Thursday, June 27, 2013

Забур 38 - мен үчүн жазылган го

     «Тилим менен күнөөгө батпаш үчүн, өз жолдорумду байкап жүрөйүн. Кудайсыз жанымда турганда, оозумду ооздуктайын», – дедим. 
     Мен дүлөй да, дудук да болдум, жакшылык жөнүндө да ооз ачпас болдум; азабым артты. 
     Көөдөнүмдө жүрөгүм жалындап, оюмда от чыкты. Тилим ошондо сүйлөй баштады: 
     Айтчы, Теңирим, мен качан өлөм, канча күнүм калды, канча күнүм калганын, канча жашарымды билейин. 
     Сен мага бир сөөм өмүр бердиң, менин өмүрүм Сенин алдыңда эч нерсе эмес. Чын эле, ар бир адамдын жашоосу курулай убаракерчилик экен. 
     Чын эле, адам элес сыяктуу жүрөт, бекер түйшүк тартат, дүнүйө жыйнайт, анысы кимге каларын билбейт. 
     Мен эми эмнени күтмөк элем, Теңир? Менин үмүтүм бир Өзүңдө. 
     Мени мыйзамсыз иштеримдин баарынан куткар, мени акылсыздарга кордотпо. 
     Мен дудук болуп калдым, ооз ачпайм, анткени Сен ушундай кылдың. 
     Соккуларыңды токтот, Сенин колуңдун соккусунан мен жок болуп бара жатам. 
     Сен адамды күнөөсү үчүн жазалап, башына кыйынчылык саласың, анын көркү күбө жегендей күбүлөт. Ар бир адамдын жашоосу – курулай убаракерчилик! 
     Менин сыйынуумду ук, Теңир, Менин ыйыма кулак сал. Менин көз жашымды көрүп унчукпай койбо. Анткени мен Сенин жолоочуңмун, өзүмдүн ата-бабаларымдай эле келгинмин. 

     Мени кыйнаба, көзүм жумулуп, дүйнөдөн өткүчө, күчкө толуп алайын.

Sunday, June 16, 2013

Забур 118

Забур 118

     1Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу. 
     2Анын мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу. 
     3Алар мыйзамсыз иштерди кылышпайт, Анын жолдору менен жүрүшөт. 
     4Сен Өзүңдүн буйруктарыңды бекем сактоону осуят кылгансың. 
     5Оо, менин жолдорум Сенин мыйзамдарыңды аткарууга багыт алса кана! 
     6Анда мен Сенин осуяттарыңды карап, уят болбос элем. 
     7Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды үйрөнүп, Сени таза жүрөгүм менен даңктар элем. 
     8Сенин көрсөтмөлөрүңдү сактайм, мени таптакыр таштап койбо.
     9Жаш жигит өз жолун канткенде таза сактап жүрө алат? Өзүн Сенин сөзүң боюнча сактаганда гана. 
     10Сени бүт жүрөгүм менен издейм, Өзүңдүн осуяттарыңдан четтеп кетүүмө жол бербе. 
     11Сенин алдыңда күнөө кылбаш үчүн, мен Сенин сөзүңдү жүрөгүмө катып алдым. 
     12Теңир, Сага даңк! Мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт. 
     13Сенин оозуңдан чыккан өкүмдөрүңдүн баарын өз оозум менен жар салдым. 
     14Мен Сенин осуяттарыңды аткарганда, ар кандай байлыкка кубангандардай кубанам. 
     15Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном, Сенин жолдоруңа назар салам. 
     16Сенин көрсөтмөлөрүң менен соороном, Сенин сөздөрүңдү эсимден чыгарбайм.
     17Сенин сөздөрүңдү сактап жашашым үчүн, Өз кулуңа ырайымыңды көрсөт. 
     18Сенин мыйзамыңдын кереметтерин көрүшүм үчүн, менин көздөрүмдү ач. 
     19Мен жер үстүндө келгинмин, менден Өзүңдүн осуяттарыңды жашырба. 
     20Ар убакта Сенин мыйзамдарыңды эңсегендиктен, жаным кыйналып бүттү. 
     21Сен текеберлерди, каргыш тийгендерди, Өзүңдүн осуяттарыңдан баш тарткандарды моюн сундурдуң. 
     22Мени шылдың менен кордуктан куткар, анткени мен Сенин осуяттарыңды сактап жүрөм. 
     23Төрөлөр отуруп алып, мага каршы сүйлөшүп жатышат. Сенин кулуң болсо Сенин мыйзамдарың жөнүндө ойлонуп жатат. 
     24Сенин осуяттарың менин сооронучум, менин кеңешчилерим.
     25Жаным топуракка матырылды, мени Өзүңдүн сөзүң менен тирилт. 
     26Мен өз жолдорум жөнүндө айтып бердим, Сен мени уктуң. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     27Мага Өзүңдүн буйруктарыңдын жолун түшүнүүгө акыл бер, ошондо мен Сенин кереметтериң жөнүндө ой жүгүртөм. 
     28Менин жаным кайгыдан алсырап бара жатат, мага Өзүңдүн сөзүң менен күч бер. 
     29Мени жалган жолдон алыстат, мага Өз мыйзамыңды бер. 
     30Мен чындык жолун тандап алдым, Сенин мыйзамдарыңды өзүмдүн алдыма койдум. 
     31Мен Сенин осуяттарыңа жабыштым, Теңир, мени уятка калтырба. 
     32Сен менин жүрөгүмдү кенен ачканда, мен Сенин осуяттарыңдын жолдору менен жүрөм.
     33Мага Өз мыйзамдарыңдын жолун көрсөт, Теңир, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды өмүрүмдүн аягына чейин сактайм. 
     34Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам. 
     35Мени осуяттарыңдын чыйыр жолуна сал, анткени мен ошол жолду каалайм. 
     36Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, Өзүңдүн осуяттарыңа бур. 
     37Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер. 
     38Сенден коркушу үчүн, Өз кулуңдун жүрөгүндө Өз сөзүңдү бекемде. 
     39Мени өзүм коркуп жаткан кордуктан куткар, анткени Сенин өкүмдөрүң жакшы.
     40Мына, Мен Сенин буйруктарыңды каалап жатам, мени Өз чындыгың менен тирилт. 
     41Теңир, мага Өзүңдүн ырайымың, Өзүңдүн сөзүң боюнча куткарууң келсин. 
     42Ошондо мен өзүмдү кордогонго жооп бере алам, анткени мен Сенин сөзүңө таянам. 
     43Чындык сөздөрүңдү менин оозумдан таптакыр алып салба, анткени мен Сенин адилет өкүмүңдү күтүп жатам. 
     44Сенин мыйзамыңды дайыма, түбөлүккө сактайм. 
     45Эркин болом, анткени Сенин буйруктарыңды издедим. 
     46Сенин осуяттарың тууралуу падышалардын алдында айтам, уялбайм. 
     47Өзүм сүйгөн Сенин осуяттарың менен соороном. 
     48Колдорумду өзүм сүйгөн Сенин осуяттарыңа сунам, Сенин мыйзамдарың жөнүндө ой жүгүртөм.
     49Кулуңа айткан Өз сөзүңдү эсте, Сен ошол сөзүң аркылуу мага үмүт бергенсиң. 
     50Ал менин кыйынчылык учурундагы сооронучум, анткени Сенин сөзүң мени тирилтет. 
     51Текеберлер мени абдан шылдыңдашты, бирок мен Сенин мыйзамыңдан четтеген жокмун.
     52Теңир, мен Сенин байыркы мыйзамдарыңды эстеп соороном. 
     53Сенин мыйзамыңды таштап салган кудайсыздарды көргөндө, үрөйүм учат. 
     54Мен жер кезген жерлерде Сенин мыйзамдарың менин ырым болду. 
     55Теңирим, түн ичинде да Сенин ысымыңды эстедим, Сенин мыйзамыңды сактадым. 
     56Ал меники болуп калды, анткени мен Сенин мыйзамдарыңды сактап жүрөм.
     57«Теңирим, Сенин сөздөрүңдү аткаруу – менин энчим», – деп айттым. 
     58Мен Сага чын жүрөгүмдөн: «Мага Өз сөзүң боюнча ырайым кыл», – деп сыйынгам. 
     59Өз жолдорум жөнүндө ойлонуп, буттарымды Сенин осуяттарыңа бурдум. 
     60Сенин осуяттарыңды дароо аткарууга ашыктым. 
     61Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун. 
     62Сени адилет өкүмдөрүң үчүн даңктоого түн ортосунда турчумун. 
     63Сенден корккондорго, Сенин буйруктарыңды аткаргандарга шерикмин. 
     64Жер бети Сенин ырайымыңа толгон, Теңирим. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
     65Теңирим, Өз сөзүң боюнча кулуңа жакшылык кылдың. 
     66Мени туура ой жүгүртүүгө үйрөт, туура түшүнүк бер, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем. 
     67Азап тартканга чейин, мен адашып жүргөм, азыр болсо Сенин сөзүңдү сактап жүрөм. 
     68Сен жакшысың, жакшылык кыласың, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     69Текеберлер мен жөнүндө жалган ушак таратып жатышат, мен болсо Сенин буйруктарыңды чын жүрөгүмдөн аткарам. 
     70Алардын жүрөгүн май басты, мен болсо Сенин мыйзамың менен соороном. 
     71Сенин мыйзамдарыңды үйрөнүш үчүн, азап тартканым жакшы болду. 
     72Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык.
     73Мени Сенин колдоруң жаратты, мени Сенин колдоруң жасады. Мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды үйрөнөм. 
     74Сенден корккондор Сенин сөзүңө таянганымды көрүп кубанышат. 
     75Теңир, Сенин өкүмдөрүң адилет экенин, мени адилеттик менен жазалаганыңды билем. 
     76Сенин ырайымың Өз кулуңа айткан сөзүң боюнча менин сооронучум болсо экен. 
     77Мага боор оорусаң экен, ошондо мен жашайм, анткени Сенин мыйзамың менин сооронучум. 
     78Текеберлер уятка калышсын, анткени алар мени ак жерден кыйнап жатышат. Мен болсо Сенин буйруктарың жөнүндө ойлонуп жатам. 
     79Сенден корккондор, Сенин осуяттарыңды билгендер мага кайрылышсын. 
     80Уятка калбашым үчүн, жүрөгүм Сенин мыйзамдарың боюнча таза болсун.
     81Сенин куткарууңду күтө берип, жаным алсырап баратат. Бирок Сенин сөзүңө таянам. 
     82Сенин сөзүңдү күтө берип, көзүм талыды. «Мени качан сооротосуң?» – дейм. 
     83Мен ышталган чаначтай болуп калдым, бирок Сенин мыйзамдарыңды унуткан жокмун. 
     84Кулуң дагы канча күн күтсүн? Мени куугунтуктагандарды качан жазалайсың? 
     85Сенин мыйзамыңа каршы текеберлер мага ор казышты. 
     86Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. Мени ак жерден куугунтуктап жатышат, мага жардам бер. 
     87Алар мени жер үстүнөн жок кылып коё жаздашты, бирок мен Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун. 
     88Мени Өзүңдүн ырайымың менен тирилт, ошондо мен Сенин оозуңдан чыккан буйруктарды аткарам.
     89Теңирим, Сенин сөзүң асманда түбөлүккө орногон. 
     90Сен түбөлүккө ишенимдүүсүң. Жерди Сен орноттуң, ал ошон үчүн турат. 
     91Бардыгы ушул убакка чейин Сенин мыйзамдарың боюнча турат, анткени баары Сага кызмат кылат. 
     92Сенин мыйзамың мага сооронуч болбогондо, мен кайгыдан өлүп калмакмын. 
     93Сенин буйруктарыңды түбөлүккө унутпайм, анткени Сен мени ошолор аркылуу тирилттиң. 
     94Мен Сеникимин, мени куткар, анткени мен Сенин буйруктарыңды издедим. 
     95Кудайсыздар мени өлтүрүш үчүн аңдып жүрүшөт. Мен болсо Сенин осуяттарыңа көңүл коём. 
     96Мен ар кандай жеткилеңдиктин чегин көрдүм, бирок Сенин осуятыңдын чеги жок.
     97Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном. 
     98Өз осуятың менен Сен мени душмандарымдан акылдуу кылдың, анткени ал дайыма мени менен. 
     99Устаттарымдын баарынан акылдуу болуп калдым, анткени мен Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном. 
     100Карыяларга караганда көптү билип калдым, анткени мен Сенин буйруктарыңды аткарып жүрөм. 
     101Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм. 
     102Сенин мыйзамдарыңдан четтебейм, анткени Сен мени үйрөтүп жатасың. 
     103Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу. 
     104Мен Сенин буйруктарың аркылуу акылыма келгем, ошондуктан ар кандай жалган жолду жек көрөм.
     105Сенин сөзүң – бутума шам, жолума жарык. 
     106Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды сактоону убада кылгам, ошондуктан аткарам. 
     107Теңир, мен абдан кыйналдым, мени Өз сөзүң боюнча тирилт. 
     108Теңирим, менин оозумдан чыккан мактоо курмандыгын кабыл ал, мага Өзүңдүн мыйзамыңды үйрөт. 
     109Менин жаным ар дайым коркунучта, бирок Сенин мыйзамыңды унутпайм. 
     110Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин буйруктарыңдан четтеген жокмун. 
     111Сенин осуяттарыңды түбөлүк мурас катары кабыл алдым, анткени алар – менин жүрөгүмдүн кубанычы. 
     112Мен жүрөгүмдү Сенин буйруктарыңды дайыма, өмүрүмдүн акырына чейин аткарууга бурдум.
     113Жаман ойлуу адамдарды жек көрөм, ал эми Сенин мыйзамыңды сүйөм. 
     114Сен менин баш калкалар жайымсың, калканымсың. Сенин сөзүңө таянам. 
     115Мыйзамсыздар, мага жолобогула, мен өзүмдүн Кудайымдын осуяттарын аткарам. 
     116Жашашым үчүн, мага Өз сөзүң боюнча күч бер. Үмүттөнгөнүм үчүн, мени уятка калтырба. 
     117Мени колдо, ошондо мен куткарылам. Сенин мыйзамдарыңа дайыма көңүл коём. 
     118Мыйзамдарыңдан четтегендердин баарын Сен кулатасың, анткени алардын куулугунан эч нерсе чыкпайт. 
     119Жер үстүндөгү кудайсыз адамдардын баарын Сен күлдөй сапырасың, ошондуктан мен Сенин осуяттарыңды сүйөм. 
     120Сенин коркунучуңдан денем титирейт, мен Сенин жазаларыңдан корком.
     121Мен баарын адилеттик жана чындык боюнча кылдым, мени куугунтуктоочуларымдын колуна салып бербе. 
     122Өз кулуңа болуш, текеберлер эзбесин. 
     123Сенин куткарууңду жана акыйкат сөздөрүңдү күтө берип көзүм талыды. 
     124Өз кулуңа Өз ырайымың боюнча ырайым кыл, мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт. 
     125Мен Сенин кулуңмун, мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды түшүнөм. 
     126Теңирдин чара көрө турган убакыты келди, анткени Сенин мыйзамыңды бузушту. 
     127Мен болсо Сенин осуяттарыңды алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөм. 
     128Сенин буйруктарыңдын баарын адилеттүү деп эсептейм, жалган жолдорду жек көрөм.
     129Сенин осуяттарың кереметтүү, ошондуктан алар менин жүрөгүмдө сакталуу. 
     130Сенин сөздөрүңдөн алган ачылыш көздү ачат, жөнөкөйлөргө акыл берет. 
     131Мен оозумду ачып акактап жатам, анткени Сенин осуяттарыңды эңсеп турам. 
     132Ысымыңды сүйгөндөргө кандай назар салып, ырайым кылсаң, мага да ошондой кыл. 
     133Буттарымды Сенин сөздөрүң менен жүргүдөй кылып бекемде, эч бир мыйзамсыз иштин мени бийлеп алуусуна жол бербе. 
     134Мени адамдын эзүүсүнөн куткар, ошондо Сенин буйруктарыңды аткарам. 
     135Өз кулуңду Өз жүзүң менен жарык кыл, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     136Сенин мыйзамыңды сактабай жатышкандыктан, көзүмдүн жашы көл болду.
     137Сен адилетсиң, Теңирим, Сенин мыйзамдарың да адилет. 
     138Осуят кылган көрсөтмөлөрүң адилет, туптуура. 
     139Мени кызганыч жеп жатат, анткени менин душмандарым Сенин сөздөрүңдү унутуп коюшту. 
     140Сенин сөзүң абдан таза, Сенин кулуң аны сүйөт. 
     141Мен кичинекей, жек көрүндү адаммын, бирок Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун. 
     142Сенин адилеттигиң түбөлүктүү, Сенин мыйзамың – чындык. 
     143Башыма кыйынчылык түшүп, азап тартып жатам, бирок Сенин осуяттарың – менин сооронучум. 
     144Сенин көрсөтмөлөрүң түбөлүккө адилеттүү. Мени акылыма келтир, ошондо мен жашайм.
     145Сени чын жүрөгүмдөн чакырам, Теңирим, мени ук, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды сактайм. 
     146Сени чакырам, мени куткар, ошондо Сенин осуяттарыңды сактайм. 
     147Таң заардан Сени чакырам. Сенин сөзүңө таянам. 
     148Сенин сөзүңдү терең түшүнүш үчүн, түнү менен кирпик какпай чыгам. 
     149Өзүңдүн ырайымың боюнча менин үнүмдү ук, Теңирим. Өз адилеттигиң боюнча мени тирилт. 
     150Жамандык ойлогондор мага жакындап калышты, алар Сенин мыйзамыңдан алыс. 
     151Сен жакынсың, Теңирим, Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. 
     152Өзүңдүн осуяттарыңды түбөлүккө орнотконуңду мен мурунтан эле билем.
     153Менин азап тартып жатканыма назарыңды салып, мени куткар, анткени мен Сенин мыйзамыңды унуткан жокмун. 
     154Менин ишиме киришип, мени корго. Мени Өз сөзүң боюнча тирилт. 
     155Куткарылуу кудайсыздардан алыс, анткени алар Сенин мыйзамдарыңды издешпейт. 
     156Сенин боорукердигиң чексиз, Теңирим. Мени Өз адилеттигиң боюнча тирилт. 
     157Мени куугунтуктагандар, душмандарым көп, бирок мен Сенин осуяттарыңдан четтеген жокмун. 
     158Сенин сөзүңдөн четтегендерди көрүп капа болом, анткени алар Сенин сөзүңдү сакташкан жок. 
     159Сенин буйруктарыңды кандай сүйөрүмдү көр. Өзүңдүн ырайымың боюнча мени тирилт. 
     160Сенин сөзүңдүн негизи – чындык, Сенин ар бир адилет өкүмүң түбөлүктүү.
     161Төрөлөр мени себепсиз куугунтуктап жатышат, бирок менин жүрөгүм Сенин сөзүңдөн коркот. 
     162Өтө чоң олжого ээ болгондой, Сенин сөзүңө кубанам. 
     163Жалганчылыкты жек көрөм, андан жийиркенем, Сенин мыйзамыңды болсо сүйөм. 
     164Адилет өкүмдөрүң үчүн Сени бир күндө жети жолу даңктайм. 
     165Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор, аларга бөгөт жок. 
     166Сенин жардамыңа таянам, Теңирим, Сенин осуяттарыңды аткарам. 
     167Сенин осуяттарың менин жүрөгүмдө сакталуу, мен аларды абдан сүйөм. 
     168Сенин буйруктарың менен осуяттарыңды аткарам, анткени менин бардык жолум Сенин алдыңда.
     169Менин зар-муңум Сага жетсин, Теңирим. Өз сөзүң боюнча мага акыл бер. 
     170Менин жалынуум Сенин алдыңа келсин. Өзүңдүн сөзүң боюнча мени куткар. 
     171Сен мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөткөндө, менин оозумдан Сени мактаган сөздөр чыгат. 
     172Менин тилим Сенин сөзүңдү жарыя кылат, анткени Сенин осуяттарыңдын баары адилет. 
     173Сенин колуң мага жардам берүүгө даяр болсун, анткени мен Сенин буйруктарыңды тандап алдым. 
     174Сенин жардамыңды зарыгып күтүп жатам, Теңирим, Сенин мыйзамың – менин сооронучум. 
     175Менин жаным жашасын, Сени даңктасын, Сенин адилеттигиң мага жардам берсин. 

     176Мен жоголгон койдой адашып калдым. Өз кулуңду издеп тап, анткени мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.

Saturday, June 15, 2013

Жамандык кылганга акылдуу


«Бул Менин элимдин акылсыздыгынан, Мени билбегендигинен болду. Алар – акылсыз балдар, аларда акыл жок. Алар жамандык кылганга акылдуу, бирок жакшылык кылууну билишпейт»
(Жеремия пайгамбардан)

Убаракерчиликтин артынан жүрүш


Теңир мындай дейт: «Менден алыстап, убаракерчиликтин артынан жүрүп курулай убаракерчиликке батып кеткидей, силердин ата-бабаларыңар Менден кандай жалгандыкты табышты? 
(Жеремия пайгамбардан)

Friday, June 14, 2013

Забур 22

Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм
Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат
Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат
Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. 
Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат
Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. 
Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат
Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, 
ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом.

The Burden of Vision

I read this title and wept.  
I know the weight of vision.

Пара алуучулар

Кыргыз Теңири пара алуучулардан күчтүү экен.  Кыргызым, Теңири-атага ишенсеңер ал жолуңарды ачат.  Же башкача айтсам, пара алуучуларга жол бербесек, бир гана Теңирге жол берсек, өзүбүздүн жолубуз да ачылат.

Ак ийилет бирок сынбайт.

Жыйырманча жылым Кыргызстанда

Кыргызстандагы жыйырманча жылда мен да четке кагылган инсан болуп калдым.
  • ЭлТР да Кыргыз Туусу газетасы да ж.б. мен менен маектешкенге тыюу салышты.  
  • Башка журналисттер китептеримдм окубай эле жамандашат.  
  • Кыргыз эксперттери менен академиктери да Манас - Жоголгону табылды китеп боюнча чечимди чече албай да мени теоримди коргогонго да чакырбайт.  Бүгүн Академия  НАУКка барсам "Омор Сооронов чечимибизди газетада жазды - деп жооп берди.  (Кыргыз академиктери илим тартыштан алсытап кеткен окшойт)
  • КР Универитеттери мени сабакка да конференсияга да чакырышпай калышты.  Профессорлору аспырантурга жолумду жапышты.  
  • Кыргыз Християндардын жетекчилеринин кээ бири да китептеримди окуганга тыюу салышты.  Алар мени жалган окутуучу деп эсептейт. 
  • Християндардын бир миссионери да мени АнтиХристос деп эсептеген.  
  • Молдолордун бир сектасы мени өлтүргүсү келди да мени аңып үйүмө чейин эрчигенге арикет кылды.  Мындай динчил адамдары академиктериңер сыяктуу эле, өз тартышынан алыс экен.  

Ушул жылдар оор болсо да, мен Алманбеттей эле силер үчүн иштей берем.  Алманбет сыяктуу кыргыздардан кыйналдым, ыйык жазууларды да силерге чечип бердим. Кыргыздардын теңири мени да коргоп, жакшылыгы менен курчактады.  Ата-бабаларыңардын Теңири жакшы дейм.  Эгедериңердин теңдеши жок.

Эң жогорку кеп

“Кыргыздарга бир гана китепти окуганга тыйуу салынган.  Кайсы китеп? - деп сурадым.  Алдымда 200га жакын кыргыз бар эле.  Бир эле жүн башы меники экен.  “Баарыңар кыргызсыңар, бүт баарыңар кайсы китеп экенин билесиңер - дедим.  Алдымдагы профессолор менен студенттер акырындап жооп беришти.  

Тиги университетте “Ал тыйуу салынган китепти сумкамдан алып, кыргыздарга тиешелүүсүн көрсөтсөм болобу? - деп сурадым.  Кыргыздар макул болушканда мен Жакып байды Жакып пайгамбар менен салыштыра баштадым.  

Эки саат боюу профессорлоруңардын жана студенттериңердин алдында туруп, ал китептеги үрп-адаттарды силердики менен, каармандары Манас эпосунун каармандары менен, Сулаймандын накыл сөздөрү бабаларыңардыкы менен, жана байыркы олуялардын ишеними мурдагы ата-бабаларыңардыкы менен салыштырдым.  Курмандык чалуунун окшоштуктарын да көрсөттүм.  

Сабактын аягында мен туруп, “кыргыздарга тыюу салынган китеп мурдагы ата-балаларыңардыкы болчу беле? Же кыргыздардын бир тамыры бул тыйылган жазуулардан чыктыбы? деп сурасам, көптөр “болушу мүмкүн” деп акырын айта баштады.  Эч ким мага каршы тура албай калышты анткени кыргыз маданиятынын көпчүлүгү байыркы тыюу салынган колжазмаларында табылды. 

Даанышман жазмаларын ачканы
Манастын түпкү сырын ачканы

Сарытаз жаш Семетейдин колунан жаралуу болуп, Манас уулуна кол сала албагандай эле, мен да силерди калптарыңар үчүн соттой албаймын.  Силер Жакып уулу Манастын тукумусуңар.  Андай болсо да, Сарытаз жаш Семетейди урушкандай эле силерди да урушсам болот.  Алманбет сыяктуу мен да 28 жашта болгондо жер бетиндеги эң кооз жана бай шаарлардын бирин таштап кыргыздарга жөнөтүп, кыргыз элине жабылган китептин сырларын да ачтым.  

Мен 19-20 жылдан бери силер менен чогу жашап, чогу азап тартып, силерден да көп үйрөндүм.  Теңир да мага дем салды, кыргыздын түп аталары ким экенин көрсөттү.  Сарытаз Семетейге айткандай мен да силерге аталарыңар жөнүндө айта берем.  Кыргызым, теңириңер силерди ак сөөк эл кылып жаратты.  Аталарыңар байыркы замандын эң атактуу олуя-даанышмандары эле. Алар эң руханий жана Кудайга жакын эл болчу. Тилекке каршы, алардын кебин окубай калдыңар.  Силер башкача болуп калдыңар.  Алар кыдыр даарыган калк болчу.  А, силер адашкан эл болуп кеткенсиңер.  Түп аталарыңардын колжазмаларынын жыйнагы дүйнөнүн эң белгилүү китеп болуп калды. А, азыркы кыргыздар таптакыр алардын акылын баалабайт.  Өзүңөрдү да сатасыңар.  Байыркы аталарыңардын кеби ар бир диндин негизинде.  Алардын окуялары да чыгармачылыктын эң көп колдонгон булагы. Алардын акылмандуулугу жер бетиндеги маданияты да өнөктүргөн дейм.  

Олуялардын кебин көтөргөнү
Өздөрүнүн коомун өнөктөргөнү

Чынгыз Айтматов өзү жазгандай:
Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай тарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз. 
(16/III 1977–ж.)

Манас эпосунда айтылгандай Чыңгыз агайыбыз ушул акылды алганы менен азыркы кыргыздардын эң кыйыны болуп калды:
Он эки бирге кол берип,
Калыйпадан кат алган,
Муну менен зайыппуруш аталган. 
(Саякбай)

Чыңгыз агай дагы ушул бичик кат аркылуу кыргыздардын эң кыйын адабий зайыппурушу болуп калды.  А башка кыргыз академиктер андай эмес. Чыңгыз Айтматов болсо, биринчи адабий зайыппуруш эмес.  Манас эпосундагы бир каарманы Чыңгыз агай сыяктуу эле байыркы жазууларга берилип кетти:

Инжил менен Тоорат
Жазуусун билип төбүрөөк,
Ырайдын билип алибин,
Окуган экен көбүрөөк.
Азирети Жебрейил
Айтып кабар салыптыр,
Ак пайгамбар Мустапа
Айтканынын баарысын
Акылына салыптыр.
Ал сөздүн баарын молдо Осмон
Китеп кылып калыптыр…


Чыңгыз агай жана молдо Осмон өз динин саткан эмес.  Алар баптист же жөөт эмес, коомдун эң кыйындары болуп калышты.  

Куран да Инжил менен Тооратты Аллахтан деп далилдейт. Тилекке каршы, мурунку китайлыктардын каргаганы ордунда калгансып турат:

«Билимдүү эл дүйнөдө бир гана биздин эл болот» деп кытай кечилдери Ордонун казынасын талаганда, андагы бичик жазмаларды өрткө салды: «Кыргыздын башына түшкөн каран түн мээсине да түшсүн, эгерим экинчи жазуу билбесин» деген бүтүм болду.


Азыркы кыргыздардын көпчүлүгү ал каргыштын астында чыккысы келбейт деле дүйнөнүн эң атактуу китепти окуганга тыюу салышат.  Жаш Семетей бөтөн элдин идеологиясына кызмат кылгандай жана өзнүн апасына сезимин өзгөрткөндөй азыркы кыргыздар да бөтөн элдердин идеологиясына баш ийип, ата-бабаларыңардын байыркы тарыхын сактаган ыйык жазууларга каршы чыккансыңар.  Жаш Семетей өзүнүн кыйын аталары тууралуу укусу келбегендей эле силер да өз кыйын аталарыңар тууралуу уккуңар келбейт.  Эмне үчүн олуя-пайгамбарлардын жазмаларын ушунчалык жек көрөсүңөр?  Жаш Семетей өзүнүн келесоочулугунан бурулбаса апасын өлтүрүп, манкурт болмок. Манкурт болсо ал өз баатырчылыгына жетмек эмес. Силер да өз караңгычылыгыңардан бурулбасаңар өз ордуңарга чыга албайсыңар. Тыюу салынган китепти жаңы көз караш менен окуш керек жана кыргыз ой-жургутуусу менен изилдеш керек.  Силерге дагы дин же секта же жат ишеним кереги жок.  

Эзелки бабаларыңардын дилин сактагыла
Байыркы аталарыңардын динин сатпагыла

Инжилде жазылган:
Тоораттын бир чекити жоголгуча, асман менен жердин жок болуп кетиши оңой.  

Анан Иса бул окуяны айтат:

Бир бай киши болуптур. Ал кымбат чапан менен шайы көйнөк кийип, күндө шапар тээп жыргачу экен. Ошондой эле Лазар аттуу бир кедей болуптур. Бүткөн боюн жара баскан ал бай жеген тамактын калдыктарына зар болуп, анын дарбазасынын жанында жатканда, иттер келип жараларын жалашчу экен. Бир күнү бул кедей каза болуп, периштелер аны Ыбрайым жаткан жайга алып барып коюшат. Бай да өлүп, көргө коюлат. Тозокто кыйналып жатып, бай көзүн ачып карап, Ыбрайымдын жанындагы Лазарды көрөт. Ошондо мындай деп жалынып жиберет: «Ыбрайым ата, мени аяп, Лазарды жиберип коюңузчу, колунун учун сууга малып, тилиме тамызып койсун, мына бул от-жалындан катуу кыйналып жатам». Бирок Ыбрайым мындай дейт: «Эй, балам, тирүүңдө кандай жашаганыңды эстечи: сен жыргадың, ал эми Лазар болсо куурады. Бирок азыр ал бул жерден сооронуч тапты, а сен болсо кыйналып жатасың. Анын үстүнө бул жактан силер жакка, силер жактан биз жакка өткүсү келгендер өтө албас үчүн ортобузга түпсүз туңгуюк орнотулган». «Ата, андай болсо аны менин атамдын үйүнө жиберип коюңузчу, беш бир тууганым бар эле, ошолор да бул азаптуу жайга келбес үчүн жакшылап эскертип, күбө болуп берсин», — деп суранат бай. Ыбрайым болсо мындай дейт: «Аларда Муса менен башка пайгамбарлар бар эмеспи, ошолорду билишсин». «Жок, Ыбрайым ата, — дейт бай, — эгер өлгөндөрдөн бирөө аларга барса, алар ниеттерин өзгөртүшөт». Ошондо Ыбрайым айтат: «Муса менен пайгамбарларга кулак салбаган алар тирилип барган адамга да ишенишпейт»

Жөн эле чыныгы ата-бабаларыңарды сыйлап, кебин кабыл алып, байыркы аталарыңардын кудайына кайрылып жана накта кыргыз болсоңор кайрадан өз ата-бабаларындай кыйын-зайыппуруш болосуңар:

Туп атасы түгөл кан,
Түбүнөн Кыдыр даарыган,
Башкы атасы баары кан,
Башынан кыдыр даарыган.
Түнөп өткөн жерине
Түптүү мазар орногон,
Муну түбүнөн кудай орногон,
Басып өткөн жерине
Базарлуу калаа орногон,
Муну башынан кудай оңдогон.
Он эки бирге кол берип,
Калыйпадан кат алган,
Муну менен зайыппуруш аталган.
(Саякбай)

Келечектеги муундардын бир эзелки жазууларды таанып өзүнүкүн экенин кабыл алып, түп аталарыңардын теңирине кайрылат.  Анан мээримдүү Кудай кыргыз элин башынан оңдойт.  Кыргыз өз ордуна чыгып, өз милдетин аткарат.  Ооомийин.

Аманбеттин арбагы менен жана Чыңгыз агайдын добушу менен жана Сарытаздын үлгүсү менен жазган менмин.

Рысбектин (Ричард Хебиттин) чыгармачылыктары:
Кыргыздагы Кудай колунун мөөрү,
Ала-тоодогу Кырк Из,
Ак Калпак,
Боз үй,
Бабалардын ашуусу,
Кыдыр,
жана
Манас - Жоголгону табылды бул сайтта табылат: www.scribd.com/

(Уландысы)

Wednesday, June 12, 2013

Иий Журналисттерим

Иий Журналисттерим, Журналисттерим,
шашпашышыңар керек. Мени түшүнгөн жоксүңар.
  1. Олуя-даанышмандардын колжазмаларынын жынагы - Мусулмандардын Тоорат - Забур - Инжил жана Батыштыктардын Библиясы жана Кыргыздардын Чаар китеби деп эсептейм.  Мен улам улам ушул китеп жөнүндө айттым, бирок орус тилинде башкача жазылган окшойт.  Кыргыздардын салттарынын баары бул ыйык китепке дал келет деп айттым.
  2. Мен дагы күндун (sun's) ырысын күтпөйм, мен күндүн (the day's) ырыскысын күтөм.
  3. Иса тууралуу айтсам, көп кошулган эмес.  Ал Теңируул жана кыргыздардын Кыдыры деп айттым.  Бул тууралуу "Кыдыр" деген китепте жаздым.
  4. "Боз Үй" деген китептин баш сөз китепте табылат
  5. Саяк тууралуу айтканым "Боз Үйдүн" баш сөзүнүн ордунда коюлган. Ката!
  6. Дастан Сарыкуловдун атын жазбаңыз деп сурандым. Андай кылган жок.
  7. Мен тууралуу жазганча китептеримди окугула деп сурандым.  Алар жакшы окуган эмес дейм.
Журналисттерим, этияттык менен иштешиңер керек.
http://akipress.org/people/news:366/

Monday, June 3, 2013

Кыргыз академиктери менен эксперттери жооп беришти мага

Кыргыз академиктери менен эксперттери былтыр эле китебим тууралуу чечим бериш керек болчу.  Алар китебимди коргогонго мени чакырыш керек болчу.  Алар талкулоодон коркуп академиктердин жолунан адашып төмөнкү ушак эле жаза беришет.  Кыргыз Интелигенция, эмнеден корктуңар?  Эмне үчүн китебимден ушунчалык корктуңар?

ЭлТР жана Кыргыз Туусу газета ж.у.с мен менен маектешкенге тыюу да салды.  Кыргызым, эмнеден корктуңар?  Кыргыз түп аталары байыркы замандын эң атактуу жана кыйын олуя-даанышмандардын байланышынан корктуңар беле?  www.scribd.com/risbek

Тургула, кыргыз болгула, ата-бабаларыңардын ыйык жазууларын сыйлагыла. Өз ордуңарда тургула.  Элдердин аягы эмес, башы болгулар.

Төмөнкү калп-ушагыңар меним кадырымды көтөргөн.  Бүт баары окусун.
Рысбек

Ричард Хевитт (мурда Ричард Хьюитт эле) Рыспек деген аты менен “Манас Жоголгону табылды” деген, ичин ачканга чейин табышмактанган, “Манас” сүйүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан наамы бар, улуттук намыска тийген, бир далай чоң көлөмдөгү (226 бет), жанры белгисиз дагы бир китеп чыгарыптыр. Буга биринчи укурук кайрыган таланттуу акын кызыбыз Үрүнса Маматова болду. 
Алгач китепти ачканда эле, “Эр Манас эмнесин жоготуп, эмнесин тапты экен?” дегендей суроо-түшүнүк пайда болот. Окуй келгенде, мурда 12 уруудан (бөлүк деп да айтат) турган еврейлер биздин заманга чейинки Х-VIII кылымдарда Ассирия (Ашур) тарабынан талкаланып, жиксиз жоголуп кеткен 10 уруусун издеп жүрүшкөнү, ошонун бири “табылганы”, ал кыргыздар имиштигин кабарлаган ой-корутунду экен. “Тообо!” келтиресиң, уруу-урууга бөлүнүп, Түндүк, Түштүк болуп тирешип, бир багытты кармай албай аткан кыргыздардын ааламга жайылып кеткендерин чогултуп, атүгүл кыргыздарды да кошуп алгысы келип аткан еврейлерге кыргыздын каны кайдан кошулсун! Анүстүнө этногенетика илими чыккандан баштап канчалаган окумуштуулар кыргыздар түрк тайпасына кирерин алдакачан аныктап койгон аксиоманы жокко чыгаргысы келген Ричарддын кандай максаты бар?
Ушерден эле, айкындык үчүн, түшүнүк бере кетишибиз керек, кыргыздарды жөөттөрдүн бир уруусу катары көрсөтүү, кыргыздык кайдыгерликке салып, “айта берет” деп көз жумуп кете бере турган нерсе эмес, пландаштырылган, Израилдеги атайын мекемелер тарабынан өздөрү үчүн өтө максаттуу жүргүзүлүп аткан иш экен. Р. Хевитт андай мекемелерден төртөөнү атаган: анын бири “Шавей Израил” деп аталып, “Израилдиктердин кайтуусу” дегенди билдирет экен. Бул 2004-жылы Майкл Френд тарабынан уюштурулуптур, Ричард Хевиттин өзүнүн айтуусу боюнча “Алардын негизги максаты — Израилдин жоголгон он уруусунан деген чачыраган жөөттөрдү бир жерге чогултуу” (Жогоруда аталган китеп, 168-бет. Мындан ары шилтеме бергенде китептин бетин гана көрсөтөбүз) болуп саналат. Экинчиси “Амишав” (Менин элим кайтууда” дегенди билдирет) 1979-жылы рабби Элиаху Эйвихайл тарабынан түзүлүп, мунун койгон максаты “Израилдин жоголгон урууларын табуу, аларды кадимки жөөт динине өткөрүү жана аларды Израилге алып келүүгө жардам көрсөтүү” (168-б.) экен. Бул топтун башчысы Индустандык башка диндеги көптөгөн кукилерди Израилге апкелип, жөөт динине өткөрүптүр. Үчүнчүсү “Кулану” деген жамааттык уюм болуп, булар да жоголгондорду таап, жардам берет экен. Алар “жоголгон 10 уруу Индустан, Бирма, Ооганстан, Пакистан жана Кытайдан табылышы мүмкүн”(169-б.) деп божомолдошот. Төртүнчүсү “Бен Тсви мекемеси” деп аталып, Израилдин экинчи президенти Ицхак Бен-Цви- нин (1884–1963) атына коюлуп, алардын вебсайтын Ричард (Рысбек) Хевитт: “Бен Тсви мекемеси Йад бен Тсви жана Жерусалимдеги Еврей университетинин биргелешкен колдоосу алдында мусулман өлкөлөр, Африка жана Азия мамлекеттериндеги жөөттөрдүн маданиятын изилдейт. Бул жер жалпы Израилден жана чет өлкөлөрдөн келген аалымдардын чогулуучу жайы” (170-б.) -деп баяндайт.
Ричард Хевитт (Рысбек) бул төрт мекеменин биринен (мүмкүн баарынандыр) каржыланып, 4-сүнө отчет берип (китептин башында эле “докладыбызда”(9-б.) деп атпайбы), анда сабак да өтөт окшойт (“Мен ушул мааниде дарстарды өткөргөндө”(170-б.) деп атпайбы). Ал өзүн АКШнын Санта Моника шаарынанмын дегени менен 1997-жылы 16-июнда “Кыргыз руху” гезитине берген “Американ бой” деген интервьюсунда айткандай, ошондо (1997-ж.) жогоркудай миссияны аткарууга Орто Азияга келгенине 3 жыл болуп, динин, улуттук салтын бекем тутунган өзбек элине бата албай, салтын сактаганы да, динин карманганы да, улуттук биримдиги да бошоңдой көрүнгөн кыргыздарды паанектеп калганы бекер эмес экен. Ал алгач Мухаммат пайгамбарыбызды жамандап, кыргыздарды мусулманчылыктан тайдыруу аракетин жасап, газеталарга аңгеме деген атка жамынган “Кулун”, “Бүркүт”, “Азыр мен абдан өкүнөм, ата!” деген ж. б. чыгармаларын жарыялап, ал “аңгемелердин” ичинде кара чаар жылан тилин соймоңдотуп жүргөнүн аңдабай, башка улуттун өкүлдөрү чалдырап кыргызча сүйлөп койсо же салт-санаасынан бир-экөөнү атап койсо “Урра!” деп кубанып кеткен, берээрге ашын таппай калган ак көңүл, илбериңки, алаңгазар элет кыргыздардын мүнөздөрүн илгирбей илип алып, өзүнүн арам максаттарына пайдалана баштаган. Ошондогу “Кыргыздагы Кудай колунун мөөрү” (Б., 1998-ж. Кайдан бастырылганы көрсөтүлгөн эмес) аттуу кыргыз тилиндеги биринчи китеби чыккандан эле Таалайбек Ташмаматов, Табылды Дүйшө деген азаматтар “Кыргыз рух көрөңгөсүнө түшүнбөгөндөр сүйкөнбөсө… же бүгүнкү кыргыз рухунун түп-тамырына чабылган балта!” (“Республика”, 16–22.02.1999-ж.) деген, ошондо эле Ричарддын былык оюн ачыкка чыгарган жана Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин китептин ичиндеги боз үйдүн, анын чамгарагынын сүрөттөрүн көрүп алып эле “… Рыспектин бул чакан эмгеги жакшы жышаан катары кабыл алынууга жана ар тараптан колдоого татыктуу!” деп бүтүргөн “Кириш сөзүн” катуу сынга алган макала жазышкан. Анан мен да “Сакал өрттөнсө, өчүрүү зарыл” (“Асаба”, 26.03–01.04.1999-ж.), “Ичтеги душманды ким тыят?”(“Эркин-тоо”, 10.01.2001-ж.), “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып берсең өзүң бил, бирок акылыңан ажыраба, кыргыз!”(“Адабий Алатоо”,№ 18, Декабрь, 2006-ж.), “КТРдин төрүндө кимдер жүрөт?”(“Жаңы Ордо”, № 3,5.02.2010-ж.) деген атайын Ричарддын кыргыз коомдук түшүнүгүн будамайлаган аракеттерине каршы макалаларды арнагам. Буга Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан, Президенттик аппарат, өкүмөт мүчөлөрү же түздөн-түз милдети болгон КР Коопсуздук комитети тарабынан эч кандай чара көрүлгөн жок, эми бул макаланы жазууга туура келип атат. Азыркы атка минерлерди карап туруп, дагы эле тыянак чыгаарына көзүм жете бербейт, ошентсе да жашым сексенге сермеле баштаганда муну айтпай кетсем болбойт, атуулдук парзымдан кутулайын деп сунуштап атам.
Ричард Хевитт (Рыспек) дагы “Ала-Тоодогу кырк из”(2000), “Калпак”(“2001), “Ак калпак”(2006), “Боз үй”(2006) ж. б. китептерди чыгарды. Динибизди маскаралап тим болбостон, “Тарыхыңар айтып тургандай, силерди арабдар, өзбектер жана орустар өз диндерине күч менен баш ийдирип, силерге жат диндер менен жолдорду кастарлаганга мажбурлоого аракет кылышкан”(“Ала-Тоодогу кырк из”, Б.,2000-ж.,30-бет) -деп, бир тууган кошуна жана алыскы дос өлкөлөрдүн элдери менен душмандашууга үндөдү. Ушуга окшогон көмүскө аракеттер ачыкка чыгып, “Көкө Теңирчилер” көктөп, “Жайсаңчылар” жанданды. “Ыса жыйыны” сыяктуу башка диндерге өтүп кеткен кыргыз жарандары арбыды.
Ричард Хевитт кыргыздын карапайымдыгы менен кайдыгерлигинен, ишенчээктиги менен илбериңкилигинен, жазмага караганда жомок сөздөргө жакындыгынан, айрыкча Манасты ыйык тутуп, асмандата бергенинен, аны байыркынын байыркысы деп айтканды мартаба көргөндүгүнөн пайдаланып, өзүнүн максат-мүдөөсүн ишке ашыруунун экинчи этабына өттү. Мурда кыргыз еврейдин бир канаты дегенди бир аз кайпактатып айтып келсе, эми килейген китептин (“Манас Жоголгону табылдыны” эске алып атам) башынан-аягына чейин кыргыз менен еврейге тиешелүү материалдарды ылайыгы келсе, келбесе деле окшоштуруп, башында бир эл экенин кайталап кирди. Маселен, “3500 жыл мурун төрөлгөн Жусуптун”(160-б.) атасы Жакып пайгамбар менен (Сайпидин Молдо Аксикентинин, Белек Солтоноевдин, Анвар Байтурдун, А. Т. Тагиржановдун, Е. Д. Поливановдун далилдөөлөрү боюнча) биздин эранын ХIV–ХV кылымдарынын ичинде жашаган Манастын атасы Жакыптын төмөнкүдөй окшоштуктары бар, булар түбү бир элден болгон деп “ишендирет”: “Манас” эпосундагы кыргыз элинин түп атасы (?) бай Жакып да кыйдылыгы жагынан (Жакып пайгамбарга) абдан окшошуп кетет”(11-бет). “ Кызыгы, Жакыб (пайгамбар) да, Жакып да (Манастын атасы) аксак болушкан”(20-бет). “Бай Жакып (Манастын атасы) Семетейдин мыйзамдуу ордун басып алууга аракеттенген. Олуялардын жазууларында Жакыб пайгамбар небересин эмес, өз атасын алдап, бир тууган агасынын (Эйсаптын) ордун басып алат:”(13-бет) дегендей мисалдар менен кыргыздарды еврейлердин жоголгон он уруусунун бири кылып көрсөткүсү келет. Бир адам менен экинчи адамдын мүнөздөрүндө, сырткы келбетинде (бири айбан болбогондон кийин) окшоштуктар боло берери аксиома эмеспи. Азия элдеринен же Африка элдеринен болобу, бийликке жутунгандардын аракеттери анданбетери төптөшүп турары да аксиома. Анан эмнеге Рыспек (Ричард) жогорку мисалдарды келтирди? Ала-Тоодогу Асан менен Аляскадагы Асандын (эгер болсо) бийлик кумары көпчүлүк жагынан бирдей эле болорун Ричард сопсонун билип эле турат, ал Кыргызстандын граждандыгын алган менен (эгер алганы чын болсо) кыргызга жакшылык каалап аткан жок, кыргыздын ишенчээктигине, фантазиялуу тарыхты көп самаган кыялкечтигине ойноп, дөдөй катары санап, жаш бала да ишенбей турган “теорияны” коомчулукка апчыгып атат.
Анан калса биз, кыргыздар, ыйык “Манасыбызды” ичи арамдар ар кандай айтып, каалагандай жөндөгөнгө шарт түзүп берип атабыз. Ошондон пайдаланып, бири Манас Кудайдын жанында отурат десе, экинчиси калмак Кайыпдаңдын ырчысы Жайсаңды кырк чоронун бирине айландырып, көрүстөндөн “тирилтип” келип, он том толгон мазмунунда дайынсыз жерлери көп, көркөмдүгү начар, айрым жерлери кыргыз тарыхы менен маданий түшүнүгүнө балта чапкан материалды “айттырып”, коомчулуктун башын каңытса, үчүнчү бирөөлөрү жомоктугу жогору турган “Манасты” реалдуу заманыбызда Мамлекеттик идеология болот деп кыйкырып атышат. Мына, эми, чет элдик Ричард Хевитт (Рыспек) кечээ, орто кылымдын түгөнүшүндө жашап өткөн Манастын атасы Жакыпты “Кыргыз элинин түп атасы”(11-бет) деп, кыргыз эли Жакып байдан бери эле пайда болгондой көрсөтүп атпайбы. Анда кыргыздар байыркы эл дегенибиз кандай болот? Манасты “Байыркы эле, байыркы!” дей бергенди ченеми менен айтпайлыбы?
Кытайдагы кыргыздардын атактуу манасчысы Жусуп Мамайдын айтуусунда жарыяланган “Манас” эпосуна чыккан баш сөздө “Чоң казат” болгон мезгилди мындайча тактап көрсөтөт: “1436-жылы Түгөн деген ойрот (калмак) бийлигин колуна алгандан кийин баласы Эсенкан убагына келгенде ойроттор менен кыргыздар ортосунда огобетер өрчүп, кызыл-кыргынга айланат. Түгөн хан өлгөндөн кийин Эсенкан кыргыздарга чоң согуш ачып, кыргыздарды таш-талкан чыккандай соккуга учураткан. Ошондогу көрүнүштөр “Манас” эпосунда: “Эсенкан элүү миң аскер менен бизге басып кирип, кыргыздарды кыйратып, жерибизди канга боеду” деп айтылган. Эпостогу “Чоң казат” бөлүмү ошол согушту көзгө кармаган” деп атпайбы. Сайпидин Молдо Аксикентинин ХV кылымдын аягында, ХVI кылымдын кылда башында (1503–1504-жж.) жазган “Мажму атут-таварихтеги” Манастын окуялары өткөн мезгил да ошого туура келет.
Ананкалса, “ата” деген термин сөздү каалагандай чойгулап, анын таптак турган маанисинде колдонбой, башка элдерге шек берип атпайбызбы. Адамдын бир эле атасы болорун баарыбыз эле билебиз, анын атасын чоң ата дейбиз ж. б. Өзүбүздөн улууларды аке, байке, ага, андан да жашы улуу болсо ава дейт эмеспизби. Бирок энелик доордун адамдарындай, туш келген аксакал кишилерди, тарыхтагы улуу адамдардын баарын эле аталай берген жагыбыз да бар. Ошондон пайдаланган Ричард аталган китебине “Кыргыздын кырк кызы” деген тема коюп, “Байыркы кыргыздар бүт кырылып, 40 эле кыз калган имиш. Моңгол баскынчылары ал “кырк кызды” туудуруп, ошондон кийин узун бойлуу, көк көз, кызыл же акжумал кыргыздардын урпактары азыркы күндө көбүнчө моңголдорго окшоп кеткен”(175-бет) -деп, бир кезде кыргызды кемсинтиш үчүн башка элдин өкүлдөрү токуган уламыш “мыштарды” андан да күчөтө пайдаланып, “атабызды” таап бергенсип атканына кандай карайбыз? Бул дагы бекер эмес, кыргыздарды жөөттөргө жабыштырыш үчүн жасалган аракет экенин, жогорку сөзүн улантып окусак түшүнүктүү болот: “Ушул уламышта кандайдыр бир чындыгы барбы? Биздин билишибизче, кыргыздар ак жумал, чачтары кызгылт, көздөрү көк болгон. Анысы ошол Манассия тукумунан тараган эркектеринде түздөн-түз сакталышы мүмкүн, бир бөлүгү Түндүк Чыгыш Индустан аркылуу келатканда кырылган. Аялдардын бир тобу кыргыздардан бөлүнүп калган. Ошолордун урпактары кийинчерээк кукилер деп аталат” (175–176-б.б.) — деп айлантып келип эле кыргыздарды еврей кылып чыгарып атканын көрүп турбайсыңарбы.
Мындай ыкманы “Манас” эпосундагы Санирабийгенин (Каныкейдин) атын Сани Рабига деп экиге бөлүп, экинчи бөлүгүндөгү Рабиганы Жакып пайгамбардын апасы Ребекага салыштырып, алардын күйөөгө тийүүгө байланышкан мүнөздөрүндөгү айрымачылыктарды айтып баратып да кыргыз кыздарын дүнүйөпарастай көрсөтүү менен кыргыз, еврей “туугандыгын” кыйытып кетет: “Чаар китептеги (чар китеп) Ребека бат эле (күйөөгө тийүүгө) маакулдугун берет. Анын жообу жашоосуна маанилүү бурулуш болор алдындагы бачым чечим кабыл алган көптөгөн кыргыз кыздары менен типтүү. Экинчи жактан Рабиганын жообу али эркекти биле элек үчүн — ал өз жашоосун өзгөртүүгө дароо маакул боло койбогон Батыш кыздарына жакын” (40-бет) -деп, Рабиганын (Каныкейдин) кыргыз кызы эместигин өзгөчө белгилеп, Батыш кыздарындай эрге шашпай тиээрин айтып атканынын да белгилүү себеби бар, ал Букара, Самаркант шаарларындагы еврейлерди эстөө менен кыргыздар аларга эмес, байыркы Жакып, Жусуп пайгамбарлар заманындагы еврейлерге жакын экендигин, ошолордун кылык-жоруктарын улантып келатышканын белгилейт да, кыргыздарды түрк бир туугандарына жолоткусу келбейт. 2009-жылдын 26-октябрындагы Аалы кызы Назиранын КТРдеги “Салт-санат” деген берүүсүндө Ричард Хьюитт (анда Хевитт боло элек эле) кыргыздардын казактарга кайнаса каны кошулбайт дегендей айткан, аны жандап сүйлөгөндөр да ушундай ураанда болушкан. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаттарына адрестеп “КТРдин төрүндө кимдер жүрөт?” (“Жаңы Ордо”, № 03,5.02.2010-ж.) деген макала жарыялагам. Андан бери үч жылдан ашык убакыт өттү, эми Ричард Хевитт (мурдагы Хьюитт) ошол ураанынан кайтпай, жогоруда сөз болуп келаткан китебинин “ДНК байланышы” деген жеринде: “… доктор Спенсер Уеллстин кечээ жакында берилген изилдөөсүндөгү евразиялык Ү-хромосому кыргыздардын монголдорго, казактарга, өзбектерге же болбосо, башка коңшу урууларга караганда айрым тажиктер менен алдаканча туугандык байланышта экендигин көрсөткөн” (40–41-бб.) -деп дагы эле кыргыздарды түрк туугандарына чендетпей, фарси тилдүү тажиктерге жакындатып барып (С. Уеллс (?) тажрыйбасын кыргыздын тажик аралашкан жеринде жүргүзгөн окшойт?), “… көчмөн пайгамбарлар алыскы өз туугандарынан Ребеканы алгандай, кыргыздын Жакыбы да чындап эле Рабиганы (Каныкейди) туушкандарынан (келиндикке) алышы мүмкүн”(41-б.) -деп, Букардагы еврейлерди кыргыздын туушкандары катары далилдегиси келет.
Андай изилдөөлөрдү жүргүзүү ар кимдин өз иши деңизчи, бирок башка элдин “баамсыздыгынан”, меймандостугунан, кенебестигинен пайдаланып, айрым акчага абийрин саткан жандоочтордун көмөгүнүн натыйжасында кыргыздын миңдеген жылдар бою жашап келаткан жашоосун, карманган салт-санаасын, ой-түшүнүктөрүн бурмалап, “булар душманың, тигилер тууганың” деп көрсөтмө берүүгө, аны китеп кылып таратууга кандай акысы бар?! Ал китебин КТРге чыгып реклама кылганына, биринчи кезекте, мамлекеттик идеологияга көз салалбаган корпорациянын төр агасы Кубат Оторбаев күнөөлүү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Материалды элге сунуштаардан мурда иликтеп чыгуу керек эмеспи, китепти окуп чыгуу салты да бул мекемеде унутулуп калган окшойт? Мүмкүн Ричард “Мен Рыспекмин, Кыргызстандын гражданымын” дээр (Баса! Эгер граждандыкты алганы чын болсо, аны ким берди? Мүмкүн доллар деп аталган көк кагаздардын бийлиги жүрүп кетпесин? Кийинки кездерде, биздин (элдин), мамлекеттин коопсуздугун эстеген киши деле калбай баратат окшойт?), анда эмне кылабыз? Кыяматкайымда чыкчу Дажжалдын ар бир жүнүндө жалтыр-жултуру, аңгил-шаңгили, коңгуроо-соңгуроосу бар көк эшегин ээрчип кеткен макулуктардай болуп кете беребизби?..
Ричарддын китебинин аталышына караганда (“Манас Жоголгону табылды”) кыргыз эпосундагы Манас менен Жусуп пайгамбардын баласы Манасени (Кийин чоң атасы Жакып пайгамбардын тарбиясында болуп, анын баласы катары аталып калат) окшоштуруу негизги максаты болгондуктан, ыйык китепте “Манаше”, башкы еврейче “Манае” жана самаритяндык еврейче “Манач” болуп окулган ысымды (47-бет) тил закондоруна салып жөндөгөнсүйт да, “Балким бул Жакыптын уулу Манас да чаар китептеги жоголгон элдердин байыркы бабасы болгон, өз тукумунун башчысы Жакыб (пайгамбар) уулу Манаседен чыкканынын кошумча күбөсү болуп жүрбөсүн…” (48-бет) -деп эпостогу Манасты еврей Жакып пайгамбардын Манасе деген баласынан чыккан деген, баягы кыргызды жөөттөргө жабыштыргысы келген ниетине кетет. Анан дагы эпостук Манас менен Дөөт пайгамбардын бакыргандарын (үнүн), ал экөө тең койчу болгондорун окшоштурат (Мунун канчалык зарылдыгы болгону түшүнүксүз). “Кээде эпосто да, чаар китепте да 40 же 37 эмес, 30 жоокердин санын айтышат” (54-бет) -деп, “Манастагы” жана чаар китептеги (Чаар эмес, чар-төрт китеп болуш керек) 30 саны айтылган жерлерди алат да, ошондон өз каалоосуна ылайыктап, окшоштуктар тапканга аракет кылат. Дагы тактай кетели, Ричард “Чаар китеп” деп, чар-төрт китепти пайгамбарларга түшкөн “Тоорат”, “Забур”, “Инжил”, “Куран-и Карим” сыяктуу ыйык китептердей түшүндүрөт. Чынына келгенде чар (төрт) китеп сабатсыздыкты жоюу, дин негиздерин үйрөнүүгө арналган китептер болуп сналат. Биринчиси — акыйда б. а. Кудайды таануу туурасындагы, экинчиси — адеп-ахлах туурасындагы, үчүнчүсү — ал-фикх б. а. мусулмандардын социалдык нормаларын, укуктарын билдирген, төртүнчүсү — көркөм тексттер топтолгон китептер болуп саналат.
Р. Хевитт кыргыз-еврей “туугандыгын” “жаратыш” үчүн эки элдин салт-санааларынан да бир-бирине чапташпаган бир нече мисалдарды келтирет, ошолордон бирөө мындай: Тоолук кыргыздар жылына жаздын аягында “төлөө” (түлөө) деп аталган курмандык (?) өткөрөт. Алар эгин жакшы болсун деп Кудайга арнап жаңы төрөлгөн (?) козуну соет. Кукилер (еврейлердин бир уругу) дагы жылына “хун” деген ушул сыяктуу курмандык чалат, анысы деле кеч жазда же эрте жайда өтөт. Алар козунун ордуна таза ак тоокту соет. Эки эл тең союп атканда сөөктөрүн чакпайт. Эки эл тең бүтүн жиликтерин таза мүлжүйт. … Адатта кыргыздар да күн баткандан кийин курмандыкка чалат, түнү менен жейт да, эртеси күнгө эч нерсе калтырбайт” (177–178-бб.). Бул узун шилтемеде айтылгандардын баарын комментариялап олтурбай, урунттууларына гана токтололу. Биринчиден, жылдын жазында бир жолу өткөрүлчү түлөө (Түштүк кыргыздарда кудайы) курмандык эмес, курмандык кыргыздарда Курман айтта гана кылынат. Ошондо эч жеринде кемчилдиги (дефекти) жок кой, уй, төө жаныбарларынан гана союлат. Ал эми жогоруда айтылып аткан түлөгө (кудайыга) катышуучулар аз болсо кой, көп болсо кара мал союла берет. Аны союунун эрте менен, кечинде, түштө дегендей, Ричард айтып аткандай, кесе белгиленген убактысы болбойт. Жеке адамдар өткөргөн түлөө гана шартка байланыштуу жазып-тайып кечинде болбосо, эч качан түнкүгө калбайт. Ал эми Ричард айтып аткан түнкү тамак конок чакырганда же кудалар келгенде түндөп созулушу мүмкүн, ал өзү да “… мен көптөгөн тойлорго чакырылам да, ар дайым кечке маал ачка жетип барам. Ошондо да эми эле мал союлган убакка жетишем” (90-бет) деп атпайбы, тойду түлөө менен чаташтырып атат окшойт. Экинчиден, кыргыз түлөөгө эч качан жаңы туулган (Ричард “төрөлгөн” дептир, кечиримдүү) козуну сойбойт, союшка жарамдуу жандыкты же кара малды соет. Демек, кыргыздын түлөөсү да, кудайысы да Ричард айтып аткан жөөттөрдүн кечинде сойгон таза ак тоогуна, түнү менен мүлжүгөн жиликтерине таптакыр эле жакындабайт.
Китепте мындай мисалдар өтө эле көп, материалдарды топтоо жагынан автор кажыган эмес, бирок чындыкка туура келсе-келбесе деле өзүнүн максатына — кыргыз менен еврейди “туугандаштыруу” ниетине карай жолуккан деталдардын баарын эле бура берген жана бурмалай берген. Ошону менен бирге өз оюн бекемдеген кескин жыйынтыктарды чыгарып отурган. Ишеничтүү болсун үчүн ошолордон бир-экөөнү жаза кетебиз: “… байыркы пайгамбарлардын бир бутактан таркаган урпактары азыркы күндө кыргыз болуп калган да, ата-бабаларынын окуяларын сактап, төрт миң жылга жакын аралыкта аларды муундан-муунга айтып берип келген”(192-бет). “Жөөттөр Жакыб уулу Жүйүттөн Иудеяда жашаган, ал эми менин сунуштаган оюм боюнча, кыргыздар Жусуп пайгамбардан жана Жакыб уулу Манаседен тараган”(192-бет). “… Жакынкы Чыгыштын тоолорун 2700 жыл мурун таштап кеткен Жакыбдын (Жакып пайгамбардын) уулу Манасе менен азыркы тоолуу Кыргызстандагы Жакып уулу Манастын бирдей экенин байкайбыз”(166-бет). “Биз ириде айта кете турган нерсе: азыркы Кыргызстан “Израилдин жоголгон он уруусу” деп аталган эки улуттук топтун (?) биримдиги болуп калган”(133-бет). ж. б. Бул айтылган ой-тыянактардын бардыгы эле “кыргыз менен еврей бир тууган” дегенге алып барып атканы элдир-селдир акылы бар адамдарга чейин эле түшүнүктүү болуп турбайбы. Дос-тамырдын көп болгону жакшы деңизчи, бирок Ричард Хевитт (Рыспек) кыргыз ичиндеги басыз менен багыштай, мундуз менен муңгуштай эле жакын болгон түрк ичиндеги казак менен өзбекти кыргыз туугандарына жакындаткысы келбей атканы кызык? Мунун түпкүрүндө СССРди кулаткандай идеологиялык саясат болбогону менен (мүмкүн ал деле бардыр?) ишенчээк, маңыроо кыргыз элин буйлалап алгысы келген, алардын жонунан жашагысы келген геосаясат, ошого жетиш үчүн кыргыздын түшүнүгүнө, ой-кыялына, жашоо-мүдөөсүнө жасалып аткан чабуул болуп жүрбөсүн? Кайран кыргызым, канткен күндө да алды-артыңды карай көр! Ричард Хевитт: “Жакында пайгамбарлар жазмасындагы жөрөлгөлөрдү жактоочулар кыргыздарды өз диний жоболору менен каптап кирет. Кыргызым, силер ошолорго руханий жана орундуу жооп бергенге даярсыңарбы?”(170-бет) — деп, Израилде ушул маселе боюнча атайын иштеп аткан “Шавей Израил”, “Амишав”, “Кулану”, “Бен Тсви мекемеси” деген мекемелердин жакынкы учурларда жасай турган аракеттерин айтып атат. “Мурунку докладдарымда…”(45-бет) деп ушул уюмдарга берип аткан отчетторун эске салып, алардын келечектеги иш-аракеттерин ачык эле түшүндүрүп атат. Ричард Хевитт (мурда Хьюит кезинде) токсонунчу жылдардын ортосунан тарта эле кыргыз түшүнүгүнө жасай баштаган экспансиясынын, бүлүндүргүч аракетинин биринчи бөлүгүндө кыргыздын канчалаган кылымдардан бери ата-бабасы тутуп келген Ислам динин, анын пайгамбары Мухамматти атап да койбостон, Иса (Иисус) пайгамбарды машаяк (Чындыгында машаяк деп улуу устаздарды, перилерди б. а. авлиядан (олуядан) жогорку Ислам илиминин акыйкат, марипат тепкичине жеткендерди айтат. Пайгамбарларды машаяк дегенге болбойт) деп атап алып, буга чейинки бардык китептеринде аны кыргыздын пайгамбары катары таңуулап, ал кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын, атүгүл тилин билет, кыргыз жери анын дачасы болгон дегенге чейин барып, мусулман динин эмес, Иисустун динин сүйүүгө, ага кирүүгө чакырып келген. Ал Ричарддын “Ала-Тоодогу кырк из” деген китебинин биринчи бетиндеги “Арноосун” окуганда эле түшүнүктүү болот. Эми “Манаска” калкаланып алып, “Манас Жоголгону табылды” деген, кой терисин жамынган китебин колтуктап алып, КТРКнын төрүнө кайрадан чыгып атат. Түшүнүксүз? Кубат Оторбаев башында турган КТРКнын Мамлекеттик идеологиянын багытын тейлегендердин паам-парасаты жокпу же басма материалдарын окугандан эринген, жалкоолук жонуна мингендерденби, же акчага алданып кетип атышабы, же ушундай эл бузар, мамлекеттик идеологияны солкулдаткысы келгендерди колдошобу? Билбейм! КТРК 2009-жылдын Октябрындагыны го Бакиевге оодара салып кутулуп кетет, ал эми үстүбүздөгү, 2013-жылдын февралында Ричард Хевиттин “Манас Жоголгону табылдысын” мактагандарына кандайча жооп беришет? “Биз коомдукпуз, колубузга тийгенин ала беребиз, оозубузга киргенин жалмай беребиз, сүйлөй беребиз” дешеби? Мындай, улуттук мүдөөлөргө каршы келген агымдарды токтотуш үчүн, кара пардасын ачып, элге жеткириш үчүн (баары эле коомдук болуп жатып калды) сөзүбүздү кимге айтабыз да, жазгандарыбызды кайда жарыялайбыз? Жападан-жалгаз мамлекеттик болгон “Эркин Тоого” закондор менен буйруктардан башка батпаса… Өзүнө караган теле берүүсү, радио уктуруусу, гезит, журналы жок мамлекет кантип мамлекет болсун, кашагасы (кашары) жок койканадай, аскери жок чек арадай, аласы жок дамбалдай кеп эмеспи.
Эй кыргыз билармандары, идеологиябыз ботко болуп, элибиздин башы чылага айланып калды. Мародерлорду коргоп, “Түштүк картасы”, “Түндүк картасы” деп эл бөлгүч идеология жүргүзгөн гезиттердин негиздөөчүлөрүн көкөлөтүп, кыргыз журналистикасынын классиги кылып атасыңар. Ушак-тешекке толгон гезиттерден бүлүндүргүч, эл бузаар макалаларды тандап алып, обзор деп коюп, радиодон чаңкылдап сүйлөгөндөрдү көтөрмөлөп атасыңар. Коомдун бузулушуна, элдин маңкурттанышына, Ричард Хевиттей (Рыспектей) баш маңытуунун уругун сепкендерди эркин коё берип, адамдардын мээсин тебелетип атасыңар. Ушундай мамиленин кесепетинен Мамлекеттик идеология эмес, уруу-уруктун, кокту-колоттун, аягында барып Түндүк, Түштүк идеологиясы түптөлө баштады. Буга эл күнөөлүү эмес, штурвалда отургандар жооптуу. Жакшы адам деле, жаман адам деле бирдей көөлөнүп, ушактын чыласына батып бүттү. Аларды ажырата тааныш үчүн ликбез (ликвидация безграмотности) уюштуруп, “Адам таануу жана ушактын уусунан куткаруу” дегендей темаларда бир нече жылдар бою мээ агартуу ишин жүргүзүү зарыл болуп турат. Урматтуу карапайым калк жана бийлик ээлери, Ричард Хевитт деген Рыспектен “Трибуна” гезитинин редактору Өмүрзаков Рыспекти айра билүү үчүн мээликбезинен (мээдеги чалчыкты тазалоочу мектептен) өтпөсөк болбой калды! Буга кандай дейсиздер, урматтуу Президент, урматтуу Спикер, урматтуу Премьер-министр?
Омор Сооронов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРдин Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси
Булак: “Жаңы Ордо”. (N.J)

Кыргызым, өзүңөр Манас - Жоголгону табылды деген китепти бул жактан окуп көрсөңүр болот. Рысбек