Monday, July 13, 2009

 

Ричард Хевитт

12-июнь 2009ж.

 

Бөлүнгөн диндерди бириктирүү:

Кыргыз Жакыбы менен библиядагы Жакыбды салыштырып-талдоо

 

 

Жакыб пайгамбар (Иаков) менен бай Жакып – эки башка дастандагы эки түрдүү каарман. Торатта Жакыб пайгамбар Исаактын баласы жана Ыбрайымдын (Авраамдын) небереси.1  А бай Жакып болсо белгилүү кыргыз баатыр Манасынын атасы.  Бул докладда кыргыз ата-бабабыз Жакыптан айырмаланып туруш үчүн, пайгамбар “Жакыб пайгамбар” деп белгиленет.

 

Жөөттүк (иудейдик), христиандык, исламдык ыйык жазууларда, Жакыб пайгамбар он эки уруунун атасы болгон деп көрсөтүлөт. Биздин эрага чейинки 17 (б.э.ч. XVII) кылымда, бул уруулар Мисирде (Египетте) конфедерацияны түзүшкөн жана биздин эрага чейинки 10  (б.э.ч. X) кылымга чейин сакталып келген.  Ушул убакытта түштүктүк эки уруудан, Жөөт (Иуда) менен Бенжиеминден (Бениаминден), азыркы еврейлердин түп аталарынан, он түндүктүк уруу бөлүнгөн.

 

Эки кылымдын ичинде Ассирия (Ашур), Жакыб пайгамбардын он түндүктүк уруусун басып алган (б.э.ч. VIII кылым). Бүгүнкү күндөрдө бул он уруунун, таптакыр жок болуусун (көбүнчө Жусуптун же Иосифтин аты менен байланыштырып) аны ар түрдүү көз-караштар курчап турат. “Он жоголгон уруулары” жөнүндөгү далилсиз билдирүүлөр кылымдар бою адамдардын аң-сезимин козгоп келди.2 Ысрайылдын ”жоголгон он уруусунун” уламыштарында, дагы жылдар бою кызыктуу болуп кала беришин, бул темага жакындагы кызыгуунун көтөрүлүшү көрсөтөт.

 

Жакып

Ыйык жазуулардагы (Библиядагы) Жакыб пайгамбар болжол менен 3700 жыл мурун жашаган. Кыргыздын бай Жакыбы –  туман каптаган, өткөн мезгилдин легендарлуу инсаны, бирок “Манас” эпосунда анын жашоосунун көп маанилүү бөлүгү сакталган. 

 

 

              Жакыб пайгамбар менен бай Жакып экөө тең көчмөндөрдүн башчылары болгон, өзүлөрүнүн чакан уруулары менен бир жерден экинчи жерге көчүп турушкан. Тан калыштуусу, Жакыб пайгамбардын туткундалган он уруусу, тарыхта болжолдуу түрдө, “Манас” эпосундагы бай Жакып менен кыргыздын талкаланган жана чачылган уруулары өз кызыктуу тарыхын баштаган аймакта, дайынсыз жок болуп кетишкен.3  Бүгүнгө чейин ошол он ууру “Он жоголгон уруулары” же “Ысрайылдын Чачылган уруулары” деп эсептелет.4

 

Чоң Жиндилер

Биздин изилдөөбүз Жакыб пайгамбар менен бай Жакыптан башталат. Жакыб пайгамбардын туруксуз мүнөзү бай Жакыптын туруксуз мүнөзүндө күзгүдөй чагылып турат. Тоораттын бир түрүндө көп учурда Жакыб пайгамбар өзүн аяйт. “Манас” эпосундагы кыргыз элинин түп атасы бай Жакып дал ушуга окшош. Алардын балдары жакын жерде жашаган “кудайсыздарды” өлтүргөн кезде, экөө тең өз өмүрлөрү үчүн кайгырышат жана коркушат. Шаардын бүт эркектерин алдап жана өлтүрүп, Жакыб пайгамбардын уулдары Симеон жана Левий өч алышат.  Жакыб пайгамбар балдарына мындай наалыйт:

 

              Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургандарына, канаандынтар менен периздиктерге мени жек көрүндү кылдңар. Менин элим аз.  Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, үй-жайым менен жок кылышат. 5

 

Жакыб пайгамбардын наалыганы Саякбай Каралаевдин айтуусуу боюнча “Манас” эпосунда дагы чагылдырылат. Бай Жакып өз баласынын коңшу “кудайсыздарды” өлтүргөндүгү үчүн наалыйт:

 

Кара курттай капырдын

Каарын эми келтирдиң,

Кан Эсенкан баатырдын.

Улукка тийип, уйпадың,

Уулум Манас, оңбой кал,

Ушинтип бизди сыйпадың!

Оолугуп кытай, манжу журт

Ордону талап эми алат

Ойронду башка чын салат,

Алтай да бизге жер эле,

Кадемди чындап катырдың,

Калмак да бизге эл эле”

Капа болуп Жакып бай,

Каарланып турганы. 6

 

Жакыптын нааразычылыгы, төмөнкү саптарда улантылат:

Алтай да бизге жер эле

Манжуу, калмак аралаш

Ушул журт бизге эл эле,

Ордолуу журтка кайылып,

Чечтирмек болдуң тонумду,

Салмак болдуң башыма,

Тентек чыгып, кулунум,

Киши кылбас сонунду,

Муну укканда, кулунум

Кара калмак, манжуу журт

Казат экен ордумду,.. 7

 

              Бай Жакып менен Жакыб пайгамбардын экөө тең өзүнүн керт башы учун кайгырышат, өзүнүн балдарынын жасаган кылыктарынан коркот.8  Эки жазууларда тең Жакып менен Жакыбдын мүнөздөрү кыйтыр, сараң, туруксуз.

 

Алдамчылар

Ыйык жазууларда “Жакыб” “Алдамчы” дегенди билдирет экен:

... мына эгиздер анын ичинде. Биринчиси кызыл болуп чыкты, баардыгы кызыл эт, саксагай чачтуу; атын Эисап коюшту. Андан кийин, анын бир тууганы, Эисаптын бутуна колу менен илешип чыкты; атын Жакыб деп коюшту.9

 

“Жакыб” дегени “Алдамчы” же “Түртүп чыгарууну” билдирет, күч же көмускө оюндар менен бирөөнүн ордун алуу. Башка Ыйык текст Жакыбдын аты жөнүндө мындай дейт:

 

              ... Сен энеңдин курсагында жатканда эле Кудайдан баш тарткан адам деп аталгансың.10

 

Кыргыз Жакыптын ошондой эле окшош аброю болгон. Мунун куулук мүнөзү абдан өрчүп кеткендиги, небереси Семетейди алдап жана анын башчы болушуна тоскоолдук кылган аракеттеринде, анык көрүнгөн.11  Бай Жакып Семетейдин мыйзамдуу ордун басып алууга аракеттенген.  Ыйык жазууларда Жакыб пайгамбар небересин эмес, өз атасын алдап, бир тууган агасынын ордун басып алат:

 

              Эисап, атасынын айткан сөзүн укканда, боздоп ыйлап жиберди. Анан: “Ата! Мага да батаңды бер” - деди.

              Бирок ал: “биртууганың куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти” - деди.

              Ошондо Эисап: “Ага Жакыб деген ат бекеринен коюлган эмес тура, анткени ол мени эки жолу алдап кетти.  Ал менин тунгучтугумду алды, эми менин батамды да алды” - деди...12

 

Бирөөнүн ордун ээлеп алган, каалаган максатына жетип – аркы дүйнөгө кетээрдин алдында карыган атасынын берген өзгөчө батасын (керезин) агасынан алдап алды. 

 

Керез деген салт азыркыга чейин да кыргыздарда колдонуп келет.

 

Иним сен каяктасын?

Жакып менен Жакыб каармандары бир эле мүнөздөрү менен окшош эмес. Экөөнүн тең тарых-баянын бир сюжеттик сызык менен салыштырса болот.  Булардын тарыхын изилдөөнү, биз алардын үйдөн айдалып кеткенинен баштайбыз: экөө тең мекендерин таштап кетишкенден кийин көп жылдар бою агаларынан ажыратылышкан.

 

“Манас” эпосу боюнча Ороздунун уулдары, анын ичинде Жакып кошо таратылган: “Ошентип, Ороздунун он уулун он тарапка бөлүп куумай болду Алооке.”13  Жакыб пайгамбарды Эисаптан ушундай жол менен бөлүп салышкан.  Апасы Жакыбга мындай деди:

 

“Сенин агаң Эисап сени өлтүргөнү жатат; Эми, уулу, сөзүмдү угуп, ордуңдан тургун да, Харандагы менин бир тууганым Лавандыкына кач. Бир тууганыңдын ачуусу тараганча аныкында бир аз жашай тур.14

 

Жакып менен Жакыбдын баяндары айырмаланат, бирок алардын агаларынан бөлүнүп кетишкендиги, булардын тарыхы кайсы бир учурда бири-бирине дал келгендигин далилдей баштайт.  Бул теорияны төмөндөкүлөр бекемдейт.

 

Бай койчу

              Жакып менен Жакыб экөө тең көчмөндөрдүн бай үйбүлөсүндө туулган, уруу башчыларынын уулдары болгон. Анан экөө тең жакырланат.  Жакыб менен Жакып жалданып иштешет.  Бул эки жарды койчу кайрадан акырындап отуруп укмуштуудай байышат. Төмөндө Жакып менен Жакыбдын ийгилиги сүрөттөлөт:

 

              Санаасы менен болуптур

              Сандыгынын баарысын

              Сары алтын мүлккө толтуруп.

              Байлыгын мүлккө толтуруп

              Короосун чанга жашырып,

              Бай Жакып деп аталып

              Сан кара күтүп эр Жакып

              Төрт түлүгү шай болуп,

              Төрө агаң Жакып бай болуп...15

 

Эми Торатта:

 

Ошентип, Жакыб өтө бай адам болду Анын көптгөн майда малы, жана күңдөрү, кулдары, төөлөру, эшектери болгон.16

 

Бул түп аталарыбыздын мүнөзү жана мүлкү гана окшош болбостон, алардын “жоктон барга” өтүшүнүн башталышы дагы окшош болгон. Жогоруда айтылгандай, алар мекенин колу курук таштап кетишти, анан алар бөтөн жерде байышты, жана жык-жыйма дүйнө менен мекенине кайтышты. Сапарда жүргөн адамга айтылган кыргыз элинин мындай макалы бар “жеңил барып оор кел”.  Жык-жыйма дүйнө менен кайтып жатып Жакыб пайгамбар мындай сыйынды:

 

“О, Атам Ыбрайымдын кудайы жана атам Искакдын кудайы, Теңирим, Сен мага: “Өз жериңе, мекениңе кайт, мен сени колдойм! - дедиң эле.  Сенин Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттүм эле, азыр болсо эки станым бар.17

 

Байыркы кыргыздар Жакыб пайгамбар сыяктуу, азчылыкта кетишип, байып да көбөйүп да келишчү. Кыргыз уруулары кыйратылган, алардын үйлөрү өрттөлгөн, эркектери өлтүрүлгөн, аялдары зордукталган, а малдары айдалып кеткен. Бай Жакып менен бир нече түтүн, Алтайда барымтага алынып кеткен, бир казанды көп үйбүлө бөлүшкөнгө аргасыз болду. Алтайда бай Жакып тез байыды:

 

Кырк үйлүүнүн баарысы

Азып барган бул журттун

Акбалтай, Жакып карысы,

Кырк үйлүү кыргыз баарысы

Кызматка кирди баарысы.

Алтын кенин казышты,

Казып алган алтынды

Дорбого салып катышып,

Керек десе калмакка

Төрт түлүк малга сатышып,

Шамыянын шайлатып,

Кош өгүзүн байлатып,

Жердин жүзүн ачырып,

Уустап тукум чачтырып,

Эгин айдап, жай болуп,

Эсепсиз кыргыз бай болуп… 18.

 

Кыргыздардан Жакып абдан байып, ошондуктан бөтөн жерде бай Жакып аталды.

 

Жалданып Иштейт

Кыргыздар биригип, байыганга чейин, Жакып үйсүз, жарды болуп Чаян аттуу адамдын үйүнө келген, көп жылдар бою жалданып иштеп, оор туйшук тартты.  Бай Жакып бул жылдарды мынтип эскерет:

 

              ...Мусапыр болуп бу башым,

              Чаянга келип таянды.

              Башымды бердим малайга,

              Кызматын кылдым далайга...19

 

Жакыб пайгамбар дагы Лаванга мусапыр (үйсүз) жана жакыр абалында келген. Ал дагы көп жылдар бою жалданып иштеген.  Лавандан эки кызын, жана көп мал алган. Аягында Жакыб пайгамбар өз мекенине качкан. Каарданган Лаван ага жеткенде, Жакыб пайгамбардын жообуна көңүл бурсаңыз:

 

Менин артыман кууп келгидей, айыбым кайсы, кунөөм кайсы?  ... Сага жыйырма жыл иштеп бердим, кой-эчкилериңди бала салган жокмун; корооңдогу койлоруңдан жеген жокмун; жырткычтар жара тарткандарын алып келген эмесмин. Алар менин чыгашам эле.  Күндүздө жоголсо да, түндө жоголсо да, сен менден төлөтүп алып турдуң.   Күндүз ысыктан, түндөсү сууктан жапа чегип кыйналдым, түн уйкумдан калдым.  Менин жыйырма жылым сенин үйүңдө ушинтип өттү...20

 

              Дагы бир жолу жыйынтыктайлы: Жакып менен Жакыб бөтөн жерге эч нерсеси жок качышты анан көп жылдар бою иштешти. Экөө тең, койчулуктун кыйынчылыгын сезишти, бирок акырында “чириген бай” болуп чыгышты. Жогорудагы үзүндүдө көрсөтүлгөндөй Жакыб пайгамбар өзүнүн жумуш берүүчүсүнүн эки кызын аялдыкка алды. Бай Жакыптын дагы эки аялы болгон, бири Жакыпты жалдап иштеткен Чаяндын кызы: “Ал (Жакып) Чаяндын кызы Бакдөөлөтту аялдыкка алды...”21  Жакыбдын дагы, Жакыптын дагы жалданып иштеген адамдары, кийин алардын кайнаталары болуп калды.

 

              Бир жолу Жакыб менен Жакып жетимиши менен жеринен кетишти: бирөө жетимиш адамы менен, бирөө жетимиш түтүнү менен.22  Кээ бир окшошуулар ушунчалык таң калыштуу, бир окуянын тарыхы экинчисинин редакциясы сыяктуу баяндалат, башка муундарга шайкештештирилгендей, башка маданий, географиялык конттекстте жашагандай сезилет. Бул Голливуддун практикасында өтө кенен жайылтылган, ийгиликтүү иштелип чыккан сюжеттин негизинде, бир же бир нече фильмдер тартылат. Мында тартылган фильмдер, албетте ар башка көрүнөт, бирок анын түзүлүшү же диалогдору дайыма дал келет, биринчисинин копиясы сыяктуу.23  Биздин абалыбызда, башкы каармандардын толук аттары да өзгөрүлбөйт. Жакыптын уулу Манас, Жакыбтын уулу Манасийден араң эле айырмаланат.

 

Мекен жана ишеним

Жакыб менен Жакып ыйык адамдар болбосо дагы, алар экөө тең мекендерине кайтканда, динге берилип, Тенирге ишенет. Торатта Жакыб Кудайдан жакшы кабар алат: “Тенир Жакыбга айтты: сен аталарындын жерине өз мекениңе кайткын: Мен сени менен боломун.”24  Жакыб пайгамбар Сириядан өз мекени Ханаанга кайтуу үчүн Кудайга ишенүүгө аргасыз болду. Өз урууларын мекени Нааманга кайра алып келиши үчүн Жакыпка дагы ушундай ишеним керек болду.”

 

көч алдында Жакып бай,

көч артында Акбалтай,

Такыр таштап жыйганды,

Издеп жалгыз ыйманды,

Сан кара малды чачты эми,

Байгамбар ак, диним ак

Калып калды Алтай жак,

Алтайдан көчтү кыпк үйлүү...25

 

Алдамчылык абройлоруна карабай, эки адам тен чын дилден ыйык ишенимдерин сактады, ошондуктан алар эки баянда тен бирдей сыйлыктарды алышкан окшойт.

 

Кудайга курмандык  

Тооратта көптөгөн байыркы пайгамбарлардын баянын чогулткан, жана аны көпчүлүк монотеисттик диндер сыйлашат.  Пайгамбарлар Тооратта Кудайга курмандык чалган адамдар экенин чагылдырылат. Бул көрүнүш кыргыздардын азыркы коомунда дагы байкалат:

 

Анан Жакыб тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоодо түнөп калышты.26

 

Тан калыштуусу, библияда жазылгандай кыргыздар дагы көп учурда, түнү менен, тоодо түлөө өткөрүшөт же майрамдашат.  Бай Жакып дагы Жакыб пайгамбар сыяктуу кудайга курмандык чалган:

 

Бир Кудайга зар айтып,

Бил баштаган нар айтып,

Мойнуна куржун салынып...27

 

Кыргыздардын руху жана дүйнөгө көз карашы Тоораттагы рухий дүйнөгө дал келген сыяктуу тааныштырылат. Кан чыгаруу же курмандык чалуу, бул байыркы элдерге тийиштуу. Пайгамбарлар дагы, кыргыздар дагы көчмөн болгондуктарын унутпашыбыз керек. Кандай болсо дагы бул түз сызыктарды, кыргыздар менен пайгамбар түп аталарыбыздын ортосундагы байланыш үчүн көпүрө катары карашыбыз керек.

 

Аксак Жакып

Жакыб дагы Жакып дагы аксак болушкан. Библядагы текст көрсөтөт:

 

Ал жанбашынан аксап, Пенуэлди өтүп баратканда күн чыкты.28

 

“Манас” эпосунда дагы Жакыптын жаракаты айтылат:

 

Аркасынан жүгүрүп,

Ак сакал болгон Жакып бай

Аксай басып бүгүлүп...29

 

 

Кудай Жакыб пайгамбардын жанбашына тийип койгон үчүн, жанбашы чыгып кеткен, ошондуктан Жакыб аксап калган.

 

Ошентип Жакыб жалгыз калды. Таң атканча Кимдир бирөө менен  алышып чыкты; күрөштө жеңе албасын билип Ал анын жанбашынын кемирчегин кармап зыян келтирди. Анан айтты: бошот Мени, күн чыкты. Жакыб айтты: мага ак бата бермеинче Сени бошотпоймун. Сенин атың ким деди. Ал айтты: Жакыб. Анда тигил айтты: эми сенин атың Жакыб эмес Израил болот, себеби сен Кудай менен күрөштүң, сен адамдарды жеңесиң... Жакыб ошол жердин атын Пенуэл деп атады; мен Кудай менен маңдай - тескей турдум, ал мени менен сүйлөштү, менин жаным сакталып калды. Ал жанбашынан аксап Пенуэлден өтүп бара жатканда күн чыкты. Ошондуктан азыркыга чейин Израелдин балдары жанбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Күрөшкөн зат Жакыбдын жанбашындагы тарамышын кармап койгон.

 

Бул Тоораттагы үзүндүгү “Манас” эпосу менен салыштырганда, кыргыз Жакып Жакыб пайгамбарга окшош, Жакып Теңир менен алышып жаракат алгандыгын, ооругандыгын эскерер:

 

…Кырка турду баарысы,

Жакып баштап карысы.

Кыдырата жанашып,

Кыбылага карашып,

Кол көтөрдү буркурап,

Койдой маарап чуркурап:

“Адмл пааша тагы үчүн,

Кайып эрен бак үчүн,

Карып калган чалдардын

Сакалынын агы үчүн

Бербердигер бир өзүң

Бере көргүн тилегим!

Оң колум ойноор кезинде

Сына көрбө жүрөгүм!

Бакырып ыйлап бай Жакып...32

 

Жакып эмне үчүн колумду сындырба деп кудайдан суранат? Эгерде кыргыз Жакыбы ыйык жазуулардагы Жакыбдан кийинки түшүнүк болсо, анда ушундай дубаны күтсө болмок. Жакыб пайгамбардын буту, Кудай же Кыдырата менен беттешкенден кийин аксады, а Жакып болсо колумду сакта деп суранып жаткан окшойт. Кээ бирөөлөр Жакыптын “Менин оң колум” дегенин, анын уулу “Манас” деп божомолдошот. Мумкун бул эскерүүлөр, башка Жакыб менен тааныш болбогон манасчылардын жакынкы күндөрдөгү өзгөртүүлөрү. Жакыб пайгамбардын жанбашынын азыркы кыргыздар менен башкача, кызыктуу байланышы бар экендигин билдирет. Ыйык жазууларда мындай баяндалат:

 

Ошондуктан азыркыга чейин Израелдин балдары жанбаштын тарамышын жешпейт, анткени Күрөшкөн зат Жакыбдын жанбашындагы тарамышын кармап койгон.

 

              Израелдин балдарындай эле, кыргыздар дагы койдун жанбашындагы тарамышын жешпейт, ал катуу, ошондуктан андан баш тартуу маанилуу десе болот. Бирок кыргыздар аны эч кимге тамак катары беришпейт. Кыргыздар тамак катары көп деген эттүү, майлуу, тарамыштары бар устукандарды, жана ич эттерди конокторго тартышат, чет элдиктерге тамак катары пайдаланууга жарабагандай сезилет, бирок ушул эле учурда, алар эч качан жанбаштын тарамышы менен тартпайт. Кыргыздар Куран окуганда аракты жана бычакты алып коюшат. Алар бычакты белек кылбайт, жана башка кишиге эч качан бычакты мээлебейт. Койдун жанбашындагы тарамышты бычак тийгизбей тиш менен чыгарып алышат.  Эмнегн? Анткени ал Кудайдын колу тийген ыйык бөлөк бекен?

 

Он эки уул жана он эки бөлө

Жакшы көргөн аялы Рахила дагы эки бала Жусуп (Иосиф) менен Бенжаминди төрөгөнгө чейин Библиялык Жакыб он балалуу болгон. Бул эки кичүү балдары Жакыбдын жакшы көргөн балдары болгон окшойт. Библия он улуу балдарын алдамчы, көрө албас, ичи тар бейбаш адам кылып көрсөтөт. “Манас” эпосунда дагы Библиядагы он бейбашка окшош он каарман бар. Жакыптын аялынын эмес, анын алыскы жерде турган эки агасынын он эки баласы болгон.33  Орозду агасы он балалуу болгон, баардыгы тең алдамчы, бейбаш. Орозду менен анын он баласы, Жакыпка өзгөчө жакшы мамиле кылган дагы бир тууган агасы Байдын жанында жашашкан. Байдын эки баласы Бакай жана Тайлак – “кичүү жана жакшы балдар”. Бул тың, жаш балдар атасынын малын карап, түшүмүн жыйнап жардам беришет, бирок эч кандай киреше көрүшпөйт, анткени Ороздунун он бейбаш балдары Байдын тапканын алып коюшат.  Бай төмөнкү кеңиш берди:

 

Эки балам сен болдуң

Эмкектүү карган мен болдум.

Ороздунун он уулу,

Ойло, балам, сен муну

Биздин малды алгандан

Бүткөндүр деймин өз күнү! 34      

 

              Эки баянда тең ушул таң калыштуу үзүндү сакталат. Библиялык текстте Жакыбдын он уулу, Жусупту ушунчалык жек көрүп, жыйынтыгында аны өлтүрөлү деп чечишкени көрсөтүлөт. Акырында Жусупту саталы деген чечимге келишет, анткеин ошол эле учурда акчалай пайда табууну ойлошот. Библиянын кийинки үзүндүсүндө бир курсактан чыккан бир туугандардын ”Экөө онуна каршы” турган кыймылын көрсөтөт:

 

              ... Жусуп өз бир туугандарынын артынан кетип, аларды Дофандан тапты. Алар аны алыстан көрүштү, аларга жакындап келгенге чейин, аны өлтүрүү жолун ойлонушту. Бири - бирине айтышты: мына келе жатат түшкөргүч; жүргүлө өлтүрөлү эми, аны бир орго таштайбыз, анан аны бир жырткыч жеп кетти деп айтабыз; ошондо көрөбүз анын тушунөн эмне чыгаарын...Жусуп өз бир туугандарына келгенде, анын үстүндөгү ар түрдүү түстүү чапанын чечип алышты, анан өзүн орго ташташты;… ошондо алар кербенди көрүштү… Жөөт (Иуда) өзүнүн бир туугандарына айтты: бир тууганыбызды өлтүрүп анын канын бекиткенде эмне пайда? Жүргүлө Ишмайылдыктарга сатабыз, биздин колубуз булганбасын, ал биздин каныбыз жана бир тууганыбыз эмеспи... 35

 

Жакыб пайгамбар баласынын өлгөндүгүн укканда, ал анын “өлумүнө” кайгырды, анан бүт аракетин кичуу иниси Бенжаминди өлүмдөн алып калууга жумшады:

 

Жусуптун он биртууганы Мисирге нан сатып алыш учун келишти, Жусуптун иниси Венжаминди, Жакыб бул бир туугандар менен жөнөткөн жок:

 

“Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз колды.  Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер.”  36

 

Кожо - Кыдыр

Жакып дагы Иаков дагы “Баардыгынан бийик Кудайга” сыйынышат, экөөнү тең Кожо-Кыдыр колдогондугу жогоруда айтылган. Саякбай Каралаевдин айтуусу боюнча киришүү төмөндөгүчө башталат:

 

Түп атасы Түгөл кан

Башкы атасы баары кан

Башынан кыдыр даарыган

Тунөп өтпөс жерине

Түптүү мазар орногон...

 

              Бул баяндоолордо түп аталарды бир гана Кыдыр колдобостон, алардын уктаган жерлери мазарга айландырылат:

 

              Тан эртеде Жакыб туруп, башынын алдына койгон ташты алды, аны эстелик катары койду, үстүнө зайтун майын куйду...37

 

Жакыб ант берип мындай деди:

 

Эгерде Кудай мени баскан жолумда сактап калса, жегениме нан берсе, кийгениме кийим берсе, мен бул дүйнөдө өзүмдүн атамдын үйүнө кайрылсам, жана Теңир мен тарапта болсо, - мен эстелик катары койгон бул таш, Кудайдын үйү болот...38

 

Жакыб пайгамбар уктаган жер Бейтел атту мазар болуп калды. Ошондой эле Жакып сыйынып дуба кылган мазардын касиетине көңүл буруу маанилүү.

 

Мазарды көрсө бай Жакып,

бакырап ыйлап жалынат,

“бербесе Теңир чарам жок... 39 

 

Жакып жана Жакыб жалгыз калуудан коркушат. Бул баяндоолордо алардын Кудайга сыйынышы гана окшош болбостон, андан башка дагы белгилүү таш жана мазарлар, чоң роль ойнойт. Манас жөнүндөгү Энциклопедиядагы “балбал таш” жөнүндөгү макалада, бул таш тирөөчтөр кыргыздардын ишенүүлөрүнүн эң байыркы формасы болуп саналат.40

 

              Эки адам тең муктаждыкты туйду, экөө өздөрүнүн Кудайларына толук ишенбеген. Эгерде алардын дубалары кабыл алынса, экөө тең курмандык чалууга ант беришкен. Экөө тең жалгыз калгысы келбеген. Акырындык менен алардын каалоолору аткарылган. Бул баяндоолордо Кудай алардын тагдырын жеңилдетпеген жана аларды кайгыдан арылтпаган. Ага карабастан Кудай бул адамдар менен сүйлөшкөн. Кудайдын элчилери кандай окшош экендигине көңүл буруңуздар:

 

Башынан буу буркурап,

Жаратканга чыркырап,

Ыйлап турду бай Жакып:

“Уктап турсам түш экен,

Бул Кудайдын кылган иши экен!”

ыргып турса түн экен,

Ошол кезде Жакыпка,

Кадыр түн болор түн экен,

Айтып кеткен ошол жан

Кыдырың өзү экен. 41

 

              Жакыптын түшүндө Кыдыр “уулдуу болосуң” деген жышаан берди.  Окшош тоораттагы каарман-Кудай Жакыб пайгамбарынын түшүнө кирип анын муундары жөнүндө бата айткан:

 

...Мына, анда Теңир турат, жана айтат: мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Исаактын Кудайымын. Сен жаткан жерди, мен сага жана сенин тукумуңа беремин; Сенин укум-тукумуң жердеги кумдай болот; деңизге чейин, чыгышка чейин, тундуккө чейин жана түштүккө чейин тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алышат. Эми мен сени мененмин, сен кайда барбагын баардык жерде сактаймын; сени бул жерге кайра кайрыйм, себеби сага берген сөзүмдү аткармайынча Мен сени таштабаймын.42

 

Эми бул үзүндүнү бай Жакыптын түшү менен кыскача салыштыралы:

Жакып жайында жайлоодо кудайга жалынды, башын ээрдин кашына коюп, түктүү кийим менен жамынып уктап калды. Түшүндө ак сакалчан ыйык адам пайда болду жана айтты:

 

Жакып жайытка келип, кудайга жалынып, ак каңкы ээрин жазданып, кементайын жамынып уктап кетсе, түшүнө ак сакалчан думана кирди: “Кокуй, Жакып, өйдө тур! Бугун уулдуу болосуң. Атын Манас кой. Манасың көк жал шер болот, мелегейи тең болот, Кожосан колдойт, кырк чилтен жөлөйт. Бүгүн кула бээң кулун тууйт, шер уулуң казатка минээр артык тулпар ошол. Балаң он экике чыгып,43 эрезеге жеткиче, ордулуу кыргызга баш болуп кеткиче, уулумдун аты Манас деп бир адамга билгизбе. Манастын аты мындан жети жыл мурда Какандын даңзасына чийилген.”44  Муну айтып, думана көздөн кайым болду.45

 

Кудайдын каарманы эпосто адам катары берилет, бул Кыдыр, Жакып менен сүйлөшөт, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөндөй ыйык жазуулардагы Кудайдын каарманы сыяктуу күрөшөт.

 

              Эки Кудай-адам (ж.б. Кудай болгон адамдын кебетисинде) тең Жакып жана Жакыб менен сүйлөшүп, тукумдуу болууларына сөз берет.

 

Мамре жана Мамыр

Эки көчмөндөрдүн башчылары тен Мамре же Мамыр аттуу жерге убактылуу конушат. Манас эпосунан окуйбуз:

 

Кайта келди элине.

Мамырдын Сары чөлүнө,

Айдың – Көлдүн жээгине,

Бай Жакып конгон жерине

Баары келип калганы.47

 

Библиядан мындай окуйбуз:

 

...Жакыб атасы Исаакка Ыбрайым менен Исаак жашаган Мамрейге, Кирийит Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди. 48

 

Бул эки баяндамада, Мамре жана Мамыр деп – бир эле жер жөнүндө бир эле Жакып жөнүндө айтылып жатышы мүмкүнбү?

 

Торко тон

Чапанды белеке тартуулоо, бул көчмөндөрдүн маданиятында Батышка караганда бийигирээк бааланат. Жакыб дагы, Жакып дагы өздөрүнүн өзгөчө балдарына кийим тартуулаган.

 

Ысрайыл (Жакыб) Жусупту башка уулдарына өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле, - ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди.49

 

Кыргыз эпосу дагы бул жөнүндө айтат, Карыя Жакып дагы баласы Манаска өзгөчө кийим берди:

 

Бизде дүнүйө далай, бала жок,

Өлгөндө көргөн бул бала

Тентегин тыяр чара жок.

Торко тон кылдым кийгизгин... 50 

 

Бул эки “сүймөнчүк бала” тең Жакып менен Жакыбдын карыган кезде көргөн балдары болуп, торко тон алышты.

 

Небересин багып алуу

Кыргыз чоң ата, чоң энелер көбүнчө тун небересин багып алышат, дал ушундай эле Жакыб пайгамбар дагы өзүнүн небереси Манасияны (Манашени) багып алган.51 Таң калыштуусу баланын аты “Жакыб уулу Манасия” “Жакып уулу Манаска” аябай окшошуп турат. Эгерде биз Манасия  уруусунун тарыхы Улуу Жибек Жолунда бүткөндүгүн эстесек, анда бул “окшошуунун” таасири күчөйт, анткени ошол эле аймакта Манас эпосу башталган. 52

 

Жыйынтык

Мындай окшошуулар өзүнчө эле толкундоолорду жаратат, бирок контексттеги ачылыштардын туруктуу сызыктары, элдин аң сезиминдеги терең укмуштуу, табышмактуу дүйнөнү ачат, ыйык китепке чоң маани бербеген эл катары өзүнүн тарыхын чагылдырат. Жакыб менен Жакыптын бир адам болгондугун ачып берүүгө бизде азыр маалымат жетишпейт, а эки адам бир булактан пайда болгону ынанымдуу. Бул жерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде, биз Жакып менен Жакыбдын ортосунда эч кандай байланыш жок деген бир жактуу пикирге келе албайбыз, эгерде эки адам чынында эле бир булактан тараса, демек Эпостон башка дагы каармандарды библядагы аттар менен, сюжеттер менен, мүнөздөр менен салыштырса болот...

 

Ооба,  сулуулар Рабига жана Ребекка менен тааныша турган ынгайлуу учур келди...

 

(уландысы бар)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1 Жакыб пайгамбардын аты англисче “Jacob” деп жазылат, “Джейкоб” деп айтылат.

2 Бытие 28:13, Коран 2:132,133

3 Көпчүлүк библиялык ыйык айтылыштар, Жакыб урууларынын кайрылып келүүсүн даңазалоо, бул теманын айланасындагы диндик берилүү.

4 Бул тема боюнча кийинки маалымат учун “Ыссык-көл” деген бөлүгүнө  же докладына кайрылгыла.

5 Бытие 34:30

6 Каралаев С. Манас –  8084-8097 саптары

7 Каралаев С. Манас - 6945-6955 саптары

8 Бытие 37:34-36 жана 42:36

9 Бытие 25:24-26

10 Пайгамбар Ышайа китеби 48:8

11 Mamai, J. The Kyrgyz People s Historical Epic – MANAS? Told by Jusup Mamai. Urumqi; XingJian People s Pablisher, 1995.-C. 436-437

12 Бытие 27:1-36.

13 Жакыпбек, А. Тенири Манас. – Бишкек: Кыргызстан, 1995.-23 б.

14 Бытие 27:42-45.

15 Каралаев С. Манас, Т.1.-37 б. (2043-2051 саптары)

16 Бытие 30:43

17 Бытие 32:9,10

18 Каралаев С. Манас, Т.1.-С.37 (2019-2033 саптары)

19 Орозбаков С. Манас, Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  350 б. (6250-6253 саптары)

20 Бытие 31:36-42

21 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  216 б.

22 Орозбаков С. Манас. Уолтера Мэдин котормосу. – Бишкек: Раритет, 2004. – Т.. 1. – 1276-1282 саптары. Бытие 46:27

23 “Шоколад” фильми (Chocolate,2005 ж.) “Кадымки эле күмөндүүлөрдөн” (Usual Suspects, 1995 ж.) абдан эле айырмаланып турат, бирок көпчүлүгүндө кадрлык, сценалык кайталоо бар экендигин тыкан изилдоо ачып жатат.

24 Бытие 31:3

25 Каралаев С. Манас – Т.1. (8185-8192 саптары)

26 Бытие 31:54

27 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  216 б. (19,20 саптары)

28   Бытие 32:31,32

29  Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. – 342 б. (571-573 саптары)

30 Бытие 32:24-32. Кыргыз маданият жана легендаларды билгендер, бул Тораттагы үзүндүдө толо таң калыштуу этнографиялык материал бар экендигин билишет.

31 Апостолдордун ыйык иштери 21:24

32 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  20 б. (585-595 саптары)

33 Ашим Жакыпбектин көз карашында бул Жакыптын бир тууган агалары эмес, абалары болот.

34 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  340 б. (5813-5819 саптары)

35 Бытие 37:17-28

36 Бытие 42:38

37 Азыркы күнгө чейин кыргыздар унаага окшогон жаңы буюмдарды майлайт.

38 Бытие 28:18-22.

39 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  217 б. (22-24 саптары). Уолтер Мэйдин котормосу. ЖЧК “Раритет”, 2004 ж. Англис котормосундагы колдонулган термин “мазар таш” (“grave stone”) “мазар” деген, ыйык жер дегенди билдирген, кыргыз сөздүн котормосу болуп саналат. Көрүстонү же “балбал ташы” жок көп ыйык жерлер бар, ошондуктан англис котормосу так эмес болушу мүмкүн. Бирок ага карабай, автор бул котормону колдонот, анткени кыргыздар чын эле көрүстөндүн, балбал таштын алдында жана мазарда сыйынып, Куран окушат.

40 Манас Энциклопедиясы. – т.1. -136 б.

41 Каралаев С. Манас - т.1. (3846-3853  саптары)

42 Бытие 28:12-5.

43 Кээ бир окурмандар бул бетте библиялык аспекттерин байкашат: “Балаң он экике чыгып,43 эрезеге жеткиче, ордулуу кыргызга баш болуп кеткиче, уулумдун аты Манас деп бир адамга билгизбе.” Бул жерде Манас периштенин баласы дагы, Жакыптын баласы дагы болуп турат, так ушундай, Исаны “Эң Жогоркунун баласы” деп атаган жана ошол эле учурда Жусуптун баласы деп эсептелген. Ушул себептен эки баямандаманын тең ар биринде болочок Манас жана Иса каармандарын Теңируул деп аташат.

44 “Какан” деген китеби эмне экенин билбейм.

45 Мамбетакунов, К. Айкол Манас. – Бишкек: Кыргызстан,1995.-13.б.  Жана Каралаев С. Манас – Т.1.-51,52 б.

46 Hewitt, R. “Alisher Navoi s Kydyr-Messiah” 2009

47 Орозбаков С. Манас. Кыргызский героический эпос. – В4 т. – Т. 1./Гл. Ред. А.А. Петросян. – М., чыгыш литература басмасынын башкы редакциясы “Наука”, 1984. –  410 б. (9089-9092 саптары)

48 Бытие 35:27 (белгилөө автор менен кошулган)

49 Бытие 37:2-3

50 Каралаев С. Манас - 64 б.(5442, 5443  саптары)

51 Бытие 48:1-6.

52 1 Паралипоменон 5:23-26

53  Кээ бир советтик окумуштуулары “Теңирди” “Асман” деп которушат. Советтик Союз Эдвард Тейлордун “диндин өнүгүү теориясын” карманган. Бул теориянын колдоочулары, байыркы маданият монархияга чейин өнүкмөйүнчө монотеисттик болууга мумкун эместигин колдошот. Бул колдоочулар Теңир “Кудай” эмес “асман” экендигине ишенгиле дейт. Советтик окумуштуулары менен Батыштык окумуштуулардын ортосундагы эски келишпөөчүлүктөрдү козгогум келбейт, бирок мен ойлойм Советтик союздар учун бул атеисттик көз караш ынгайлуу болгон. Тейлордун теориясы 20 к. Вильгельм Шмиттин 12 томдугундагы “Кудайдын пайда болуу жөнүндөгү түшүнүгү” ”башка жердин монотеизми” жөнүндөгү изилдөөсүнүн негизинде жокко чыгарылган. Коммунизмдин колдоочулары, Шмиттин изилдөөлөрү менен таанышкысы келген эмес. Азыркы учурда СССРдин көп окумуштуулары, байыркы кыргыздар жалгыз жараткан кудайга гана ишенүүлөрү мүмкүн эмес деп далилдешет. Бул окумуштуулар үчүн Теңир бул “Кудай” эмес “асман” деген түшүнүккө ишендирүүдөн башка жол жок.

54 Биринчи жана Экинчи Библиянын Падышалыктар жөнүндөгү китептерин карагыла.

55 Коран. Сура 3:3,4. араб тексти транскрипциясы менен. Д.Н. Богусловскийдин орусча котормосу (1871 ж.) – бишкек, 2004. – 52 б.

56 Айтмаов Ч. Собрание сочинений, 5 т. – 4т. – Бишкек: Шам,1999.-35- б. киришүүсү Жакыпбек А. Тенири Манас.-бишкек.Кыргызстан, 1995.

57 Исход 3:6

58 Бытие 32:28

59 Коран. Сура 2:132. араб тексти транскрипциясы менен. Д.Н. Богусловскийдин орусча котормосу (1871 ж.) – бишкек, 2004. – 20 б. Белги автор менен кошулган.

60 Бытие 26:4.

61 Ыбрайым, Исаак жана Жакыб пайгамбарлары Муса (Моисей) пайгамбар мыйзамдын жыйнагын киргизгиче, жүздөгөн деген жылдар мурда жашашкан. Христиандык динге ишенүү аз дегенде миң жыл кийин пайда болду. Исламдык Шариат андан кийин дагы бир нече кылым өткөндөн кийин пайда болду. Диндер өнүгүштү, бирок кыргыздар азыркыга чейин Торатта жазылган динге окшош динди сактап келишкен.

 

 

 

Тиркеме

 

Атабыздын дини

Бүгүнкү күндүн кыргыздары мусулмандар, бирок мусулмандыка чейин башка дини болгон, ал Теңирчилик деп аталган. Теңирчилик кыйындык менен түшүндүрүлөт. Анда шамандык жана анимисттик элементтер бар. Бирок Теңир бул – Кудайдын же “баардыгынан бийик Жаратуучунун” аты.53  Теңирчилик дини баардыгынан дагы, биздин эрага чейинки 9-8 кылымдарда түндүк Израилдеги сикретикалык религияга окшош болуп калышы мүмкүн, анда асмандагы Кудайга ишенүү менен башка кудайларга дагы башын ийүүсү аралашкан. Ошону менен азыркы Теңирчиликтин коштоочулары монотеисттик динди сакташат. Кыргыз баяндамаларында исламга чейинки калган, жок болуп бара жаткан маалыматтарды, исламдык элементтерден бөлүп түшүнүүсү өтө кыйн, себеби кээ бир азыркы манасчылар байыркы “Тенир” терминди “Аллах” терминине алмаштырып алышкан.

 

Мусулмандык көз караш

Көбү ойлошот, Торатт – бул бир гана иудейлердин жазуусу деп, бирок христиандар дагы, жана мусулмандар дагы көбунчө аны асмандан жиберилген, ыйык китеп катары кабыл алышат. Торат христиндарда Библиянын бир бөлүгү болуп саналат. Мусулмандар болсо Торатты Аллахтын алгачкы китептери же ачылыштары деп эсептейт. Көпчүлүк мусулмандар Торат төрт ыйык китептин бири деп айтышат; буларды адам затына Аллах тартуулаган. Торатка ишенбеген мусулмандарды Куран айыптайт: Мурдагы ыйык жазууларды далилдеген, чындыктын китебин ал сага жөнөттү, дагы Евангелиеге беш китеп жөнөттү. Андан мурда адамдарды жашоого жетектөөчү колдонмо китепти жөнөттү.  

 

Кимде ким, Аллахтын бар экендигине ишенбесе аларды каардуу жаза күтөт55.

 

Чынгыз Айтматов – бул кыргыздын үлгүсү, кыргызча конттекстерде Библиядагы даанышмандыкты пайдаланган.56 Анын кайраттуулугу жана кенен түшүнүгү, аны Кыргызстандын жаңы, зор баатырына айлантты. 

 

Кайра жаралуу

Азыркы учурда библиядагы Иаков диндин улуу аталарынын бири катары калды. Библиядагы Кудай кийинчерээк өзү жөнүндө “Иаковдун Кудайы” деп айтат. 57 Коркоок, зыкым жана арызчыл Иаковду, бийик абройлуу киши болууга эмне түрткү берди? Иаков жаш кезинде Кудайды кабылдабай башка көп деген адамдарга окшош болду беле, динге кайрылган учуру улгайган убагыбы? Же бул даанышмандык асмандан келдиби? Мүмкүн Иаковду саякат жасаган периштелер менен таанышуу өзгөрттүбү?  “Манас” эпосунда кээ бир адамдар (Кыдырдын) ак батасын алышкан деп түшүндүрөт, эгер Кыдыр менен жолугушуу жашыруун болсо, же Кыдыр коомду жашыруун колдосо, анда аны кантип элита билмек. Балким Иаковдун аброю дагы ушундай эле булактан башталат: “...Сен Кудай  жана адам менен күрөштүң, жеңдиң...”58

 

Байыркы библиялык жана кыргыз каармандары бир гана мүнөздөрү, өмүр баяндары, сыйынуулары, курмандык чалуулары, ыйык жерлери жана периштелерге жолугуулары менен окшош эмес. Алардын маданий жактан дагы эң көп окшоштукары бар. өкүнүчтүүсү, бул чакан эмгекте, баардык укмуштуу окшоштуктарды айтып бүтүү кыйын. Бирок бир суроону бериш керек: Эгер кыргыздар иудейлер, христандар жана ислам менен таанышканга чейин Баардыгын жаратуучу Кудайга ишенишсе, анда байыркы монотеисттик ишеничтин булагы кайсы? Куранды бир көз карашта айтып берүүгө руксат этиниз:

 

Авраам жана Иаков (Якоб) өздөрүнүн уулдарына төмөндөгүдөй мурас калтырды: менин балдарым!

 

Аллах силерге дин берди; мусулман болмоюнча өлбөгүлө (так айтканда Кудйдын эркине баш ийип).

 

Куран боюнча түшүндүрсөк, Иаковдун чачылган уруулары, Авраамдын баштаган динин көбүрөөк сактап келмек, аны мындан көп жылдар мурдагы саякат учурунда дагы жоготмок эмес. Библияда жогорудагы Иаковдун анты камтылат:

 

              ...Асмандагы жылдыздай сенин уруктарынды көбөйтөм, ушул жерлерди бүт сенин уруктарына берем; сенин жер үстүндөгү уруктарындын баардыгы колдоодо болсун...60

 

Жаны кыргыздар – этникалык топтун бир бөлүгү, көчмөн түп аталардын динин, өз ишенимдеринде сактап келген.61 Ыйык жерде курмандыка жандык чалуу, ишенүүнүн негизи катары иудаизмдин 10 осуятында, христиндын осуяттарында жана Шариатын мыйзамдарында сакталган. 

 

1


Follow by Email