Monday, March 7, 2016

Супергеролордун негиги

Супергеролордун негиги - Машаяк. Дагы эч ким бөлөнгөн диндерибизди бириктире албайт.

Wednesday, January 27, 2016

Кыргыз тарыхынан бекен?


24
Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен күрөштү
25Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен күрөшүп жатканда, жамбаш муунуна тийип, мертинтип койду. 26Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди27Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди. 28Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың»29Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди30Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерге Пенуел деген ат койду31Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты32Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Күрөшүүчү Жакыптын жамбаш тарамышына тийип мертинтип койгон. 
Кыргыз тарыхынан алынган окуя десек болобу?

Wednesday, January 20, 2016

Ар бир Кыргыз

Ар бир кыргыз Жараткандын ыйык китептерин окусун дейм. 

Monday, October 5, 2015

Өз мурасыңдын уруулары

"Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат. Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу». Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел. Өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти. Биз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык."

Sunday, September 27, 2015

Ыраазымын

Кыргыз эли менен чогу жашаганыма абдан ыраазымын. 

Saturday, August 8, 2015

Акылмандык - Сулаймандын Накыл Сөздөрүнөн

1Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Акыл үнүн бийик чыгарып жаткан жокпу
2Ал бийик жерлерге, жолдорго, жол тоомдоруна туруп алып чакырып жатат
3Ал шаардын дарбазасынын жанына, шаардын кире беришине туруп алып чакырып жатат:
4«Адамдар, мен силерге чакырык салып жатам. Менин үнүм адам баласына!
5Эси жоктор, эстүү болгула, акылы жоктор, акылдуу болгула!
6Уккула, анткени мен маанилүү сөз айтам, менин оозумдан чыккан сөз чындык
7Анткени менин тилим чындыкты сүйлөйт, жаман сөздөрдү сүйлөгөндөн оозум жийиркенет
8Менин оозумдан чыккан сөздүн бардыгы адилет, анда жалган да, анткорлук да жок
9Булардын бардыгы акылдуулар үчүн айкын, билимге ээ болгондор үчүн адилет
10Күмүштү эмес, менин окутуумду кабыл алгыла, тандамал алтындан билим артык
11Анткени акылмандык берметтен артык, ага адам каалаган нерселердин эч бири тең келбейт
12Мен, акылмандык, акыл менен чогуу жашайм, туура билимди издейм
13Теңирден коркуу – жамандыкты жек көрүү. Текебердикти, менменсингендикти, кыянат жолду, жалган оозду мен жек көрөм
14Менде кеңеш менен чындык бар; мен акылмын, менде күч бар
15Падышалар менин жардамым менен бийлик кылышат, өкүмдарлар менин жардамым менен чындыктын негизинде мыйзам чыгарышат
16Башчылар да, төрөлөр да, жер жүзүндөгү башкаруучулар да менин жардамым менен башкарышат. 
17Мени сүйгөндөрдү мен да сүйөм, мени издегендер мени табышат
18Байлык да, даңк да, жок болбой турган казына да, чындык да менде
19Менин жемишим алтындан, эң таза алтындан артык, тандамал күмүшкө караганда, менден пайда көп
20Мен чындыктын жолу менен, адилеттиктин жолу менен жүрөм. 
21Мени сүйгөндөрдү чыныгы байлыкка жеткирем, алардын казыналарын толтурам. 
22Теңир мени Өзүнүн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан
23Мен кылымдар мурун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам
24Мен түпсүз туңгуюктар жарала электе эле, суусу мол булактар жарала электе эле төрөлгөм
25Мен тоолор орнотула электе эле, адырлар жаратыла электе эле төрөлгөм
26Теңир жерди да, талааларды да, ааламдын алгачкы чаңчаларын да жарата электе эле төрөлгөм. 
27Теңир асманды даярдай баштаганда, мен ошол жерде болчумун. Ал түпсүз туңгуюктардын үстүнөн тегерете сызык жүргүзүп жатканда,
28асманга булуттарды орнотуп жатканда, түпсүз туңгуюк булактарын бекемдеп жатканда,
29суулар чегинен ашып кетпесин деп, деңизге мыйзам берип жатканда, жердин негизин орнотуп жатканда,
30мен Анын жанында сүрөтчү болчумун. Ар күнү Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым кубанып турчумун
31Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон
32Ошентип, балдарым, мени уккула. Менин жолумду сактагандар бактылуу!
33Акыл-насааттарды угуп, акылдуу болгула, четке какпагыла
34Ар күнү менин дарбазамдын жанында сергек болуп, эшигимдин алдында сакчылыкта туруп, мени уккан адам бактылуу!
35Анткени мени тапкан адам өмүрдү тапты, ал Теңирден ырайым табат
36Ал эми мага каршы күнөө кылган адам өз жанына зыян келтирет, мени жек көргөндөрдүн бардыгы өлүмдү жакшы көрүшөт»

Friday, August 7, 2015

Mystery of the Shmitah (Shemitah) by Jonathan Cahn

Jonathan Cahn's book about the Shmitah has caught and held my attention for the last several months. We'll see soon enough if this is milking our human fears or latching on to a divine pattern. I'm guessing Cahn has found a pattern that will hold true.

http://www.amazon.com/dp/1629981931/?tag=mh0b-20&hvadid=7009480758&hvqmt=e&hvbmt=be&hvdev=c&ref=pd_sl_7y7mu8ev6t_e

(Update) I find it interesting that Trump entered the presidential race at the time of this Shmitah that Jonathan Cahn predicted would be a game changer.