Sunday, December 30, 2012

элдешүүгө умтулгандай


Айкөл Манас өзүнө каршы чыккан алты кан менен 
элдешүүгө умтулгандай
Теңир да силерди кечирип, 
Өзүнө кабыл алсын.

Saturday, December 29, 2012

Теңир тоодо тургандар

Теңир, ким сенин турагыңда жашай алат?
Ким сенин ыйык тооңдо тура алат?
Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылбаган,
жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн,
ушак айтпаган, жакынына кыянаттык кылбаган,
өз жакынын жамандаганды укпаган,
Кудайдан баш тартканды жек көргөн,
ал эми Кудайдан корккондорду сыйлаган,
зыян тартып каларына карабай,
берген антынан танбаган,
кумуш дилдесин үстөккө бербеген,
айыпсызга каршы пара жебеген адам гана жашай алат.
Ушундай адам гана эч качан мүдүрүлбөйт.
(Забур)

Wednesday, December 26, 2012

scandalous embrace

Seeing a naked woman is breathtaking
Remaining ravished by her is divine breathe.



эң арзыбаганы


Кыргызстан ичинен
эң арзыбаганы болсом да, 
Теңир мага ырайым кылды да, 
Кыдыр ээ кылчу эбегейсиз 
зор рухий байлыктар 
тууралуу сүйүнчүнү 
Жакыптын тукумуна 
жар салууну 
жана Жараткандын 
тээ атанардын заманынан бери 
жашыруун келген 
жазылган сырын 
кыргыз журтуна
ачууну тапшырды.

Эң арзыбаганы менмин

Чыңгыз агайдын эң жакшы көргөн сүрөтү

Чыңгыз Айтматов 

Чынгыз агай биз менен болгондо бул сүрөт ишканасынын төрүндө илинген.
Агай О дүйнөгө кеткенден кийин, кыргызым, 
силер сүрөттү төрдөн алып, четке кактыңар.


Сол жакта четке кагылган Иса.  
Кыргыз кыз (улуттук аруусу) теңируулга табынат.



Оң жакта "Кыямат" романынын каарманы Авдий
деп Айтматовдун айтканы эсимде дейт А. Абилов


Наботов '87.  
Ошол убакытта Чынгыз Айтматов "манкурт" деген сөздү колдоно баштады. 
Кыргыздар өзүнүн руханий манкуртчулуктан баш тартсын деген тилеги окшойт.



Силер Кыдыр-Исанын чыныгы баянын (Инжилди) окубагандай эле
Чыңгыз Айматовдун баянын да толук окубай же өзгөртүп турасыңар.
Агайдын Исаны мактаганын да 
олуя-пайгамбарлардын колжазмаларын көтөргөнүн да эсептебейсиңер.  
Анын эң жакшы көргөн сүрөтүн да төр жактан түшөргөндөй эле
Жараткандын эң атактуу олуя-даанышманын (машаякты) да 
төмөндөп карайсыңар.
Чыңгыз агайга жакын каарманды түшүнбөгөндөй эле
Аллахка жакын пайгамбарды да түшүнбөйсүңөр.
Агай Кыргыз эли манкуртчулуктан баш тартсын деп үмүттөгөндөй эле,
Теңири ата да силердин момун болуп өзүнө кайрылганын күтүп турат.

Агайдын өз элинин теңируулга табынуусун каалаганын унутпагыла.

Чыңгыз агай сыяктуу деле кыргызым, диниңерди сатпай эле 
машаяк-кыдырды жакшы тосуп
кайрадан бактылуу жана кубаттуу эл болгула.


Чыңгыз агай Исанын баянын терең окуган
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү. Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
Чыңгыз Айтматов мурунку доордун эң кыйын олуя-пайгамбарларын да 
колжазмаларын да сыйлаган
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..."  (Чыңгыз Айтматов, 16/III 1977–ж.)   

Thursday, December 13, 2012

Чыңгыз Айтматовдун тууган күнү

Кечээ күнү Чыңгыз Айтматовдун тууган күнү болгондо кыргызымдын эки жүздүүлүгү ачылды.  Баары "Чыңгыз агай" деп жүрөшүт.  Анын атактуулугун көтөрүшөт да, жаңы эстеликтерди жасашат, бирок ички дүйөсүн да анын урматтаган адабий китептерди да сыйлабайт экен кыргызым.
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..."  (16/III 1977–ж.) 
Жана кыргызым дагы эле Чыңгыз агайдын урматтаган фигурасын четке каккан:
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү.Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
Кыргызым, мен чыныгы Чыңгыз Айтматовду сыйлаймын.

http://manasepic.blogspot.com/2008/12/chingis-aitmatov.html