Thursday, May 31, 2012

Кыргызым, Жараткан жиберген олуяжандардын колжазмаларын четке каккандар четке кагылат.  Кыргыз ыйык китептерди билген эл, эң кыйын аалым-теологдор болуп, ар бир диндин үстүндө болуш керек элеңер.  Кап кыргызым, өз руханий милдетиңерди аткарсаңар болмок.   

Monday, May 28, 2012


Кыргыздарга

"Эмнеге силер Мени: “Теңир! Теңир!” деп чакырасыңар да, айтканымды кылбайсыңар?  Мага келип, сөздөрүмдү угуп аткарган адам кимге окшош экенин силерге айтып коёюн: ал жерди терең казып, пайдубалын таштан коюп үй курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй козголгон жок, анткени анын пайдубалы таштан болчу. Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адам үйүн жердин эле үстүнө, пайдубалсыз курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй ошол замат кыйрады. Ал үй зор кыйроого учурады»

деген Кыдыр Исанын кебинин тиешеси барбы?