Thursday, July 11, 2013

Эң жогорку дил

(Башталыш)

Чыңгыз Айтматов элден коркпой эле Иса тууралуу ачык жазды.  Эл каршы чыкканда агайыбыз мындай жооп берди: 

“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапкым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, `албетте, - Авдий анын изденүүлөрү. 
Албетте, христиан дини Иисус Христостун (Иса Машаяктын) фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос (Иса Машаяк) мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)*

Эмне үчүн бир кыргыз Исаны бир аз эле караса акыркы муундун эң кыйыны болуп калат? Иса кыргыздарга жакынбы же жан-дүйнөсүн жандандырабы?
  
Ооба, миңдеген кыргыз Исанын жолуна түшкөн, бирок алар бөтөн элдин диндерине өтүп, Иса менен бетме-бет байланышпай эле жүрүшөт.  Ортосунда бир жат же папа же молдо же б.у.с. ортомчо калды.  Чыңгыз агай динин сатпай эле кыргыз жан-дүйнөсү аркылуу Иса машаякты издеп, түшүнүп, кыдыр даарыган инсан болуп калды.  

Исанын азапкер болгону агайыбызга өзгөчө маанилүү эле.  Баарыбыз кыйналдык.  Баарыбыздын баштарыбыздан азаптуу күндөр өттү.  Эмне үчүн Исанын “айланайын сен үчүн кагылайын” деген жашоосу өзгөчө таасирлүү бекен?  Эмне үчүн “колу-буту керилип, мыкка кадалган” инсан Чыңгыз агайга да миллиондогон мусулманга да “өтө зор негиз түзүп турат”?  

Оо, кыргыз аалымдары, бар болсоңор мага жооп бербейсиңерби?

Эгер Иса чын эле кыдыр-машаяк болсо анда өзүнүн издерин бир гана динде камтыбайт.  Теңируул чын эле Жараткандан болсо анда анын издери ар бир элде да, ар бир динде да, ар бир тилде да табылыш керек дейм. ““Көк асман” бул дүйнөнүн “калпагы” - деп Орозобек Айтымбет агай жазган.  Калпагыңар машаякты ушунчалык анык көрсөткөндүктөн мен Ак Калпак деген китепчини Иса тууралуу жаздым. Карасаңар, Иса кыргыз коомунун башынын ыйыгы. Андан баш тарткандар накта кыргызчылыктан да баш тарткандары.  Ата-бабаларыңар бозүйдүн түндүгү аркылуу Теңирди карачу дейм. Бозүйдүн түндүгү да машаяктын жогорку экенин көрсөтөт, а тургай бозүйдүн ачылышы башынан аягына чейин Исанын кебетесин көрсөтөт.  Силер андан кача албайсыңар. Кыргыз үйдү сыйлабасаңар үйүңөр кулайт да, жаштарыңар бөтөн элдердин үйлөрүнө барып, ал жактагыларга баш ийип, бөтөндөрдүн баш кийимин кийинип, дилин да кабыл алышат. Кыргызым, андай болбосун.  Байыркы кыргыз руху жашай берсин. 

Тилекке каршы, силер мурдагы жүйүттөр сыяктуу эле Исаны четке каккансыңар. Кыргыздардын арасында бирөө “Иса” десе уккандары “Иии, койку, баптист” деп чочуп кетишет. “Кыдыр да силерге жагымсыз адамдай көрүнүш керек - деп өзүңөр мага айткансыңар.  А, аны жакшы тоскондор - Кыдыр даарыгандар. Кыдыр Иса тууралуу “Кыдыр” деген окуяны да жаздым (www.scribd.com/risbek).  

Мен 1990-жылдарында бул жакка келгенде силер Исага ачыгыраак элеңер. Эрнис Турсунов Курандын кээ бир сүрөөлөрүн которуп, Ала-Тоо Журналда чыгаргандан кийин көпчүлүгүңөр “Иисус биздики эмес болсо да Иса (Ыйса) биздики” дегенсиңер.  Тоорат менен Инжилди да окушубуз керек деп айткансыңар.     Ал маалда силер мечитте эмес же чала молдонун таасири аркылуу окуган жоксуңар.  Жөн эле, өз башыңар менен Куранды окуй баштасаңар “Иса биздики жана Инжилди окуш керек” деген жыйынтыкта болгонсуңар.  Анан чет элдик миссионерлери тэз эле бул жакка келе баштап, кыргыз элинин ойлорун өзгөртүшкөндөн кийин Куранды бөтөн бирөөнүн башы менен окуй баштадыңар да идеологиясын да алдыңар. Кыргыздар чын эле эркин болсо башыңар да эркин болуш керек. 

Исанын кеби дагы азыркы кыргызга тиешелүү дейм. Мисалы, 

Кара күч адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып таппайт. Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да, анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт. Кайра барып, өзүнөн ашкан жети жинди ээрчите келет да, кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот” деди Иса. (Инжилден)

Акаев кеткенден кийин Кыргыздын ээсин чакырсаңар болмок.  Тилекке каршы, силер өз милдетиңерди аткарган жоксуңар.  Анан Акаевдикинен жанамыраак жети жин бул жакка кирип ээлей баштады.  Кыргыздардын абалы жаманыраак болуп кетти.  Кудайга шүгүр Жараткан кыйналганыңарды көрүп силерди аяп тигилерден бошотту. Азыркы абалыңарды түшүнүш үчүн накта кыргыз аалымдар керек. Достаевский өзүнүн доорун чечмелегендей силер да өзүңөрдүкүн түшүнгөнгө муктажсыңар.  Бул тууралуу мурда көп жаздым.

Иса да башка олуялар менен жарышпайт. Ал Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.  

Такыбаалар өздөрүнүн пайгамбарларына кайрылсын. Мен болсом, жакшы эмесмин.  Кыдыр-Иса мага окшогон начар кишилердин колдочусу.  Ал адамзаттын таштандысын баалайт.  Мага окшогондор диндин мыйзамдарын аткара албайт.  Бир гана Кыдыр даарыганы аркылуу мээримдүүлүк менен ыймандуулукту таптым. Теңируул мага “айланайын, балакетиңди алайын сен үчүн кагылайын - деген. Ал Курандын Месихи жана кыргыздагы машаяк болсо да төлөөнүн чалынган козусу болуп, балакетимди алгандан кийин аны жамандасам же башкаларга сатсам же християндардики деп эсептесем болбойт. Мен Кыдырды андай танбаймын.

Пайгамбардын даражасы пайгамбардыкы. Кыдыр-машаяктын даражасы башкача.  Исанын ыймандулугу накта кыргыздардын ыймандуулугунө дал келет. Анын дили да көз карашы да накта кыргыздардыкындай. Мисалы, байыркы аталарыңар “таш ыргытканына аш ыргыт” да “өлүп кайра тирил” да “кыздын баласындай таза” деп  “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” да ж.у.с. дегениңер Исага тиешелүү эмеспи? Ал диниңерди сат же өзгөрт деп айткан жок. Ал Кыдыр-машаяк. Ал накта кыргызчылыкты башынан аягына чейин аткарат да толтурат да.  Баарын ушундай аткаргандан кийин аны бөтөн элдики же жат диндики деп четке какканыңар туура эмес дейм. Чет элдиктердин идеологиясы силерди өзүңөрдүкүнөн азгырыптыр. Коранда жазылгандай силер айла-амал менен Исаны четке какдыңар:

Айла кылышты.  Алла да “айла” кылды.  Алла “айлакерирээк”.  Алла айткан бул сөздөрдү эстегин: “Эй Ыйса, албетте, Мен сени өлтүрүүчү жана Өз жаныма көтөрүүчүмүн, жана каапырлардын жамандыгынан кутултуучумун, ошондой эле тээ Кыямат Күнүнө чейин сени ээрчиген заттарды каапырлардан жогору койомун.  Кийин мага кайтасыңар. Анан, Өзүм силер талашып-тартышкан нерселер жөнүндө араңарда өкүм кыламын. (Коран 3:54, 55. Мансур, 1999)

Жараткан болсо силерди шылдыңдап, Исаны кыргыз коомунун туу чогусунда орнотту.  Кудайга шүгүр, Иса четке кагылганда, душмандарына карап Теңири-атасына кайрылып “Ата, буларды кечир. Алар өз кылганын түшүнүшпөйт” деп өзүнүн өзүн кагып өлтүргөнү үчүн сыйынды.  Ал ушунчалык кайрымдуу.  Анын дили эң жогоркусу.  Теңири-ата аны угуптур.  Ошол үчүн Чыңгыз агай да        

“... колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок - деп айтыптыр.

Кыргызым, өзүңөрдүн Кыдырыңардан баш тартпагыла, бактылуу эл болгула, Кудай оңдосун, кыргыздар кайрадан кыдыр даарыган эл болсун.

Ооомийин.

Аманбеттин арбагы менен жана Чыңгыз агайдын добушу менен жана Сарытаздын үлгүсү менен жазган менмин.

Рысбектин (Ричард Хебиттин, Richard Hewitt) чыгармачылыктары:

Кыргыздагы Кудай колунун мөөрү,
Ала-тоодогу Кырк Из,
Ак Калпак,
Боз үй,
Бабалардын ашуусу,
Кыдыр,
жана
Манас - Жоголгону табылды

бул сайтта табылат: www.scribd.com/risbek      

No comments:

Post a Comment