төрөлгөн” дептир, кечиримдүү) козуну сойбойт, союшка жарамдуу жандыкты же кара малды соет. Демек, кыргыздын түлөөсү да, кудайысы да Ричард айтып аткан жөөттөрдүн кечинде сойгон таза ак тоогуна, түнү менен мүлжүгөн жиликтерине таптакыр эле жакындабайт.
Китепте мындай мисалдар өтө эле көп, материалдарды топтоо жагынан автор кажыган эмес, бирок чындыкка туура келсе-келбесе деле өзүнүн максатына — кыргыз менен еврейди “туугандаштыруу” ниетине карай жолуккан деталдардын баарын эле бура берген жана бурмалай берген. Ошону менен бирге өз оюн бекемдеген кескин жыйынтыктарды чыгарып отурган. Ишеничтүү болсун үчүн ошолордон бир-экөөнү жаза кетебиз: “… байыркы пайгамбарлардын бир бутактан таркаган урпактары азыркы күндө кыргыз болуп калган да, ата-бабаларынын окуяларын сактап, төрт миң жылга жакын аралыкта аларды муундан-муунга айтып берип келген”(192-бет). “Жөөттөр Жакыб уулу Жүйүттөн Иудеяда жашаган, ал эми менин сунуштаган оюм боюнча, кыргыздар Жусуп пайгамбардан жана Жакыб уулу Манаседен тараган”(192-бет). “… Жакынкы Чыгыштын тоолорун 2700 жыл мурун таштап кеткен Жакыбдын (Жакып пайгамбардын) уулу Манасе менен азыркы тоолуу Кыргызстандагы Жакып уулу Манастын бирдей экенин байкайбыз”(166-бет). “Биз ириде айта кете турган нерсе: азыркы Кыргызстан “Израилдин жоголгон он уруусу” деп аталган эки улуттук топтун (?) биримдиги болуп калган”(133-бет). ж. б. Бул айтылган ой-тыянактардын бардыгы эле “кыргыз менен еврей бир тууган” дегенге алып барып атканы элдир-селдир акылы бар адамдарга чейин эле түшүнүктүү болуп турбайбы. Дос-тамырдын көп болгону жакшы деңизчи, бирок Ричард Хевитт (Рыспек) кыргыз ичиндеги басыз менен багыштай, мундуз менен муңгуштай эле жакын болгон түрк ичиндеги казак менен өзбекти кыргыз туугандарына жакындаткысы келбей атканы кызык? Мунун түпкүрүндө СССРди кулаткандай идеологиялык саясат болбогону менен (мүмкүн ал деле бардыр?) ишенчээк, маңыроо кыргыз элин буйлалап алгысы келген, алардын жонунан жашагысы келген геосаясат, ошого жетиш үчүн кыргыздын түшүнүгүнө, ой-кыялына, жашоо-мүдөөсүнө жасалып аткан чабуул болуп жүрбөсүн? Кайран кыргызым, канткен күндө да алды-артыңды карай көр! Ричард Хевитт: “Жакында пайгамбарлар жазмасындагы жөрөлгөлөрдү жактоочулар кыргыздарды өз диний жоболору менен каптап кирет. Кыргызым, силер ошолорго руханий жана орундуу жооп бергенге даярсыңарбы?”(170-бет) — деп, Израилде ушул маселе боюнча атайын иштеп аткан “Шавей Израил”, “Амишав”, “Кулану”, “Бен Тсви мекемеси” деген мекемелердин жакынкы учурларда жасай турган аракеттерин айтып атат. “Мурунку докладдарымда…”(45-бет) деп ушул уюмдарга берип аткан отчетторун эске салып, алардын келечектеги иш-аракеттерин ачык эле түшүндүрүп атат. Ричард Хевитт (мурда Хьюит кезинде) токсонунчу жылдардын ортосунан тарта эле кыргыз түшүнүгүнө жасай баштаган экспансиясынын, бүлүндүргүч аракетинин биринчи бөлүгүндө кыргыздын канчалаган кылымдардан бери ата-бабасы тутуп келген Ислам динин, анын пайгамбары Мухамматти атап да койбостон, Иса (Иисус) пайгамбарды машаяк (Чындыгында машаяк деп улуу устаздарды, перилерди б. а. авлиядан (олуядан) жогорку Ислам илиминин акыйкат, марипат тепкичине жеткендерди айтат. Пайгамбарларды машаяк дегенге болбойт) деп атап алып, буга чейинки бардык китептеринде аны кыргыздын пайгамбары катары таңуулап, ал кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын, атүгүл тилин билет, кыргыз жери анын дачасы болгон дегенге чейин барып, мусулман динин эмес, Иисустун динин сүйүүгө, ага кирүүгө чакырып келген. Ал Ричарддын “Ала-Тоодогу кырк из” деген китебинин биринчи бетиндеги “Арноосун” окуганда эле түшүнүктүү болот. Эми “Манаска” калкаланып алып, “Манас Жоголгону табылды” деген, кой терисин жамынган китебин колтуктап алып, КТРКнын төрүнө кайрадан чыгып атат. Түшүнүксүз? Кубат Оторбаев башында турган КТРКнын Мамлекеттик идеологиянын багытын тейлегендердин паам-парасаты жокпу же басма материалдарын окугандан эринген, жалкоолук жонуна мингендерденби, же акчага алданып кетип атышабы, же ушундай эл бузар, мамлекеттик идеологияны солкулдаткысы келгендерди колдошобу? Билбейм! КТРК 2009-жылдын Октябрындагыны го Бакиевге оодара салып кутулуп кетет, ал эми үстүбүздөгү, 2013-жылдын февралында Ричард Хевиттин “Манас Жоголгону табылдысын” мактагандарына кандайча жооп беришет? “Биз коомдукпуз, колубузга тийгенин ала беребиз, оозубузга киргенин жалмай беребиз, сүйлөй беребиз” дешеби? Мындай, улуттук мүдөөлөргө каршы келген агымдарды токтотуш үчүн, кара пардасын ачып, элге жеткириш үчүн (баары эле коомдук болуп жатып калды) сөзүбүздү кимге айтабыз да, жазгандарыбызды кайда жарыялайбыз? Жападан-жалгаз мамлекеттик болгон “Эркин Тоого” закондор менен буйруктардан башка батпаса… Өзүнө караган теле берүүсү, радио уктуруусу, гезит, журналы жок мамлекет кантип мамлекет болсун, кашагасы (кашары) жок койканадай, аскери жок чек арадай, аласы жок дамбалдай кеп эмеспи.
Эй кыргыз билармандары, идеологиябыз ботко болуп, элибиздин башы чылага айланып калды. Мародерлорду коргоп, “Түштүк картасы”, “Түндүк картасы” деп эл бөлгүч идеология жүргүзгөн гезиттердин негиздөөчүлөрүн көкөлөтүп, кыргыз журналистикасынын классиги кылып атасыңар. Ушак-тешекке толгон гезиттерден бүлүндүргүч, эл бузаар макалаларды тандап алып, обзор деп коюп, радиодон чаңкылдап сүйлөгөндөрдү көтөрмөлөп атасыңар. Коомдун бузулушуна, элдин маңкурттанышына, Ричард Хевиттей (Рыспектей) баш маңытуунун уругун сепкендерди эркин коё берип, адамдардын мээсин тебелетип атасыңар. Ушундай мамиленин кесепетинен Мамлекеттик идеология эмес, уруу-уруктун, кокту-колоттун, аягында барып Түндүк, Түштүк идеологиясы түптөлө баштады. Буга эл күнөөлүү эмес, штурвалда отургандар жооптуу. Жакшы адам деле, жаман адам деле бирдей көөлөнүп, ушактын чыласына батып бүттү. Аларды ажырата тааныш үчүн ликбез (ликвидация безграмотности) уюштуруп, “Адам таануу жана ушактын уусунан куткаруу” дегендей темаларда бир нече жылдар бою мээ агартуу ишин жүргүзүү зарыл болуп турат. Урматтуу карапайым калк жана бийлик ээлери, Ричард Хевитт деген Рыспектен “Трибуна” гезитинин редактору Өмүрзаков Рыспекти айра билүү үчүн мээликбезинен (мээдеги чалчыкты тазалоочу мектептен) өтпөсөк болбой калды! Буга кандай дейсиздер, урматтуу Президент, урматтуу Спикер, урматтуу Премьер-министр?
Омор Сооронов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси
Булак: “Жаңы Ордо”. (N.J)

Кыргызым, өзүңөр Манас - Жоголгону табылды деген китепти бул жактан окуп көрсөңүр болот. Рысбек

No comments:

Post a Comment