Tuesday, July 30, 2013

Теңирдин калп айтпаган эли бар болчу

Теңир: «Чындыгында эле, алар Менин элим, чындыгында эле, алар Менин калп айтпаган балдарым», – деди. Ошондуктан Теңир алардын Куткаруучусу болду.  Алардын башына ар кандай кыйынчылык түшкөндө, Теңир аларды таштаган жок, аларды Анын жүзүнүн периштеси куткарып турду. Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды. Аларды байыркы күндөрдөн бери көтөрүп жүрдүм."

"Кыргыздар" Тоораттагылардын көпчүлүгү Биздики дешет




Friday, July 26, 2013

Ыйык кызмат

Мен төмөнкүсүн окуп, Кыргыздардын ыйык кызматы бар экенин эстедим. Силер Теңир-атаңардан четтеп кеткенде Эгедер башчыларыңарды (Акаев менен Бакиевди) ыйык кызматынан жана жайынан ажыратты дейм: 

"Сенин ата-бабаң күнөөгө баткан, сенин арачыларың да Менден четтеп кетишкен. Ошон үчүн Мен ыйык жайдын башчыларын ыйык кызматтан ажыраттым. Жакыпты жок кылам, Ысрайылды шылдыңга калтырам" деди Теңир. (Ышайа пайгамбар)

Кыргызым, ыйык кызматыңарды аягына чейин аткарсаңар жакшы болот дейм. Бул дүйнөдө тынчтык орнотушар керек дейм. Силер өзгүчө элсиңер.  Жараткан силерди өзгүчө кызмат үчүн сактады. Кыргыз болгула. (www.scribd.com/risbek)

Thursday, July 11, 2013

Эң жогорку дил

(Башталыш)

Чыңгыз Айтматов элден коркпой эле Иса тууралуу ачык жазды.  Эл каршы чыкканда агайыбыз мындай жооп берди: 

“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапкым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, `албетте, - Авдий анын изденүүлөрү. 
Албетте, христиан дини Иисус Христостун (Иса Машаяктын) фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос (Иса Машаяк) мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)*

Эмне үчүн бир кыргыз Исаны бир аз эле караса акыркы муундун эң кыйыны болуп калат? Иса кыргыздарга жакынбы же жан-дүйнөсүн жандандырабы?
  
Ооба, миңдеген кыргыз Исанын жолуна түшкөн, бирок алар бөтөн элдин диндерине өтүп, Иса менен бетме-бет байланышпай эле жүрүшөт.  Ортосунда бир жат же папа же молдо же б.у.с. ортомчо калды.  Чыңгыз агай динин сатпай эле кыргыз жан-дүйнөсү аркылуу Иса машаякты издеп, түшүнүп, кыдыр даарыган инсан болуп калды.  

Исанын азапкер болгону агайыбызга өзгөчө маанилүү эле.  Баарыбыз кыйналдык.  Баарыбыздын баштарыбыздан азаптуу күндөр өттү.  Эмне үчүн Исанын “айланайын сен үчүн кагылайын” деген жашоосу өзгөчө таасирлүү бекен?  Эмне үчүн “колу-буту керилип, мыкка кадалган” инсан Чыңгыз агайга да миллиондогон мусулманга да “өтө зор негиз түзүп турат”?  

Оо, кыргыз аалымдары, бар болсоңор мага жооп бербейсиңерби?

Эгер Иса чын эле кыдыр-машаяк болсо анда өзүнүн издерин бир гана динде камтыбайт.  Теңируул чын эле Жараткандан болсо анда анын издери ар бир элде да, ар бир динде да, ар бир тилде да табылыш керек дейм. ““Көк асман” бул дүйнөнүн “калпагы” - деп Орозобек Айтымбет агай жазган.  Калпагыңар машаякты ушунчалык анык көрсөткөндүктөн мен Ак Калпак деген китепчини Иса тууралуу жаздым. Карасаңар, Иса кыргыз коомунун башынын ыйыгы. Андан баш тарткандар накта кыргызчылыктан да баш тарткандары.  Ата-бабаларыңар бозүйдүн түндүгү аркылуу Теңирди карачу дейм. Бозүйдүн түндүгү да машаяктын жогорку экенин көрсөтөт, а тургай бозүйдүн ачылышы башынан аягына чейин Исанын кебетесин көрсөтөт.  Силер андан кача албайсыңар. Кыргыз үйдү сыйлабасаңар үйүңөр кулайт да, жаштарыңар бөтөн элдердин үйлөрүнө барып, ал жактагыларга баш ийип, бөтөндөрдүн баш кийимин кийинип, дилин да кабыл алышат. Кыргызым, андай болбосун.  Байыркы кыргыз руху жашай берсин. 

Тилекке каршы, силер мурдагы жүйүттөр сыяктуу эле Исаны четке каккансыңар. Кыргыздардын арасында бирөө “Иса” десе уккандары “Иии, койку, баптист” деп чочуп кетишет. “Кыдыр да силерге жагымсыз адамдай көрүнүш керек - деп өзүңөр мага айткансыңар.  А, аны жакшы тоскондор - Кыдыр даарыгандар. Кыдыр Иса тууралуу “Кыдыр” деген окуяны да жаздым (www.scribd.com/risbek).  

Мен 1990-жылдарында бул жакка келгенде силер Исага ачыгыраак элеңер. Эрнис Турсунов Курандын кээ бир сүрөөлөрүн которуп, Ала-Тоо Журналда чыгаргандан кийин көпчүлүгүңөр “Иисус биздики эмес болсо да Иса (Ыйса) биздики” дегенсиңер.  Тоорат менен Инжилди да окушубуз керек деп айткансыңар.     Ал маалда силер мечитте эмес же чала молдонун таасири аркылуу окуган жоксуңар.  Жөн эле, өз башыңар менен Куранды окуй баштасаңар “Иса биздики жана Инжилди окуш керек” деген жыйынтыкта болгонсуңар.  Анан чет элдик миссионерлери тэз эле бул жакка келе баштап, кыргыз элинин ойлорун өзгөртүшкөндөн кийин Куранды бөтөн бирөөнүн башы менен окуй баштадыңар да идеологиясын да алдыңар. Кыргыздар чын эле эркин болсо башыңар да эркин болуш керек. 

Исанын кеби дагы азыркы кыргызга тиешелүү дейм. Мисалы, 

Кара күч адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып таппайт. Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да, анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. Кайра барып, өзүнөн ашкан жети жинди ээрчите келет да, кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот” деди Иса. (Инжилден)

Акаев кеткенден кийин Кыргыздын ээсин чакырсаңар болмок.  Тилекке каршы, силер өз милдетиңерди аткарган жоксуңар.  Анан Акаевдикинен жанамыраак жети жин бул жакка кирип ээлей баштады.  Кыргыздардын абалы жаманыраак болуп кетти.  Кудайга шүгүр Жараткан кыйналганыңарды көрүп силерди аяп тигилерден бошотту. Азыркы абалыңарды түшүнүш үчүн накта кыргыз аалымдар керек. Достаевский өзүнүн доорун чечмелегендей силер да өзүңөрдүкүн түшүнгөнгө муктажсыңар.  Бул тууралуу мурда көп жаздым.

Иса да башка олуялар менен жарышпайт. Ал Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.  

Такыбаалар өздөрүнүн пайгамбарларына кайрылсын. Мен болсом, жакшы эмесмин.  Кыдыр-Иса мага окшогон начар кишилердин колдочусу.  Ал адамзаттын таштандысын баалайт.  Мага окшогондор диндин мыйзамдарын аткара албайт.  Бир гана Кыдыр даарыганы аркылуу мээримдүүлүк менен ыймандуулукту таптым. Теңируул мага “айланайын, балакетиңди алайын сен үчүн кагылайын - деген. Ал Курандын Месихи жана кыргыздагы машаяк болсо да төлөөнүн чалынган козусу болуп, балакетимди алгандан кийин аны жамандасам же башкаларга сатсам же християндардики деп эсептесем болбойт. Мен Кыдырды андай танбаймын.

Пайгамбардын даражасы пайгамбардыкы. Кыдыр-машаяктын даражасы башкача.  Исанын ыймандулугу накта кыргыздардын ыймандуулугунө дал келет. Анын дили да көз карашы да накта кыргыздардыкындай. Мисалы, байыркы аталарыңар “таш ыргытканына аш ыргыт” да “өлүп кайра тирил” да “кыздын баласындай таза” деп  “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” да ж.у.с. дегениңер Исага тиешелүү эмеспи? Ал диниңерди сат же өзгөрт деп айткан жок. Ал Кыдыр-машаяк. Ал накта кыргызчылыкты башынан аягына чейин аткарат да толтурат да.  Баарын ушундай аткаргандан кийин аны бөтөн элдики же жат диндики деп четке какканыңар туура эмес дейм. Чет элдиктердин идеологиясы силерди өзүңөрдүкүнөн азгырыптыр. Коранда жазылгандай силер айла-амал менен Исаны четке какдыңар:

Айла кылышты.  Алла да “айла” кылды.  Алла “айлакерирээк”.  Алла айткан бул сөздөрдү эстегин: “Эй Ыйса, албетте, Мен сени өлтүрүүчү жана Өз жаныма көтөрүүчүмүн, жана каапырлардын жамандыгынан кутултуучумун, ошондой эле тээ Кыямат Күнүнө чейин сени ээрчиген заттарды каапырлардан жогору койомун.  Кийин мага кайтасыңар. Анан, Өзүм силер талашып-тартышкан нерселер жөнүндө араңарда өкүм кыламын. (Коран 3:54, 55. Мансур, 1999)

Жараткан болсо силерди шылдыңдап, Исаны кыргыз коомунун туу чогусунда орнотту.  Кудайга шүгүр, Иса четке кагылганда, душмандарына карап Теңири-атасына кайрылып “Ата, буларды кечир. Алар өз кылганын түшүнүшпөйт” деп өзүнүн өзүн кагып өлтүргөнү үчүн сыйынды.  Ал ушунчалык кайрымдуу.  Анын дили эң жогоркусу.  Теңири-ата аны угуптур.  Ошол үчүн Чыңгыз агай да        

“... колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок - деп айтыптыр.

Кыргызым, өзүңөрдүн Кыдырыңардан баш тартпагыла, бактылуу эл болгула, Кудай оңдосун, кыргыздар кайрадан кыдыр даарыган эл болсун.

Ооомийин.

Аманбеттин арбагы менен жана Чыңгыз агайдын добушу менен жана Сарытаздын үлгүсү менен жазган менмин.

Рысбектин (Ричард Хебиттин, Richard Hewitt) чыгармачылыктары:

Кыргыздагы Кудай колунун мөөрү,
Ала-тоодогу Кырк Из,
Ак Калпак,
Боз үй,
Бабалардын ашуусу,
Кыдыр,
жана
Манас - Жоголгону табылды

бул сайтта табылат: www.scribd.com/risbek      

Thursday, July 4, 2013

Кыргызым, акылсыздардын тобуна кошулбагыла!

Кыргызым, акылсыздардын тобуна кошулбагыла!

Жезекиел пайгамбардын колжазмасынан 35 жана 36-чи бап

      1Анан мага Теңирден сөз болду: 
     2«Адам уулу! Жүзүңдү Сеир тоосуна буруп, ага каршы пайгамбарчылык кыл. 
     3Ага айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен сага каршымын, Сеир тоосу! Мен Өз колумду сага каршы сунуп, сени эч ким жашабаган ээн жерге айландырам. 
     4Шаарларыңды урандыга айландырам, сен өзүң да ээн талаага айланасың, ошондо Менин Теңир экенимди билесиң. 
     5Сенде түбөлүк кастык болгондуктан, башына мүшкүл түшкөн убакта, акыркы кыйроо убагында Ысрайыл уулдарын кылычтын колуна берип турдуң. 
     6Ошон үчүн, – Мен тирүүмүн! – дейт Кудай-Теңир, – сени канга айлантам, кан сенин артыңан түшөт. Сен канды жек көрбөгөнүң үчүн, кан сенин артыңан түшөт. 
     7Сеир тоосун эл жашабаган ээн жерге айландырам, ал жакка баргандарды жана ал жактан кайткандарды жок кылам. 
     8Анын тоолорун өзүнүн өлүктөрүнө толтурам. Сенин адырларыңда, өрөөндөрүңдө жана дарыяларыңдын нуктарында кылычтан өлгөндөр кулашат. 
     9Сени түбөлүк чөлгө айлантам, сенин шаарларыңда эч ким жашабайт, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер. 
     10Анткени сен Теңир ошол жерде экенине карабастан, "Бул эки эл да, бул эки жер да меники болот, биз аларды ээлеп алабыз", – деп айттың. 
     11Ошон үчүн Мен тирүүмүн! Мен сага аларды жек көргөнүңө жараша, аларды жек көргөндүктөн, аларга көрсөткөн көрө албастыгыңа жараша кылам, сени жазалагандан кийин, аларга Өзүм келем, – дейт Кудай-Теңир. 
     12Ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер, Мен силердин Ысрайыл тоолорун: "Алар кыйратылды! Бизге жегенге берилди!" – деп табалаганыңардын баарын уктум. 
     13Силер өзүңөрдү Менин алдымда тилиңер менен жогору көтөрдүңөр, Мага каршы сөзүңөрдү көбөйттүңөр. Муну Мен уктум". 
     14Кудай-Теңир мындай дейт: "Бүт жер жүзү кубанып жатканда, Мен сени чөлгө айлантам. 
     15Ысрайыл үйүнүн энчиси кыйратылганына кубанганың үчүн, Мен да сага ошондой кылам: Сеир тоосу, кыйратыласың, бүт Эдом жери да бүт бойдон кыйратылат, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”

36
     1Сен, адам уулу, Ысрайыл тоолоруна пайгамбарчылык кыл: Ысрайыл тоолору! Теңирдин сөзүн уккула. 
     2Кудай-Теңир мындай дейт: “Душман силер жөнүндө: "И-и! И-и! Түбөлүк тоолор биздин энчибизге тийди", – деп жатышат”. 
     3Ошон үчүн пайгамбарчылык кылып айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Силер башка элдердин энчиси болуп калышыңар үчүн, адамдарга жаманатты, ушак болушуңар үчүн, душмандар силерди кыйратып, туш-туштан жеп-жутушту. 
     4Мына ошон үчүн, ошон үчүн гана, Ысрайыл тоолору, Кудай-Теңирдин сөзүнө кулак салгыла”. Тегерек-четтеги башка элдердин шылдыңына калып, олжосуна айланган тоолорго, адырларга, дарыяларга, өрөөндөргө, кыйратылган, таланып-тонолгон, ээн калган шаарларга Кудай-Теңир мындай дейт: 
     5Ошон үчүн Кудай-Теңир мындай дейт: “Менин жеримди өзүнө кубанып энчи кылып алган, аны ичинен жек көрүп, өзүнө олжо кылып алган башка элдерге каршы, бүт Эдомго каршы Мен Өзүмдүн кызганычымдын оту менен сүйлөдүм”. 
     6Ошондуктан Ысрайыл жери жөнүндө пайгамбарчылык кыл, тоолорго жана адырларга, дарыяларга жана өрөөндөргө мындай де: Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен бул сөздү кызганычым менен, Өзүмдүн каарым менен айттым, анткени силер элдердин шылдыңын көтөрүп жатасыңар”. 
     7Ошондуктан Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Өз колумду көтөрүп, тегерегиңердеги элдердин шылдыңы өздөрүнүн башына келет деп ант бердим. 
     8Силер болсо, Ысрайыл тоолору, бутагыңарды жаясыңар, Менин элим Ысрайылга мөмө бересиңер, анткени алар жакында келишет. 
     9Анткени мына, Мен силерге кайрылам, силер иштетилесиңер, силерге үрөн себилет. 
     10Силердин үстүңөргө көп сандаган элди, бүт Ысрайыл үйүн жайгаштырам, шаарларга эл отурукташат, урандылар тургузулат. 
     11Силердин үстүңөрдө адамдарды жана малды көбөйтөм, алар тукумдап көбөйүшөт, силерге мурунку убактагыдай жайгаштырам, силерди мурунку убактагыга караганда көбүрөөк ырайым көрсөтөм, ошондо Менин Теңир экенимди билесиңер. 
     12Силердин үстүңөргө адамдарды, Өзүмдүн элим Ысрайылды алып келем, алар сени ээлешет! Сен алардын мурасы болосуң, мындан ары аларды балдарынан ажыратпайсың”. 
     13Кудай-Теңир мындай дейт: “Сага: "Сен адамдарды жеген, өз элиңди баласыз калтырган жерсиң", – деп айтышканы үчүн, 
     14сен мындан ары адамдарды жебейсиң, мындан ары өз элиңди балдарынан ажыратпайсың, – дейт Кудай-Теңир. 
     15Мындан ары элдерден шылдың укпайсың, мындан ары уруулардан кордук көрбөйсүң, мындан ары өз элиңди мүдүрүлтпөйсүң”», – дейт Кудай-Теңир.
     16Анан мага Теңирден сөз болду: 
     17«Адам уулу! Ысрайыл өз жеринде жашап турганда, ал жерди ал өзүнүн жүрүш-турушу менен, өзүнүн иштери менен булгады. Алардын жолу Менин алдымда аялдын тазаланып жаткан убагындагы таза эместигиндей эле. 
     18Мен аларга Өз каарымды төктүм, анткени алар бул жерге кан төгүштү, бул жерди өздөрүнүн жасалма кудайлары менен булгашты. 
     19Мен аларды элдердин арасына чачып жибердим, Мен аларды жер-жерлерге сапырдым. Мен аларды өздөрүнүн жолдоруна жана иштерине жараша жазаладым. 
     20Алар элдердин арасына барганда, Менин ыйык ысымымды булгашты, анткени алар жөнүндө: “Булар – Теңирдин эли, Анын жеринен чыгышты”, – деп айтып жатышат. 
     21Ошондо Мен Ысрайыл барган жерлердеги элдердин арасында булганган Өзүмдүн ыйык ысымымды аядым. 
     22Ошондуктан Ысрайылга айт: Кудай-Теңир мындай дейт: “Ысрайыл, Мен муну силер үчүн эмес, силер элдердин арасына барганда булгаган Өзүмдүн ыйык ысымым үчүн кылам. 
     23Силер элдердин арасында булгаган, элдердин арасында даңктабаган Өзүмдүн улуу ысымымды ыйык кылам, элдердин көз алдында силерге Өзүмдүн ыйыктыгымды көрсөтөм, ошондо алар Менин Теңир экенимди билишет, – дейт Кудай-Теңир. 
     24Силерди элдердин арасынан алып чыгам, бардык өлкөлөрдөн жыйнайм, силерди өз жериңерге алып келем. 
     25Үстүңөргө таза суу чачам, ошондо силер таза болосуңар, силерди бардык таза эмес нерселериңерден жана бардык жасалма кудайларыңардан тазалайм. 
     26Силерге жаңы жүрөк берем, ичиңерге жаңы рух салам. Силердин денеңерден таш жүрөктү алып салып, эт жүрөк берем. 
     27Силердин ичиңерге Өз рухумду салам, силерди Менин мыйзамдарым менен жүргүдөй, Менин буйруктарымды сактагыдай жана аткаргыдай кылам. 
     28Ошондо Мен силердин ата-бабаларыңарга берген жерде жашайсыңар, Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом. 
     29Силерди бардык таза эмес нерселериңерден бошотом, дан өсүмдүктөрүн чакырам, аларды мол кылам, силерде ачкачылык болбойт. 
     30Бак-дарактардын мөмөлөрүн, талаа өсүмдүктөрүн мол кылам, мындан ары ачкачылыктын айынан элдерге шылдың болбойсуңар. 
     31Ошондо өзүңөрдүн жаман жолдоруңарды, кыянат иштериңерди эсиңерге түшүрөсүңөр, силер өзүңөрдүн мыйзамсыздыгыңар үчүн, ыпылас иштериңер үчүн өзүңөрдөн жийиркенесиңер. 
     32Билип койгула, муну Мен силер үчүн жасабайм, – дейт Кудай-Теңир. – Ысрайыл, өзүңөрдүн жолдоруңардан уялгыла, кызаргыла”. 
     33Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен силерди бардык мыйзамсыздыгыңардан тазалаган күнү шаарларыңарга эл отурукташтырам, урандылар кайра тургузулат. 
     34Нары-бери өткөн адамдын көзүнө чөл болуп көрүнгөн, ээн калган жерлер иштетилет. 
     35Ошондо: "Бул ээн калган жер Эйден багындай болуп калды, бул кыйратылган, ээн калган, таланып-тонолгон шаарлар бекемделди, ага эл отурукташты", – деп айтышат. 
     36Ошондо силердин тегерегиңерде калган элдер Менин уратылганды кайра тургузган, ээн калган жерди элдүү кылган Теңир экенимди билишет. Мен Теңирмин, Мен айтканымды кылам”. 
     37Кудай-Теңир мындай дейт: “Мен Ысрайылга дагы мындай ырайым кылам: анын адамдарын короо-короо койлордой көп кылам. 
     38Майрам убагында Иерусалимде курмандыкка чалынуучу койлор кандай көп болсо, ээн калган шаарларда да эл ошондой көп болот, ошондо Менин Теңир экенимди билишет”»

Wednesday, July 3, 2013

Олжобай Шакир менен маектешүүсү

Кыргызстанга 94-жылдан бери байма-бай келип-кетип жашагандыктан Ричард Хевитт мырза кыргыз тилин түш жоруй турган деңгээлде билет. Жашы 44тө.  Бул жактагы достору аны Ричард эмес, Рысбек дешет. Буга өзү да абдан ыраазы. Ал өзүн Теңирдин кудурети «мени Алатоого ыйык милдет менен алып келди» деп санайт экен. Маек жүрүшүндө анын пикирин толук ачууга аракет жасадык, бирок канчалык деңгээлде – аны окурман журту сынасын. А дегенде кепти Р.Хевитти эң жакындан билген Марс Бусурманкуловго сөз бердим.
МАРС БУСУРМАНКУЛОВ:
– Рысбек байке өлкөбүзгө биринчи жолу келгенден бери таанышпыз. Кесиби – агроном. Өзүңөр билесиңер, Нарында жашылча жемиш  өспөйт, витамин жетишсиз. А муну Рысбек байке адегенде эле сураштырып, эмнеге экенине таңгалыптыр. Атам Бусурманкул Нарында эң кыйын багбандардын бири болгондуктан, климатка карабай помидор, бадыраң өстүргөндөрдүн бири. Ошондон улам бу киши да Америкадан келип, биринчеле биздин босогобузду аттаган. Океандын ары жагынан Нарын климатына ылайык  үрөндөрүн ала келип, жергиликтүүлөргө айылчарбалыкты үйрөтө баштады. Жыйынтык кийинки жылы эле көзгө көрүнүп, эл жапырт бойдон жашылча жемиш өстүргөнгө өттү.
О.Шакир: – Ричард мырза, кесибиң агроном болсо да эмнеден улам кыргыз маданияты менен тарыхына кызыгып калдың? 
– Кесибим зоотехник, бирок бул жакта агроном катары 94-жылы Айылчарба институтунда мугалимдик кесип менен эмгектендим. Көп өтпөй жаштардын билимге болгон ыкшоолугун көрүп, грант негизинде Нарынга барып дыйкандар менен иштешүүнү кааладым. Мен Кыргызстанга келгенге чейин 16 жашыман тарта диний китептерге («Тоорат», «Инжил», “Забур” ж.б…)  кызыгып жүрчүмүн. Өзүм башынан чиркөө же мечитке сыйынган киши эмесмин. Болгону ыйык китептерге  кызыкканым эле болбосо, эчбир динге өкүл эмесмин. Кайс бир динге чокунуп кеткеним жок. Диний китептерге кызыгуум абыдан терең болгону менен Иса пайгамбар сыяктуу адегенде динчилдерге каршы көзкараш тутчумун. Себеби, эчкачан эки жүздүү дин өкүлү болгум келбейт. Бул жакка келгенден тарта кыргыз элинен эмнени байкадым? Улуу пайгамбарлар Ибраим, Нух, Муса, Искак, Жакып сыяктуу турмуш кечирген эл экенсиңер. Себеби, бул пайгамбарлардын бардыгы чабан болуп, алачыкта жашаган. Жана Чыгыш тарапка сыйынып, мазарларга барып курмандык чалган. Анан силерде кудай конок, кыдыр даарып деген түшүнүктөр бар. Салт-санааңар да ыйык пайгамбарлардыкы сыяктуу. Ушундан улам ыйык жазууларга турмушуңарды көбүрөк салыштыра баштадым. Жогоруда айтылган пайгамбарлар турмушун мурдагыдан терең окууга өттүм. Бир сапар Долон ашуусунан бейтааныш адамдын бозүйүнөн кымыз ичип калсам, кожоюн «Манас» эпосу жөнүндө айтып калды. «Манастын атасы ким, билесиңби?» дегенинен, «Жок, билбейм» дедим. Анан ал «Жакып» дебеспи. Мен мындайды күткөн эмесмин. Эсиме шак эле Жакып пайгамбар келди. Кийин үйүмө барганда (Бишкекке) «Тооратты» дагы бир сыйра окусам, Жакып пайгамбардын он биринчи баласы – Жусуп, Жусуптун тун баласы Манасе, (биздин англис тилинде ушундай окулат. Р.Х.) а Ыйык китепте Манасенин атасы Жусуп, Жусуптун атасы Жакып деп жазылат. Демек, ыйык китептерде жазылгандан бираз эле айырмасы – Манас Жакыптын уулу. Кыргызда бирок Манасе эмес, Манас. А «Тооратта» Манасе мындан 3, 5 миң жыл мурун жашап өткөн чоң элдин атасы. 2700 жыл мурун анын тукуму теңирден тескери кеткендиктен – Теңир ачууланып, Ашуур падыша аларга каршы күч жиберип, туш-тушка тараткан деп жазылат ыйык китептерде. Кийин Манастын уулу Чыгыш тарапта (Иран же Самаркантта. Р.Х.) туткундалган. Ушул жерден эскерте кетейин, бул боюнча кийин абыдан катуу талаштар болушу мүмкүн.
 Ричард, сөзүңө аралжы, сен жөөттөрдүн тукумунан эмессиңби? Болбосо, сага Манасты изилдегендин эмне анчалык кызыгы бар? 
– Голливудга жакын чоңойгонум менен еврей эмесмин. Албетте, еврей досторум толтура. Алардын көп эле майрамдарына катышчумун, бирок алар мени каапыр деп эсептегендей бу жакта силердин араңардагы каапырмын.
– Жеке мени Кыргызстанга келип элибиздин каада-салт, маданият, тарыхына кызыгып жүргөнүң чочулатат. Ошондуктан сени менен көптөн бери маектешүүгө кызыктым эле. Себеби, бүгүн өлкөбүздү көшөгө артынан башкаргысы келген сырткы күчтөр жок эмес. Эгер андай эле илимдеги улуу жолду тандап Алатоо жергесине келген болсоң, ымандай сырыңды төк. Албетте, башкы максатың эмнеде экенин убакыт көрсөтөр, ага чейин мен да сенин илимиңе толук аралашууга макулсуңбу? 
– Макулмун. Албетте, сен экөөбүз бирибизге-бирибиз көмөктөшсөк, жакшы болбойбу.  Эгер мен байып кетүүнү көздөсөм, өзүм жыйнаган бул маалыматтарды силерге эмес, еврейлерге же христиандарга эбак карматмакмын же бир китеп чыгармакмын. Ал китеп еврейлер арасында тез эле сатылмак. Еврейлер азыр Жусуптун урууларын издеп жүргөндүр. Бирок мен жыйнаган маалыматтар байлык үчүн эмес, жеке өзүмө анан силерге керек. Өзүңөр бирок ыйык жазуулардагы улуу кыргыз эли жөнүндөгү маалыматтарды четке кагып келатасыңар. Силер өзүңөрдү өзүңөр баалабаган эл экениңерди туйдум. Ал эми мага окшоп кызыккандарга же баптист, же еврей деп чочулоо менен карайсыңар. Силер мусулман эл катары Аллахка, анын арбир сөзү менен пайгамбарларына, анан периштелерге, о.э. кыямат күнгө  ишенебиз дейсиңер, туурабы? Бирок толук аткарбаганыңарга абыдан таңгалам.
– Эгер сен элибиздин тарыхынан терең маалымат  алган болсоң,  кыргыз негизи түпкүлүгүндө мусулман  элдеринен эмес.– Туура.
– Кыргыз өзү оома калк экенин байкадыңбы? 
– Ооба…
– Демек, башын айландырса болот деп жүрбө?
– Менде андай жаман ой жок… Мен эчкимди башка динге тартпайм, максатым – кыргыздар байыркы бабаларын тереңден тааныса дейм. Даа бир нерсе: Бул ыйык китепте Жакып турат, Манас турат. Арийне, Жусуп пайгамбардын тукуму кайдан экенин билбейсиңер. – «Тоораттагы» Жакып уулу Манасе кайда? – деп силерден сурагым келет…
18 жылдан бери өз эгемендигибизге жеттик деп жүрөсүңөр, бирок  ушуга чейин «Манас» эпосун баалабай келатканыңарга түшүнбөйм. Силер «Манасты» эпос жана жомок катары санайсыңар. Бирок анда терең илимдин да негизи жатат. Өзүмдүн ушуга чейинки көзкарашымда: кыргыздарды пайгамбар элдин тукуму деп эсептейм. Мен өзүм Кудайга ишенем, бирок эчбир динди тутпаймын. Ошентсе да бардык диндерди сыйлайм.
 Мынабул турган китепти кыргыз тилинде түшүндүрө кетчи. 
– «Жоголгон он уруу» аттуу бу китепте Жакыптын он уруусу болуп, бирок ону тең жоголуп кеткени жазылган. Ушул он уруу Жусуп пайгамбарга камтылат, а калган экөө жөөттөргө.
 Ричард мырза, бул китептеги маалымат боюнча кийин өзүнчө маек куралы.  Азырынча, китептеги негизги мааниге токтоло кетсең.
– Жусуптун, Манасенин, Ибраимдин тукумдары кайра Теңирге кайтып келиши керек. Келгенден кийин Машаяк келет деген ишеним бар еврейлерде.
Жусуп пайгамбардын жоголгон урууларын бүгүнкүгө чейин издеп жүргөндөр бар. Бул боюнча Индияга барсам, жапондуктар дагы Израиль тараптан таралганбыз деп жаза баштады.  Мына ошолордун бири мынабул жазуучу Арымасул Кубо. Бу киши менен азыр тыгыз байланыштамын, өзү мыкты илимпоз.
– Биздин түбүбүздү эмнеден улам Израиль, Индияга байланыштырып жүрөсүң? 
– Тибеттен ары Индияда Бормандын чегарасында куки  деген эл жашайт. Алар өздөрүн Манасенин тукумдарынанбыз же Бакайдын балдарыбыз деп санайт. Алардын аксакалы Доктор Коплин менен үч күнү сүйлөшсөм, «биздин Манас Жусуптун баласы. Биз да пайгамбар тукумунан болушубуз керек» дейт. О.э. бул аксакал улам-улам «Бакай, Бакай» дегенинен «Бакай ким?» десем, «Аксакалдарыбыздын эң жогорку сыйлуусу же Теңир» дейт. Аларда бул боюнча санжыра, уламыштар, ырым-жырымдар сыйынуулар да бар болуп чыкты. Аксакал: «илгери душмандарыбыздан качып, чоң Кызыл-Суудан өткөнбүз» дейт. А Муса пайгамбардын «Тооратында» Кызыл-Деңиз деп айтылат. Ж.б.у.с. да уламыштар бар.
– Ричард мырза, учурда Кыргызстан жарандыгын алалбай жүрөсүң, анын сага эмне кереги бар? Же чындап эле түбөлүккө кыргызстандык болуп калууну чечтиңби? 
– Ооба, мен Америкада жашаган атамдан бул боюнча макулдугу менен батасын алып, биротоло Алатоодо калууну чечтим. Бирок баары Жараткандын эрки менен эмеспи, тагдыр жазганын көрөбүз да…
– Атаң канча жашта? 
– Туура 80ге чыкса да, демдүү-күчтүү. Авто-унаасын өзү айдайт.
 Кандай күч сени Кыргызстанга тартып турат? 
– Теңир мени ушул жакка чакырып туруп алды. Калифорнияга анда-санда албетте барып турармын. Эмнегедир эле ой-мүдөөм Америкага караганда бул жакка көбүрөөк жакындай туюлат. Албетте, Калифорнияда Кыргызтанга караганда жыргалчылык. Эли бакубат жашоого жетип, мени менен чогуу өскөн досторум абыдан эле күтүрөгөн байлыкка ээ болсо да мени бул жактын жашоосу канааттандырат. Тескерисинче, мен Кыргызстандан өтө зор байлыкка жеттим. Алар менин досторум, тааныштарым жана өзүмдү кызыктырган маалыматтар. Тилиңерди үйрөнгөнүм – менин рух байлыгым болду.
– Өзүңдүн үйбүлөң кайда азыр? 
– Бу жакта. Кыргызстан мага эле эмес, үйбүлөмө жаккандыктан орун-очок алып калдык.
– Учурдагы кыргыз элинин башкы кемчилиги эмнеде деп ойлойсуң?
– Кыргыздар мурунку күнөөлөрүн моюнга алып, улут катары өзүн таанып жашашы керек деп ойлойм. Мунүчүн кыргыз эли байыркы бабалардын Теңир жолуна кайтышы керек. Силер азыр көрүнгөн элди ээрчип, адашкан жолдогу улут сыяктуу туюласыңар мага.
– Кыргыздын байыркы дини теңирчилик дегендерге кошуласыңбы? 
 Менин көзкарашымда силердин диниңер жаңы эмес, эң байыркы. Бирок ошол өз түшүнүгүңөрдөн алыстап кеткенсиңер. Мен Теңирге сыйынгандыктан Теңирчиликке жакынмын, бирок ага караганда кыргыз ата-бабалардын байыркы ишенимдери мени өзүнө көбүрөк тартат. Себеби, Теңирчилик азыр жаңыдан өсө баштагандыктан аркандай багытта өнүгүшү мүмкүн. Эгер ал бул тарапка өссө, мен аны менен макулмун. Тигил тарапка (азыркы америкалык индеецтердикиндей) багыт алса, мен ага кошулалбайм. Бул тарапка дегеним, кыргыз ата-бабаларынын байыркы ишенимдери. Албетте, биздин динибиз Теңирчилик деп дароо көтөрүп чыгуу кыйынга турат. Аркандай диний кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой болсо да, мындан көп чочулабаганыңар оң. Андай диний карама-каршылыктардан качыш үчүн кыргыз эли Теңирчилик боюнча жалпы бир түшүнүккө келиши керек. Кыргыз өз динине кайтуу менен – өзүнүн байыркылыгын тааныйт. Менимче, силердин улут өзүн-өзү таануудан чочулай турган жерде эмес.
Бозүйдөгүлөр өз динин сатпасын Теңир тоодогулар өз дилин сактасын – деген ой “Бозүй” китебимде жазылып турат.
– Илимий далилдериңдин баарын ыйык китептерден алыпсың, бирок «Манас» эпосунун өзүндө ошол чаар китептеги далилдерге шайкеш мисалдарың барбы? 
– Толтура. Санап отурсаң, түгөнбөйт. Мен бул боюнча өзүмдүн салыштырууларымды өз колуңа бердим, аны гезитиңдин кийинки санында жалпы окурмандарга тааныштырып көр. Менимче, эчбир кургак далил болбойт деп ойлойм.
 Ооба, өзүбүздүн Манас илимин изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, сенин эмгегиңде таптакыр жаңы маалыматтар толтура үчүн табылгаларың айрым кыргыздарды ыраазы кылып, айрымдарына чоң кубаныч болууда.
– Мен дайыма айтып келем, ыйык жазуулардагы Манас боюнча маалыматтарды калпып алып, ага терең илимдин көзкарашы менен мамиле жасалыш керек. Себеби, мынчалык дал келүүлөр кокусунан эмес. Манас боюнча буга чейин жеткиликтүү изилдөө жүргүзбөгөнүңөрдүн бир жагы – ыйык китептерге терең  үңүлгөн эмессиңер. Мага чейин дагы бирөө четтен келип, сиздерге бир сырдуу китепти ачты.
– Ким? 
– Алманбет.
– Ричард мырза, чынында буга чейин Манас илимин «изилдеп» академик, доктор, профессор болгондор толтура. Бирок алардын бири да сен көргөн булактын көзүн ачышкан эмес. А түгүл Манасты жараткан Сагынбай, Саякбайга мамлекеттик наамы бар илимпоздорго жасалган сый да буюрбады. Өзүң байкагандырсың, ушуга чейин бул эки залкардын ысымы коюлган маданий жай же укмуштуу эстелик да жок. Манастын урпагы кыргыз тилине зор эмгек кылган Юдахиндин кадырына жетпегендей эле кыргыз эми сенин да кадырыңа жетпейбиз. Тескерисинче, Манасты мынча терең изилдегениңдин «акысына» жемесине деле кабылышың мүмкүн. Мунун баарына дайырсыңбы? 
– Чубактын Алманбетке кылган кылыгындайбы? Даярмын. Чубак өзү баатыр болгон. Түпкүлүгүндө чыныгы адептүү элсиңер. Андыктан, кайра артка кылчактабай, өмүрүмдү Манастын урпактары байыркы пайгамбар тукумунан экенин далилдөөгө арнагым келет. Болгону силердин эл руханий тумандын алдында турат, ошондон тезирек чыгышыңар керек. Себеби, учурда силердин өлкөңөргө сырттан келген каршылыктар, тоскоолдуктар толтура. Өз мүмкүнчүлүгүңөрдү, өз кадырыңарды сезбей-билбей жашап атасыңар. Өзүңөрдүн улуу эл экениңерди баалабай, тереңдеги тамырыңар турса, ошону өстүралбай, кыркып аткандай туюласыңар.
 Илим изилдөөдө чөнтөктө акчаң болушу керек. Өзгөчө, биздин шартта. Ал эми сен Манасты изилдөөдө Израиль, Индия, Тибетке чейин барыпсың. Бирок ошол сапарга корогон чыгымдар кайсы тараптын эсебинен болуп жүрөт? 
– Мен Тибетке эмес, анын ары жагындагы “Манас” паркына бардым. Чынында мен биринчи жолу Индияга барганда, чөнтөгүмдө акча түгөнгөн. Бирок ал жактан кудай жалгап, ойго келбеген жерден бир таанышыма жолугуп калдым. Таанышым мейманга чакырып, барсам, үйү толо конок экен. Алар менден Кыргызстан жөнүндө кызыктуу ойлоруңду бөлүшпөйсүңбү деп, мен өз баянымды баштадым. Индиялыктарга менин силер тууралуу айткандарым кызык болду. Сөзүм аяктагандан кийин алардын ичинен экөө мага 500 АКШ долларын белекке берерин күткөн эмесмин. Себеби, өзүңөр билесиңер: индиялыктарга караганда мендей америкалыктар өздөрүн материалдык жактан бай деп эсептейбиз. А индиялыктар рухий нерселерге берилген эл. Көрдүңбү, ошонтип Теңир буйругунан болдубу, айтор, алардын 500 доллары менен Индиянын Борман чегарасындагы Бакай бабанын балдарыбыз деген Куки уруусуна жетүүгө мүмкүнчүлүк таптым.
– Теңирдин буйругу дегениң кызык экен… 
– Албетте, муну Теңирдин буйругу деп санайм. Анткени, өз ата-энем анчалык бай да, кедей да үйбүлөдөн эмес. Өздөрүнүн жашоосу өздөрүнө жетет. Алар илимдеги максатымды түшүнүп, мен төрөлгөндөгү чоң атам, чоң энемден берки мага деп сактаган байлыктарын акцияга коюп сатышты да, болгон акчаны колума карматышкан. Мен ошол акчаларды бул жакта жашагандан баштап, четинен коротуп бүттүм. Бирок кыргызда кудай деген кул өлбөйт демекчи, буюрса, баары болот деген үмүтүм бар. Кыргызстанга келгенден бери деле ырыскым кемий элек, демек, мунун баарын Теңирден го…
 Ричард, кызыктуу маекти дагы улаарбыз. Азырынча өзүң сүйгөн кыргыз элине Жаңы Жылдык каалооң кандай? 
– Силер адашкан улут сыяктуу сезилесиңер дебедимби. Ошондуктан силерге кааларым – Теңир атаңар менен элдешип,кыргыз башка элдердин аягы эмес, эң башкысы болушу керек. Силер ошол башатыңарга жетүүңөрдү каалайм.
– Сенин жашоо образың чынындале таза кыргыздардыкындай болуп калыптыр. Биздин элдин дайыма кудайдын буюрганын көрөбүз деп күн кечиргенине көнүп алган окшойсуң? 
– Ооба, ооба. Кудайдын буюрганы баарыбызга бирдей экенине көзүм жетти. Эң кызыгы, мен бул жакка келгенде, эмнеге таңгалдым, – колунда беш коюнан башка эчнерсеси жок кыргыздын үйүндө конок болгондо. Ал бечара «кудай коноксуң» деп бир коюн мага арнап соем дегенине көнбөдүм эле, болбой мууздашты. Мен ушунчалык ыңгайсыздандым. Анткени беш коюнун бири союлуп атса, демек, байлыгынын 20%ы мага короп атпайбы. Ошондон кийин мен да бу дүйнөгө кыргызчасынан карап, баарын кудайдын буюрганынан дегенге өттүм. Албетте, мен ушундай окуяларды мурунку пайгамбарлардын баяндарынан окудум. Эми, ошол Кыргызстанда байыркы олуялардын кагазга жазылган турмушу – тирүү спектаклдей болуп калды. А мен аны сырттан тиктеп отурган көрүүчүдөй эмес, өзүмдү каармандардын бириндей сезип турам.
– Сени жакындан билгендер этти өкүртө жейт деп жүрүшөт, чынбы? 
– Эт жеп, кымыз ичкенди жакшы эле үйрөндүм. Эң биринчи жолу кыргыздын үйүндө мейман болгондогум кызык… Кечки саат 5ке чакырышканынан, курсагымды камдап келсем, козуну ошондо араң союшту. Көрсө, малды мейман босогону аттагандан кийин соет турбайсыңарбы. Ошо менен эт бышканга чейин курсагым курулдаганынан жарма, нан, салат, вареньесин аралаштырып жей бердим. Бир убакта мантысы келди, а курсакта орун жок, бирок уятыман араңдан зорго анысынан да жедим. Манты жыйналары менен алдыбызга бешбармак тартылды. Көрүп ал анан, жебейм дегениме көнүшпөй, түнкү саат экиге чейин сыйлашты. Жедим. Эртең менен да саат 6да түндө калган этти жалмап, ошентип Муса пайгамбар сыяктуу бир түндө бир козуну жегенибиз мага таңгалыштуу болду.
 Сен азыр бу жакта батирде жашайсыңбы? 
– Жок, кудайга шүгүр, сатып алган үйүм бар. Бирок кабат үйдө жашагым келбей, аны сатып, жер үй алсамбы деп турам.
– Кыргызча оокат кылайын деген экенсиң да… 
– Ооба, күндүн ырыскысын алыш үчүн бираз эртерээк турушум гана керек го.
 Соң-Көлдө малың бар деп да угам. 
– Бираз малым бар. Кечээ байкем суранып, бодо малымдын бирин карызга алды.
– Сен анда нак эле кыргыз болуп калыпсың. 
– Буюрса. Бирок мурдатан калыптанып калган бир эле каапырчылыгым бар.
 Мени орус же америкалыктар Олег же Огюст деп чакырганын каалабас элем.  Ата-энең азан чакырып койгон Ричард деген атыңды кыргыздар Рысбек деп буруп алганына нааразы эмессиңби? 
– Эмнеге нааразы болом. Муну да Теңир буйругу деп эсептейм. Сени деле менимче, ата-энең, досторуң Олжоке же Олтай деп эркелетер, туурабы… Эпосто силер Санирабигага Каныкей деген ат бергенсиңер да.Ошол сыяктуу эле кыргыз досторум мени Рысбек деп эркелеткенин сыймык катары кабыл алгам. Сөздүн маанисин деле карасаң, – ЫРЫСбек…