Monday, January 28, 2013

Таш ыргытса, аш ыргыт

  Душманың ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр. (Ыйык жазуулардан)

Saturday, January 12, 2013

Эсенкул Төрөкан уулунун Санжырасы (Иссык Көлдөн)

Кыргызым, 
Тегин билбеген бала кул болот.
Тамырын билбеген кыз куң болот.
"Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең,
ата-энеңди сыйла" деп Тооратта жазылган.

Кыргыздар өзүнүн аталарын сыйласын. 

Monday, January 7, 2013

Ички дүйнөм толгон мээрими
Сенден Эгедерим
Жакшы көргөн кыргыз эли
Сенден Эгедерим

Sunday, January 6, 2013

Аалам жаратылган убактан тартып эле Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — анын түбөлүк кудурети менен кудайлык табияты ачык эле көрүнүп турат. Аларды Кудай жараткан нерселерден аныктап алса болот. Ошондуктан адамдар “билбедик, көрбөдүк” деп актанууга шылтоолору жок. Алар Кудайды билишет, бирок татыктуу урмат-сый көрсөтүшпөйт, рахмат айтышпайт. Анын ордуна ой-санааларын толугу менен жарактан чыгарышып, көкүрөктөгү көздөрүн караңгылыкка бастырып, карайлапкалышкан. Алар өздөрүн акылдуубуз дешет, бирок чындыгында наадандар. Түбөлүктүү Кудайга табынуунун ордуна өлө турган пенденин, ит-куштун эстеликтерине кызмат кылышат..





... деп, Жазылыптыр бул китеп.

Кыргызым, байыркы заамандын эң атактуу даанышмандан кеп алсаңар жакшы болот.


СУЛАЙМАНДЫН НУСКАЛАРЫ

Адамдар акыл үйрөнүп,
Макалга түшүнүшсүн деп, 
Накыл сөз менен нусканын,
Төркүнүн дилге илсин деп,
Адал өмүр сүрүүнүн,
Адилеттүү жашоонун,
Кара кылды как жарган
Калыстык менен соттоонун,
Жолун билип алсын деп,
Жазылыптыр бул китеп.






Wednesday, January 2, 2013

Байыркы олуя-данышмандардын акылы


Кыргызым, байыркы олуя-данышмандардын акылын четке каксаңар келечектеги акылыңар негизсиз болот. "Ыйык Дем бизге чыныгы өмүрдү берди, ошондуктан биз анын жетегинде жашашыбыз керек. Керт-башыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, өзүбүзгө курулай даңкты издебейли, бири-бирибиздин кыжырыбызга тийбейли, бири-бирибизге көз артпайлы!" деген кеп өзүңөргө тыйуу салынган китепте.