Wednesday, December 26, 2012

Чыңгыз агайдын эң жакшы көргөн сүрөтү

Чыңгыз Айтматов 

Чынгыз агай биз менен болгондо бул сүрөт ишканасынын төрүндө илинген.
Агай О дүйнөгө кеткенден кийин, кыргызым, 
силер сүрөттү төрдөн алып, четке кактыңар.


Сол жакта четке кагылган Иса.  
Кыргыз кыз (улуттук аруусу) теңируулга табынат.



Оң жакта "Кыямат" романынын каарманы Авдий
деп Айтматовдун айтканы эсимде дейт А. Абилов


Наботов '87.  
Ошол убакытта Чынгыз Айтматов "манкурт" деген сөздү колдоно баштады. 
Кыргыздар өзүнүн руханий манкуртчулуктан баш тартсын деген тилеги окшойт.



Силер Кыдыр-Исанын чыныгы баянын (Инжилди) окубагандай эле
Чыңгыз Айматовдун баянын да толук окубай же өзгөртүп турасыңар.
Агайдын Исаны мактаганын да 
олуя-пайгамбарлардын колжазмаларын көтөргөнүн да эсептебейсиңер.  
Анын эң жакшы көргөн сүрөтүн да төр жактан түшөргөндөй эле
Жараткандын эң атактуу олуя-даанышманын (машаякты) да 
төмөндөп карайсыңар.
Чыңгыз агайга жакын каарманды түшүнбөгөндөй эле
Аллахка жакын пайгамбарды да түшүнбөйсүңөр.
Агай Кыргыз эли манкуртчулуктан баш тартсын деп үмүттөгөндөй эле,
Теңири ата да силердин момун болуп өзүнө кайрылганын күтүп турат.

Агайдын өз элинин теңируулга табынуусун каалаганын унутпагыла.

Чыңгыз агай сыяктуу деле кыргызым, диниңерди сатпай эле 
машаяк-кыдырды жакшы тосуп
кайрадан бактылуу жана кубаттуу эл болгула.


Чыңгыз агай Исанын баянын терең окуган
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү. Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
Чыңгыз Айтматов мурунку доордун эң кыйын олуя-пайгамбарларын да 
колжазмаларын да сыйлаган
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..."  (Чыңгыз Айтматов, 16/III 1977–ж.)   

No comments:

Post a Comment