Wednesday, July 3, 2013

Олжобай Шакир менен маектешүүсү

Кыргызстанга 94-жылдан бери байма-бай келип-кетип жашагандыктан Ричард Хевитт мырза кыргыз тилин түш жоруй турган деңгээлде билет. Жашы 44тө.  Бул жактагы достору аны Ричард эмес, Рысбек дешет. Буга өзү да абдан ыраазы. Ал өзүн Теңирдин кудурети «мени Алатоого ыйык милдет менен алып келди» деп санайт экен. Маек жүрүшүндө анын пикирин толук ачууга аракет жасадык, бирок канчалык деңгээлде – аны окурман журту сынасын. А дегенде кепти Р.Хевитти эң жакындан билген Марс Бусурманкуловго сөз бердим.
МАРС БУСУРМАНКУЛОВ:
– Рысбек байке өлкөбүзгө биринчи жолу келгенден бери таанышпыз. Кесиби – агроном. Өзүңөр билесиңер, Нарында жашылча жемиш  өспөйт, витамин жетишсиз. А муну Рысбек байке адегенде эле сураштырып, эмнеге экенине таңгалыптыр. Атам Бусурманкул Нарында эң кыйын багбандардын бири болгондуктан, климатка карабай помидор, бадыраң өстүргөндөрдүн бири. Ошондон улам бу киши да Америкадан келип, биринчеле биздин босогобузду аттаган. Океандын ары жагынан Нарын климатына ылайык  үрөндөрүн ала келип, жергиликтүүлөргө айылчарбалыкты үйрөтө баштады. Жыйынтык кийинки жылы эле көзгө көрүнүп, эл жапырт бойдон жашылча жемиш өстүргөнгө өттү.
О.Шакир: – Ричард мырза, кесибиң агроном болсо да эмнеден улам кыргыз маданияты менен тарыхына кызыгып калдың? 
– Кесибим зоотехник, бирок бул жакта агроном катары 94-жылы Айылчарба институтунда мугалимдик кесип менен эмгектендим. Көп өтпөй жаштардын билимге болгон ыкшоолугун көрүп, грант негизинде Нарынга барып дыйкандар менен иштешүүнү кааладым. Мен Кыргызстанга келгенге чейин 16 жашыман тарта диний китептерге («Тоорат», «Инжил», “Забур” ж.б…)  кызыгып жүрчүмүн. Өзүм башынан чиркөө же мечитке сыйынган киши эмесмин. Болгону ыйык китептерге  кызыкканым эле болбосо, эчбир динге өкүл эмесмин. Кайс бир динге чокунуп кеткеним жок. Диний китептерге кызыгуум абыдан терең болгону менен Иса пайгамбар сыяктуу адегенде динчилдерге каршы көзкараш тутчумун. Себеби, эчкачан эки жүздүү дин өкүлү болгум келбейт. Бул жакка келгенден тарта кыргыз элинен эмнени байкадым? Улуу пайгамбарлар Ибраим, Нух, Муса, Искак, Жакып сыяктуу турмуш кечирген эл экенсиңер. Себеби, бул пайгамбарлардын бардыгы чабан болуп, алачыкта жашаган. Жана Чыгыш тарапка сыйынып, мазарларга барып курмандык чалган. Анан силерде кудай конок, кыдыр даарып деген түшүнүктөр бар. Салт-санааңар да ыйык пайгамбарлардыкы сыяктуу. Ушундан улам ыйык жазууларга турмушуңарды көбүрөк салыштыра баштадым. Жогоруда айтылган пайгамбарлар турмушун мурдагыдан терең окууга өттүм. Бир сапар Долон ашуусунан бейтааныш адамдын бозүйүнөн кымыз ичип калсам, кожоюн «Манас» эпосу жөнүндө айтып калды. «Манастын атасы ким, билесиңби?» дегенинен, «Жок, билбейм» дедим. Анан ал «Жакып» дебеспи. Мен мындайды күткөн эмесмин. Эсиме шак эле Жакып пайгамбар келди. Кийин үйүмө барганда (Бишкекке) «Тооратты» дагы бир сыйра окусам, Жакып пайгамбардын он биринчи баласы – Жусуп, Жусуптун тун баласы Манасе, (биздин англис тилинде ушундай окулат. Р.Х.) а Ыйык китепте Манасенин атасы Жусуп, Жусуптун атасы Жакып деп жазылат. Демек, ыйык китептерде жазылгандан бираз эле айырмасы – Манас Жакыптын уулу. Кыргызда бирок Манасе эмес, Манас. А «Тооратта» Манасе мындан 3, 5 миң жыл мурун жашап өткөн чоң элдин атасы. 2700 жыл мурун анын тукуму теңирден тескери кеткендиктен – Теңир ачууланып, Ашуур падыша аларга каршы күч жиберип, туш-тушка тараткан деп жазылат ыйык китептерде. Кийин Манастын уулу Чыгыш тарапта (Иран же Самаркантта. Р.Х.) туткундалган. Ушул жерден эскерте кетейин, бул боюнча кийин абыдан катуу талаштар болушу мүмкүн.
 Ричард, сөзүңө аралжы, сен жөөттөрдүн тукумунан эмессиңби? Болбосо, сага Манасты изилдегендин эмне анчалык кызыгы бар? 
– Голливудга жакын чоңойгонум менен еврей эмесмин. Албетте, еврей досторум толтура. Алардын көп эле майрамдарына катышчумун, бирок алар мени каапыр деп эсептегендей бу жакта силердин араңардагы каапырмын.
– Жеке мени Кыргызстанга келип элибиздин каада-салт, маданият, тарыхына кызыгып жүргөнүң чочулатат. Ошондуктан сени менен көптөн бери маектешүүгө кызыктым эле. Себеби, бүгүн өлкөбүздү көшөгө артынан башкаргысы келген сырткы күчтөр жок эмес. Эгер андай эле илимдеги улуу жолду тандап Алатоо жергесине келген болсоң, ымандай сырыңды төк. Албетте, башкы максатың эмнеде экенин убакыт көрсөтөр, ага чейин мен да сенин илимиңе толук аралашууга макулсуңбу? 
– Макулмун. Албетте, сен экөөбүз бирибизге-бирибиз көмөктөшсөк, жакшы болбойбу.  Эгер мен байып кетүүнү көздөсөм, өзүм жыйнаган бул маалыматтарды силерге эмес, еврейлерге же христиандарга эбак карматмакмын же бир китеп чыгармакмын. Ал китеп еврейлер арасында тез эле сатылмак. Еврейлер азыр Жусуптун урууларын издеп жүргөндүр. Бирок мен жыйнаган маалыматтар байлык үчүн эмес, жеке өзүмө анан силерге керек. Өзүңөр бирок ыйык жазуулардагы улуу кыргыз эли жөнүндөгү маалыматтарды четке кагып келатасыңар. Силер өзүңөрдү өзүңөр баалабаган эл экениңерди туйдум. Ал эми мага окшоп кызыккандарга же баптист, же еврей деп чочулоо менен карайсыңар. Силер мусулман эл катары Аллахка, анын арбир сөзү менен пайгамбарларына, анан периштелерге, о.э. кыямат күнгө  ишенебиз дейсиңер, туурабы? Бирок толук аткарбаганыңарга абыдан таңгалам.
– Эгер сен элибиздин тарыхынан терең маалымат  алган болсоң,  кыргыз негизи түпкүлүгүндө мусулман  элдеринен эмес.– Туура.
– Кыргыз өзү оома калк экенин байкадыңбы? 
– Ооба…
– Демек, башын айландырса болот деп жүрбө?
– Менде андай жаман ой жок… Мен эчкимди башка динге тартпайм, максатым – кыргыздар байыркы бабаларын тереңден тааныса дейм. Даа бир нерсе: Бул ыйык китепте Жакып турат, Манас турат. Арийне, Жусуп пайгамбардын тукуму кайдан экенин билбейсиңер. – «Тоораттагы» Жакып уулу Манасе кайда? – деп силерден сурагым келет…
18 жылдан бери өз эгемендигибизге жеттик деп жүрөсүңөр, бирок  ушуга чейин «Манас» эпосун баалабай келатканыңарга түшүнбөйм. Силер «Манасты» эпос жана жомок катары санайсыңар. Бирок анда терең илимдин да негизи жатат. Өзүмдүн ушуга чейинки көзкарашымда: кыргыздарды пайгамбар элдин тукуму деп эсептейм. Мен өзүм Кудайга ишенем, бирок эчбир динди тутпаймын. Ошентсе да бардык диндерди сыйлайм.
 Мынабул турган китепти кыргыз тилинде түшүндүрө кетчи. 
– «Жоголгон он уруу» аттуу бу китепте Жакыптын он уруусу болуп, бирок ону тең жоголуп кеткени жазылган. Ушул он уруу Жусуп пайгамбарга камтылат, а калган экөө жөөттөргө.
 Ричард мырза, бул китептеги маалымат боюнча кийин өзүнчө маек куралы.  Азырынча, китептеги негизги мааниге токтоло кетсең.
– Жусуптун, Манасенин, Ибраимдин тукумдары кайра Теңирге кайтып келиши керек. Келгенден кийин Машаяк келет деген ишеним бар еврейлерде.
Жусуп пайгамбардын жоголгон урууларын бүгүнкүгө чейин издеп жүргөндөр бар. Бул боюнча Индияга барсам, жапондуктар дагы Израиль тараптан таралганбыз деп жаза баштады.  Мына ошолордун бири мынабул жазуучу Арымасул Кубо. Бу киши менен азыр тыгыз байланыштамын, өзү мыкты илимпоз.
– Биздин түбүбүздү эмнеден улам Израиль, Индияга байланыштырып жүрөсүң? 
– Тибеттен ары Индияда Бормандын чегарасында куки  деген эл жашайт. Алар өздөрүн Манасенин тукумдарынанбыз же Бакайдын балдарыбыз деп санайт. Алардын аксакалы Доктор Коплин менен үч күнү сүйлөшсөм, «биздин Манас Жусуптун баласы. Биз да пайгамбар тукумунан болушубуз керек» дейт. О.э. бул аксакал улам-улам «Бакай, Бакай» дегенинен «Бакай ким?» десем, «Аксакалдарыбыздын эң жогорку сыйлуусу же Теңир» дейт. Аларда бул боюнча санжыра, уламыштар, ырым-жырымдар сыйынуулар да бар болуп чыкты. Аксакал: «илгери душмандарыбыздан качып, чоң Кызыл-Суудан өткөнбүз» дейт. А Муса пайгамбардын «Тооратында» Кызыл-Деңиз деп айтылат. Ж.б.у.с. да уламыштар бар.
– Ричард мырза, учурда Кыргызстан жарандыгын алалбай жүрөсүң, анын сага эмне кереги бар? Же чындап эле түбөлүккө кыргызстандык болуп калууну чечтиңби? 
– Ооба, мен Америкада жашаган атамдан бул боюнча макулдугу менен батасын алып, биротоло Алатоодо калууну чечтим. Бирок баары Жараткандын эрки менен эмеспи, тагдыр жазганын көрөбүз да…
– Атаң канча жашта? 
– Туура 80ге чыкса да, демдүү-күчтүү. Авто-унаасын өзү айдайт.
 Кандай күч сени Кыргызстанга тартып турат? 
– Теңир мени ушул жакка чакырып туруп алды. Калифорнияга анда-санда албетте барып турармын. Эмнегедир эле ой-мүдөөм Америкага караганда бул жакка көбүрөөк жакындай туюлат. Албетте, Калифорнияда Кыргызтанга караганда жыргалчылык. Эли бакубат жашоого жетип, мени менен чогуу өскөн досторум абыдан эле күтүрөгөн байлыкка ээ болсо да мени бул жактын жашоосу канааттандырат. Тескерисинче, мен Кыргызстандан өтө зор байлыкка жеттим. Алар менин досторум, тааныштарым жана өзүмдү кызыктырган маалыматтар. Тилиңерди үйрөнгөнүм – менин рух байлыгым болду.
– Өзүңдүн үйбүлөң кайда азыр? 
– Бу жакта. Кыргызстан мага эле эмес, үйбүлөмө жаккандыктан орун-очок алып калдык.
– Учурдагы кыргыз элинин башкы кемчилиги эмнеде деп ойлойсуң?
– Кыргыздар мурунку күнөөлөрүн моюнга алып, улут катары өзүн таанып жашашы керек деп ойлойм. Мунүчүн кыргыз эли байыркы бабалардын Теңир жолуна кайтышы керек. Силер азыр көрүнгөн элди ээрчип, адашкан жолдогу улут сыяктуу туюласыңар мага.
– Кыргыздын байыркы дини теңирчилик дегендерге кошуласыңбы? 
 Менин көзкарашымда силердин диниңер жаңы эмес, эң байыркы. Бирок ошол өз түшүнүгүңөрдөн алыстап кеткенсиңер. Мен Теңирге сыйынгандыктан Теңирчиликке жакынмын, бирок ага караганда кыргыз ата-бабалардын байыркы ишенимдери мени өзүнө көбүрөк тартат. Себеби, Теңирчилик азыр жаңыдан өсө баштагандыктан аркандай багытта өнүгүшү мүмкүн. Эгер ал бул тарапка өссө, мен аны менен макулмун. Тигил тарапка (азыркы америкалык индеецтердикиндей) багыт алса, мен ага кошулалбайм. Бул тарапка дегеним, кыргыз ата-бабаларынын байыркы ишенимдери. Албетте, биздин динибиз Теңирчилик деп дароо көтөрүп чыгуу кыйынга турат. Аркандай диний кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой болсо да, мындан көп чочулабаганыңар оң. Андай диний карама-каршылыктардан качыш үчүн кыргыз эли Теңирчилик боюнча жалпы бир түшүнүккө келиши керек. Кыргыз өз динине кайтуу менен – өзүнүн байыркылыгын тааныйт. Менимче, силердин улут өзүн-өзү таануудан чочулай турган жерде эмес.
Бозүйдөгүлөр өз динин сатпасын Теңир тоодогулар өз дилин сактасын – деген ой “Бозүй” китебимде жазылып турат.
– Илимий далилдериңдин баарын ыйык китептерден алыпсың, бирок «Манас» эпосунун өзүндө ошол чаар китептеги далилдерге шайкеш мисалдарың барбы? 
– Толтура. Санап отурсаң, түгөнбөйт. Мен бул боюнча өзүмдүн салыштырууларымды өз колуңа бердим, аны гезитиңдин кийинки санында жалпы окурмандарга тааныштырып көр. Менимче, эчбир кургак далил болбойт деп ойлойм.
 Ооба, өзүбүздүн Манас илимин изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, сенин эмгегиңде таптакыр жаңы маалыматтар толтура үчүн табылгаларың айрым кыргыздарды ыраазы кылып, айрымдарына чоң кубаныч болууда.
– Мен дайыма айтып келем, ыйык жазуулардагы Манас боюнча маалыматтарды калпып алып, ага терең илимдин көзкарашы менен мамиле жасалыш керек. Себеби, мынчалык дал келүүлөр кокусунан эмес. Манас боюнча буга чейин жеткиликтүү изилдөө жүргүзбөгөнүңөрдүн бир жагы – ыйык китептерге терең  үңүлгөн эмессиңер. Мага чейин дагы бирөө четтен келип, сиздерге бир сырдуу китепти ачты.
– Ким? 
– Алманбет.
– Ричард мырза, чынында буга чейин Манас илимин «изилдеп» академик, доктор, профессор болгондор толтура. Бирок алардын бири да сен көргөн булактын көзүн ачышкан эмес. А түгүл Манасты жараткан Сагынбай, Саякбайга мамлекеттик наамы бар илимпоздорго жасалган сый да буюрбады. Өзүң байкагандырсың, ушуга чейин бул эки залкардын ысымы коюлган маданий жай же укмуштуу эстелик да жок. Манастын урпагы кыргыз тилине зор эмгек кылган Юдахиндин кадырына жетпегендей эле кыргыз эми сенин да кадырыңа жетпейбиз. Тескерисинче, Манасты мынча терең изилдегениңдин «акысына» жемесине деле кабылышың мүмкүн. Мунун баарына дайырсыңбы? 
– Чубактын Алманбетке кылган кылыгындайбы? Даярмын. Чубак өзү баатыр болгон. Түпкүлүгүндө чыныгы адептүү элсиңер. Андыктан, кайра артка кылчактабай, өмүрүмдү Манастын урпактары байыркы пайгамбар тукумунан экенин далилдөөгө арнагым келет. Болгону силердин эл руханий тумандын алдында турат, ошондон тезирек чыгышыңар керек. Себеби, учурда силердин өлкөңөргө сырттан келген каршылыктар, тоскоолдуктар толтура. Өз мүмкүнчүлүгүңөрдү, өз кадырыңарды сезбей-билбей жашап атасыңар. Өзүңөрдүн улуу эл экениңерди баалабай, тереңдеги тамырыңар турса, ошону өстүралбай, кыркып аткандай туюласыңар.
 Илим изилдөөдө чөнтөктө акчаң болушу керек. Өзгөчө, биздин шартта. Ал эми сен Манасты изилдөөдө Израиль, Индия, Тибетке чейин барыпсың. Бирок ошол сапарга корогон чыгымдар кайсы тараптын эсебинен болуп жүрөт? 
– Мен Тибетке эмес, анын ары жагындагы “Манас” паркына бардым. Чынында мен биринчи жолу Индияга барганда, чөнтөгүмдө акча түгөнгөн. Бирок ал жактан кудай жалгап, ойго келбеген жерден бир таанышыма жолугуп калдым. Таанышым мейманга чакырып, барсам, үйү толо конок экен. Алар менден Кыргызстан жөнүндө кызыктуу ойлоруңду бөлүшпөйсүңбү деп, мен өз баянымды баштадым. Индиялыктарга менин силер тууралуу айткандарым кызык болду. Сөзүм аяктагандан кийин алардын ичинен экөө мага 500 АКШ долларын белекке берерин күткөн эмесмин. Себеби, өзүңөр билесиңер: индиялыктарга караганда мендей америкалыктар өздөрүн материалдык жактан бай деп эсептейбиз. А индиялыктар рухий нерселерге берилген эл. Көрдүңбү, ошонтип Теңир буйругунан болдубу, айтор, алардын 500 доллары менен Индиянын Борман чегарасындагы Бакай бабанын балдарыбыз деген Куки уруусуна жетүүгө мүмкүнчүлүк таптым.
– Теңирдин буйругу дегениң кызык экен… 
– Албетте, муну Теңирдин буйругу деп санайм. Анткени, өз ата-энем анчалык бай да, кедей да үйбүлөдөн эмес. Өздөрүнүн жашоосу өздөрүнө жетет. Алар илимдеги максатымды түшүнүп, мен төрөлгөндөгү чоң атам, чоң энемден берки мага деп сактаган байлыктарын акцияга коюп сатышты да, болгон акчаны колума карматышкан. Мен ошол акчаларды бул жакта жашагандан баштап, четинен коротуп бүттүм. Бирок кыргызда кудай деген кул өлбөйт демекчи, буюрса, баары болот деген үмүтүм бар. Кыргызстанга келгенден бери деле ырыскым кемий элек, демек, мунун баарын Теңирден го…
 Ричард, кызыктуу маекти дагы улаарбыз. Азырынча өзүң сүйгөн кыргыз элине Жаңы Жылдык каалооң кандай? 
– Силер адашкан улут сыяктуу сезилесиңер дебедимби. Ошондуктан силерге кааларым – Теңир атаңар менен элдешип,кыргыз башка элдердин аягы эмес, эң башкысы болушу керек. Силер ошол башатыңарга жетүүңөрдү каалайм.
– Сенин жашоо образың чынындале таза кыргыздардыкындай болуп калыптыр. Биздин элдин дайыма кудайдын буюрганын көрөбүз деп күн кечиргенине көнүп алган окшойсуң? 
– Ооба, ооба. Кудайдын буюрганы баарыбызга бирдей экенине көзүм жетти. Эң кызыгы, мен бул жакка келгенде, эмнеге таңгалдым, – колунда беш коюнан башка эчнерсеси жок кыргыздын үйүндө конок болгондо. Ал бечара «кудай коноксуң» деп бир коюн мага арнап соем дегенине көнбөдүм эле, болбой мууздашты. Мен ушунчалык ыңгайсыздандым. Анткени беш коюнун бири союлуп атса, демек, байлыгынын 20%ы мага короп атпайбы. Ошондон кийин мен да бу дүйнөгө кыргызчасынан карап, баарын кудайдын буюрганынан дегенге өттүм. Албетте, мен ушундай окуяларды мурунку пайгамбарлардын баяндарынан окудум. Эми, ошол Кыргызстанда байыркы олуялардын кагазга жазылган турмушу – тирүү спектаклдей болуп калды. А мен аны сырттан тиктеп отурган көрүүчүдөй эмес, өзүмдү каармандардын бириндей сезип турам.
– Сени жакындан билгендер этти өкүртө жейт деп жүрүшөт, чынбы? 
– Эт жеп, кымыз ичкенди жакшы эле үйрөндүм. Эң биринчи жолу кыргыздын үйүндө мейман болгондогум кызык… Кечки саат 5ке чакырышканынан, курсагымды камдап келсем, козуну ошондо араң союшту. Көрсө, малды мейман босогону аттагандан кийин соет турбайсыңарбы. Ошо менен эт бышканга чейин курсагым курулдаганынан жарма, нан, салат, вареньесин аралаштырып жей бердим. Бир убакта мантысы келди, а курсакта орун жок, бирок уятыман араңдан зорго анысынан да жедим. Манты жыйналары менен алдыбызга бешбармак тартылды. Көрүп ал анан, жебейм дегениме көнүшпөй, түнкү саат экиге чейин сыйлашты. Жедим. Эртең менен да саат 6да түндө калган этти жалмап, ошентип Муса пайгамбар сыяктуу бир түндө бир козуну жегенибиз мага таңгалыштуу болду.
 Сен азыр бу жакта батирде жашайсыңбы? 
– Жок, кудайга шүгүр, сатып алган үйүм бар. Бирок кабат үйдө жашагым келбей, аны сатып, жер үй алсамбы деп турам.
– Кыргызча оокат кылайын деген экенсиң да… 
– Ооба, күндүн ырыскысын алыш үчүн бираз эртерээк турушум гана керек го.
 Соң-Көлдө малың бар деп да угам. 
– Бираз малым бар. Кечээ байкем суранып, бодо малымдын бирин карызга алды.
– Сен анда нак эле кыргыз болуп калыпсың. 
– Буюрса. Бирок мурдатан калыптанып калган бир эле каапырчылыгым бар.
 Мени орус же америкалыктар Олег же Огюст деп чакырганын каалабас элем.  Ата-энең азан чакырып койгон Ричард деген атыңды кыргыздар Рысбек деп буруп алганына нааразы эмессиңби? 
– Эмнеге нааразы болом. Муну да Теңир буйругу деп эсептейм. Сени деле менимче, ата-энең, досторуң Олжоке же Олтай деп эркелетер, туурабы… Эпосто силер Санирабигага Каныкей деген ат бергенсиңер да.Ошол сыяктуу эле кыргыз досторум мени Рысбек деп эркелеткенин сыймык катары кабыл алгам. Сөздүн маанисин деле карасаң, – ЫРЫСбек…


No comments:

Post a Comment