Monday, March 30, 2015

Чар китеп (Чаар Китеп)



Чар китеп
             
              Бул эмгекте, кыргыздын жана библия булактарынын ортосунда коштолгон көптөгөн тийиштүү статьялардын биринин темасы, Тоораттагы «Жакыптын уулу Манасси»[1] менен кыргыздын «Манас» эпосундагы «Жакыптын уулу Манас» жөнүндөгү табылганын негизинде салыштыруу анализи козголот.

Киришүү
              Көчмөндөр өздөрүнөн кийин көптөгөн колжазмаларын калтырган эмес, бирок, бул кыргыздардын адабияты же өздүк жазмалары жок дегендикке жатпайт. «Манас» эпосунун бир нече вариантында китептер тууралуу далай көрсөтмөлөр бар. Биздин иликтөөлөрүбүз эпос же, сырдуу «Чаар Китеп» менен эмес, Орхон жазуулары болгон байыркы алфавиттен башталмакчы.

Орхон жазуулары
              Орхон жазуулары тамгалардан туруп, аны VIII-XIIIкк. Сибирь жана Ортоазиянын айрым бөлүктөрү колдонгон. Енисейлик варианты, IXк. Кыргыз жазмалары менен белгилүү, кыргыздар аны, династиясы гүлдөп турган мезгилде[2] колдонгондугу чындыкка көбүрөөк жакын, ошондой эле аларга Талас алфавити да байланыштуу. Орхон жазуулары Жакынкы Чыгыш менен Персиянын арамейлик жана байыркы сириялык тамгаларынан келип чыккандыктан, кыргыз аймагындагы Орхон жазууларынын болушу Тоорат менен Жакыптын «жоголгон уруулары» туурасындагы аңызга дагы бир байланышты кошуусу мүмкүн, анткени, бул семит группасына таандык «жоголгон уруулар» арамей тилин колдонушкан.

Байыркы сириялык тил
              Кыргыз орхон тамгалары байыркы сириялыктардан келип чыккан, ал эми Жакыптын (Иаков) уулу Манассинин тукумдары качандыр бир мезгилдерде азыркы Сириянын аймагында жайгашышкан. Бирок, арамейлик жана байыркы сириялык ариптердин Ортоазияга келүүсүнүн башка дагы жолдору бар. Байыркы сириялык тил несториандык христиандардын же манихейлердин аркасында кыргыздар арасына бекемделгендир. Алар да, булар да байыркы сириялык тилдин формаларын колдонушкан.2 Ошол эле убакта, арамей алфавити Дарийдин башкаруу учурундагы персия империясынын лингво-франкиясы болгон.3   

Жусуп тууралуу оозеки айтымдар
Жакынкы Чыгыштан ыраак Манасси (Манассия) тукумдары чачыратылган баардык жерлерде, семит үйбүлөсү алдындагыларга тийиштүү байыркы еврей тили менен Манасси тукумунун байланышын калыбына келтирүүнү каалаган аракеттер жүргүзүлдү. Жусуптун тарыхынын оозеки айтылыштары бүткүл мусулмандар дүйнөсүндө кездешет. Бул аңгемелер Библия менен Курандын көрсөтмөлөрүн аныктайт жана байыркы еврей тилдүү Манассини өзгөчө баса белгилейт:

«… алар (Жусуптун бир туугандары) еврейче сүйлөшөт, жана айланадагылары (египеттиктер) алардын эмнелерди сүйлөшкөнүн, бир гана Манассиден башкалары билишкен эмес».4

Байыркы еврей тилин билген Манасси бойунча, эске түшкөн аңгеме, чамасы, бир гана максатка: этникалык идентификацияга (ата-тегин билүүгө) кызмат кылат. Анын атасы Жусуп Египеттин премьер-министри болгон. Жана апасы египеттик болуп, Манассинин өзү дагы ал жерде туулган. Анын жарым уруусу бүгүнкү күндөгү Израилдин сыртындагы, Иордан дарыясынын чыгыш жээгинде отурукташкан. Б.з.ч. VIIIк. Израил чекарасын  каптап каршылык көрсөткөн бөтөн күчтөр тарабынан, Манассинин тукумдары биринчи багындырылгандардан эле. Б.з.ч. 732-жылы ассириялыктар кол салганда, Манассинин тукумдары Жибек жолундагы алыскы жерлерге чачыратылгандардын биринчиси болгон. Балким, айтуучулардын арасынан кимдир бирөө Жакып менен Жусуптун мурдаакы байланышы жөнүндөгү Манассинин тукумдарын атайын эскерип айткысы келгендир.       

СНМ
              Сириялык жазууларда 22 тамга, алардын ичинен баары үнсүз ачык эмес үндүү. Бул жазмаларда «Манас» деген сөз минтип жазылган «МНС» (алсак, сирия жазууларында  текст оңдон солду карай жазылат, ошон үчүн ысым тескерисинче берилди, «СНМ»). «Манас» эпосунун кийинки бөлүкчөсүндө олуя жан же думана эл алдына пайда болуп наристеге Манас деген ысымды ыйгарды.

Пайда болду думана
Отурган элдин жанына
Берсеңер эгер уруксаат,
Мен койойун атын – деп,
Думана айтты бу кепти.
Ат койуңуз макул деп,
Адамдын баары чуу этти.
Пайгамбардын сүрөтү –
Баш жагына “мем” келсин.
Олуянын сүрөтү –
Ортосуна “нун” келсин.
Арыстандын боруму –
Аягына “сен” келсин.
Ал үчөөнү кошкондо,
Аты болсун «Манас»! – деп,
…Көздөн кайым жок болду
Эми эле турган думана.5

Манастын аты сириялык жазууларда бир гана мүмкүн болгон үндүү эмес тамгаларда айтылган. Бул «Манас» эпосунун, орхон жазуусу келип чыкканга чейинки «Аллахтын эң алгачкы ачылышы» менен бирге жаралгандыр дегенге пайда алып келген дагы бир күбөсү.6

Ыйык жазуу
Кыргыздын өзүнө таандык китеби же жазуусу болгонбу? Казакстан илимдер академиясынын чыгыш таануу кафедрасынын директору, профессор Меруерт Абусейитова, кытай булактарынан казак менен кыргыздардын өздүк жазма маданиятын өркүндөткөнүн көрсөткөн, көптөгөн документерди ачкан. Ал жалпы кабыл алынган ойго карабастан, китептер жана жазуулар көчмөндөргө чоочун болгон эмес деп, баса белгилейт.7 «Манас» эпосунун бир нече версиясында кыргыздарда болгон түрдүү китептер жөнүндө эскерилет. Сагынбай Орозбаков дагы вариантында илгерки автор, молдо Осмон тууралуу айткан:

                         Инжил менен Тоорат,
                         Жазуусун билип төбүрөөк,
                         Ырайдын билип алибин,
                         Окуган экен көбүрөөк.
                         Азирети Жебрейил
                         Айтып кабар салыптыр,
                         Ак пайгамбар Мустапа
                         Айтканынын баарысын
                         Акылына салыптыр,
                         Ал сөздүн баарын молдо Осмон
                         Китеп кылып калыптыр…8

Бул молдо Осмон деген автор, Тоорат менен Инжилди окуп, анан өзүнүн жеке китебин калтырган. Саякбай Каралаевдин кийинки бөлүкчөсүндө эларалык күчтүү сайыппуруштукка9 (лидерликке) татыган, кыргыздын бабасы туурасында кеп козголот. Алардын кабылданган атак-даңкы, түздөн түз аян-каттар менен байланыштуу болгон:

                         Түп атасы Түгөл кан
                         Башкы атасы баары кан
                         Башынан кыдыр даарыган…
                         Муну, башынан кудай оңдогон,
                         Он эки пирге кол берип,
                         Калайпадан кат алган,
                         Муну менен сайыппуруш аталган.10

Демек «Манас» эпосунда чагылдырылгандай ыйык аяндарга ээ болуу түздөн түз бата менен сыйга байланыштуу болгон. Кыргызстандын эң атактуу сахиби, Чыңгыз Айтматов, Библиялык принциптер боордош Ортоазиялыктардын кыжырдануусун келтирсе дагы, ал буга карабастан аны өз чыгармаларында пайдаланып, адабияттагы сайыппуруш наамына жетти. Бул сайыппурушта болгондой, анын даңкы менен ыйык жазууну билүүсүн байланыштырсак болобу? “Калайпа” деген затты ыйык жазуулардагы “керуп” менен салыштырсак болот.  Керуптар теңирдин сандыгындагы жазууларды коргогон жогоргу периштелер.  “Керуп” кыргыз тилинде “калайпа” болуп калдыбы?  Кыргыз алардан кат алган беле?

              Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунда да, Манас туулаардын алдында ушундай эле башка китеп эске алынат.

                         Жамгырчы менен балта дөө,
                         «Ыстырлаптын» китебин,
                         Жакшы билет ал экөө.
                         Кыйналганын эске алып,
                         Кызыл китеп колго алып,
                         Кыйла окуп алыптыр.
                         Кыргыздан Манас чыгат – деп,
                         Жазылып катка калыптыр…11

Алдыңкы бөлүкчө ыйык китеп менен тааныштар үчүн кошумча кызыгууну пайда кылат, анда минтип жазылган:

Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: «Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле» - деп сурады. Алар ага мындай деп жооп беришти: «Жөөттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени, бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган…12
           
Кыргыздар дагы, байыркы эврейлер дагы баатыр-куткаруучуну күтүшкөн жана кандайдыр-бир ыйык китептеги анын төрөлүүсү жөнүндөгү алдын ала айтылган окуянын ичинде жүрүшкөн. Ироддун китеп билгилери кайсыл пайгамбарга таянганын биз билебиз, бирок, кыргыз окумуштуулары кайсы жазуу же пайгамбарга таянышкан? Мүмкүн алар бирөөнө эле таянып жатышкандыр13 анкени ыйык китептеги Манасе Жусуп уулу болгон, бирок чоң атасы, Жакып, аны асырап алгандыктан “Жакып уулу Манасе” болуп калды.  Жусуп атасы деп эсептелген эмес.  Бир нече кылым өткөндөн кийин Матайдын вариянында Исанын санжырасы мындай жазылган: Иса - Жакып уулу Жусуптан төрөлгөн, бирок аны Жусуп уулу деп эсептелген эмес.  Айрымдар “Мариам уулу Иса” дешет, башкалар “Теңируул” дешет. Ошондой эле, Иса Айкөлдүн кебетесинде.               

Бакай чаты
Индиянын түндүк чыгышындагы “Тибеттин артында”14 жашаган Куки уруусу, өздөрүн “Бакай чаты” деп эсептешет, тактап айтканда Бакайдын тукумдарыбыз дейт.15 Бакай – «Манас» эпосундагы башкы каармандардын бири болгон, Манастын түштүктөн келген тууганы.

Мен Индиядагыдай Бакай чатын, Израилден дагы учураттым. Библиядагы Манассинин тукумдары болобуз деп эсептеген, Израилдин тургуну Цви Хауте, Куки уруусунун мүчөсү, ал эми, доктор Куплам, Индиянын Манипура штатындагы Куки уруусунун мүчөсү, экөө тең өздөрүн Бакай же Пакай аталган кудай сыяктуулардын тукумдары экенин моюнга алышат. Антсе да, алар өз уруусундагы диний-саясаттын талашына түшкөн карама-каршылыктуу тараптардын өкүлдөрү. Ошентсе деле, Хауте дагы, Куплам дагы мага берген өз-өзүнчө интервьюсунда, алардын уламыштарын кытай иттери жеп, же, аларды Тоораттагы аяндарынан бөлүп салгандай көрүнөт – деп айтышты. Мага экөө тең бирдей кытай иттери – бул кытай ханы деп түшүндүрдү. 

Кыргыз каттары
Эгерде кыргыздар, Куки уруусу сыяктуу Манасси урпактары болсо, анда «Манас» эпосундагы жоголгон ыйык китеп жөнүндөгү тарыхтан окшош окуяны күтүүгө болот. Чындыгында эле, Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» аттуу эпосунда да, кытайдын жолбашчылары кыргыздын колжазмаларын өрттөгөндүгү туурасында эскерилет.

«Билимдүү эл дүйнөдө бир гана биздин эл болот» деп, кытай кечилдери Ордонун казынасын талаганда андагы бичик жазмаларды өрткө салды: «Кыргыздын башына түшкөн каран түн мээсине да түшсүн, эгерим экинчи жазуу билбесин» деген бүтүм болду.16

Кыргыздын бул өрттөлгөн кол жазмаларында Тоораттын үзүндүлөрү болгонбу? Кытай, Куки уруусунун Тооратын талкалагандай, кыргыздын дагы ыйык жазууларын жок кылды. А. Жакыпбек менен макул болсок, кыргызда туңгуюкка каршы туруп жарыкка умтулган “ыйык жазуусу” болгон. Ыйык китеп дагы бат-бат жарык чачуучу эсептелген. Куранда минтип айтылат:

Биз Мусаны өзүбүздүн атагыбыз менен жөнөттүк жана ага айттык: өз элиңди караңгылыктан жарыкка алып чык…17

Албетте, баардык билим менен китепти жарык аташат. Адамдарды сабаттуулуктан ажыратуу – бул аларды башкарып туруудагы тез-тез колдонулган ыкма. Манмастын (же Манассинин) урпактары Куки уруусу дагы, Манастын урпактары кыргыздар дагы, каардуулукту жасашкан тирандарды кытайларды эстешет.  Окшош кейипте алсак, Куки уруусу менен кыргыздар лингвистикалык, миграциялык, тарыхый жана маданий жалпылыкты алып жүрүшөт.18 Эки этникалык группа тең, эки жакка бирдей ээленген, бир эле жоголгон жазуу тууралуу эстешеби? Бул суроо узак изилдөөлөрдү талап кылат.

Чар китеп (Буурул китеп)
Мен интервью алган улгайган кыргыздар, «Төрт-китеп» же «Көп-китеп» дегенди билдирген, «Чар китеп» (же, Буурул китеп) аталган ыйык китепти эскеришти.19 Интервьюга катышкан көптөгөн аксакалдар, «Чаар китепти» көрүшкөн, бирок, эч кимиси мага көчүрмөсүн берген жок. Алар мага анын байыркы ыйык китеп экенин айтышат. Кээ бирөөлөр аны түшүнүксүз тилде жазылганын, бирок, арабча эмес экенин айткан. Дагы башкалары ал деген арабчадан айырмаланган, байыркы тилде жазылган Куран дешсе, үчүнчү дагы бирөөлөр аларга кошулбайт. Оштук бир элүү жаштагы Баатырбек Ишмаилов деген кыргыз, «Чаар китеп» - бул мусулмандардын төрт ыйык китебинин жыйнагы деп айтты, алар: Тоорат, Забур, Инжил жана Куран.20 Кырк жаштагы Нарындык аял Перизат Идрисова мага буларды айтты: «Чаар китеп», ар кыл пайгамбарлар тарабынан ар кайсыл кылымдарда жазылган, «көптөгөн» майда ыйык жазуулардагы китепчелерден жыйналган китеп. Анан ал мага Библияга топтоштурулган, толтура китептерди көрсөттү.21 Кытайдын батыш аймактарына несториандар библиядан алынган өзүнчө китепчелерди таркатышкандарын, тарыхчылар баса белгилешет.22 Борбордук Азиянын жашоочулары кылымдар бою библиялык тексттерге кызыгышкандарын, Питер Голден талдаган Codex Cumaniсus сөздүгүндө белгиленет.

Профессор Зина Караева «Чаар китеп» менен ыйык китептин оросунда кандайдыр бир байланыш бар деген ойду четке каккан, анын мындай көз карашы анын  «Чаар китепти» сыйкырдуу деп эсептөөсүндө болгон.23  Бирок, Библиянын колдонулган бөлүгүндө, литургиялык (көөнө) тилде жазылган мисалы, сирия тилдериндеги кээ бир көрүнүштөр сыйкырдуу китеп катарында саналбайт. Курандан айрым аяттар доскага бор менен жазылып, анан чыныда жуулган кейипке окшойт. Андан соң Ыйык аралашма оорулуу же каргышка калган адамга берилет. Буга окшогон ыйык жазууларды кээ бир адамдар тумар же талисман катарында колдонушат. Эгерде «Чаар китеп» менен аткарылса, анда бул сыйкырчылык же оккультизм катары каралмак.

              Вильям Рубрук несториандар негизи библиялык китепти сирия тилинен жергиликтүү тилге которбогонун көрсөткөн. Ал несториандык поптор бат-баттан сыйынуу кызматын өткөрүшкөнүн көрсөтөт.24 Ошондуктан «Чаар китеп» сыйкырдуу китеп сыяктуу жазылса, анда ал төрт исламдык китеп же, көптөгөн майда библиялык китептердин жыйнагы болушу мүмкүн. Так эле куранда жана библияда өткөрүлгөндөй, ар башка диний аракеттер же, табынуу жөрөлгөлөрү, чаар китепте дагы колдонулган болуш керек.

«Чаар китеп» ар кайсыл диний материалдарды өзүнө сиңирип алышы мүмкүн. Кытайдын Синьцзян провинциясындагы турпандык, дунгандык жана кара-котондук райондордон ишенимдин, сыйынуунун, гимндин, манихейлик жазманын символдорун ошондой эле Библиянын бөлүктөрү менен Куранды издесе болот.25

Китепкана
Бул эмгектин темасына кайтып келсек: чаар - «көп» же «төрт» дегенди билдирет. Бул аталыш «көп китептүү китеп» Библия үчүн ылайык келмек. Азыркы кыргыз христиандары Библияны bibliotheca, тактап айтсак «библиотека» (китепкана) деп аташат, себеби, ал көптөгөн кылымдардын ичинде бир нече авторлор тарабынан жазылган арбын китептерден турат. Жогоруда айтылгандай, бул чаар китептин айрым китептери Борбордук Азиянын Турпан бөксөлөрүндө табылган.

«Чаар китеп» балким Ыйык жазуулардан келип чыкты деген көз карашка бир аз гана адамдар макул болсо, бул ислам аймактарында андан көптөр чоочулашат. Антсе дагы, бул тыйуу салынган китеп кыргыз этнологиясын ошончолук таамай чагылдырат, андыктан, биз эми жалпы кабыл алынган ойду ашыкча кайталап же, кыргыздар үчүн «бөтөн» болгон, дүйнөгө белгилүү бул адабий жыйнакка көңүл бурбай койо албайбыз. Ортоазия илимий биргелешкен коому төмөнкү Жакыб (Иаков) менен Жакыптын, Манасси менен Манастын, Ребекка менен Рабийганын, Ханаан менен Намаандын, Мамыр менен Мамренин, мекенин таштап кеткендердин жетимишин жана Тоорат менен эпостогу 600000 аскер миграциясынын окшоштуктарын карап өтүүсү зарыл. Ушулар анан дагы, эсепсиз Библиялык салттар, кыргыздар арасында сакталган Эсенгулдун генеалогиясы, Ысык-Көл менен Халахтын байланышы (куугунтукталган жер), Жусуп менен Жакыптын бир туугандарынан ажыраган учурундагы курактарынын төп келиши, Самария менен Самарканд, ДНКнын жаңы анализдери, ж.б. ж.б. Жакыб (Jacob) менен Жакыптын ортосундагы күчтүү байланыштар көрсөтүлөт. Бул архетип же жамааттык аң-сезим эмес. Бул чоң байланыш. Кыргызда китеп болгонбу, болсо кайсыл мезгилге чейин деген суроо койсо болобу?

«Чаар китепке» француздук антропология мектебинин көз карашы менен каралган мамиле төмөнкү суроону берүүгө мажбурлайт: «Жок болгон китептин же болбосо анын бир бөлүгүнүн кыргыз этнологиясына болгон таасири кандай? Жоголгон бөлүктөр кайсыл-бир функцияны аткарганбы? Анын жок болуусу кандайдыр-бир жетишпегендикти чакырабы?»26 Библиядагы тарыхый китептерде Жакыптын он эки уруусунун гүлдөөсү менен кыйроосу каралып, жана алардын ишенимдүү жазылган мыйзамдарын туура көрөт. Алардын дүйнөтаанымы жөнөкөй болгон: Кудай алдында ишенимдүү жүрсө алкышка ээ болот, же жазууларга каршы жасалган иштин жыйынтыгы да бар дешет. Женеванын эларалык атакка чейин гүлдөп-өсүшүн көпчүлүк учурларда, шаардык тургундарды библиянын принциптерин сактоосуна болгон Джон Кальвиндин өтүнүчү менен бат-бат байланыштырышат. Тарыхты ушундай көзкараш менен талдоо примитивдүүбү? Же, мындай көзкарашка биздин азыркы берген баабыз ашкереликти жаратабы?

Бул жерден мен муну айткым келет, библиялык тексттерге катышуулар cөзсүз эле, кыргыздар жөөттүк-христиандар коомунун мүчөсү болгон дегенди билдирбейт. Чынгыз Айтматов жазуунун өлбөс темаларына жарык чачууда өз динин алмаштырган жок. Борбордук Азиянын көпчүлүк тургундары өздөрүн бул китепти чыгыштан  тартып келип эми анын казынасынын жападан жалгыз ээси катары сезген так эле батыштын жашоочуларындай алып жүрүшөт. Бул көз караш жөн гана чындыкка коошпоойт. Ыйык китептер чыгыш көчмөнчүлүктүн контексттинде жаралып, жөөт ичиндеги көрүнүш катарында гана каралып, христианчылыктын төрөлүүсүнө жардам берди, ислам түзүүчүлөрү үчүн негизге айланды, Кыргызстандагы Теңирчилик дини менен өтө окшош жана өз мезгилинде улуу Ганди индуизмин эргүү шарапатына бөлөдү. Мусулман жана индуисттик группаларды кошкондо, бул китепти бул же тигил формасында моюнга алган, иудалык жана христиандык эмес башка көптөгөн коошуундар кезигет. Тарыхый, археологиялык, антропологиялык, адабий жана юридикалык коомдордон сырткары ыйык китеп маалымат булак катары көп колдонулат, Библия бат-баттан адамзат тарыхын көбүрөөк көрсөтүп өткөн жана цитаталаган китеп катары иштеген. Иудалык-христиандык дүйнөдөн алыс, байыркыдан сырткаркы Ортоазия маданиятынын тереңинде эң эле сонун Библиялык темалар жүрөт, бирок, бул өтө таң калыштуу болбош керек.
           



Список литературы
Bernsstein, M. Stories of Joseph: Narrative Migrations between Judaism and Islam. – Detroit: Wayne State University Press, 2006.

Brook, K. A. The Jews of Khazaria.  - Jason Aronson, 1999.

Dickens, M. Nestorian Christianity in Central Asia. – 2001.

Golden, P. The Codex Cumanicus, Central Asian Monuments. – Istanbul, 1992.

Goldstein, D. B. Jacob’s Legacy, a Genetic View of Jewish History. – Yale University Press, New Haven & London, 2008.

Halkin, H. Across the Sabbath River. – New York: Houghton Mifflin Company, 2002.

Jacobovici, S. Quest for the Lost Tribes. - A&E Television Networks, DVD, 1998.

Jung, C. G. The Archetypec and the Collective Unconscious. - Princeton, N.J.: Bollingen, 2nd ed., 1981.

Maity, S., Trivedi, K. Tracing the genetic imprints of the lost Jewish tribes among the gene pool of Kuki-Chin-Mizo population of India. – Genome Biology, 2004.

Mamai, J. The Kyrgyz People’s Historical Epic – MANAS, told by Jusup
Mamai. Urumqi: XingJian People’s  Publisher, 1995.

Minorsky V. Hudud al-Alam ‘The Regions of the World’ - A Persian Geography 982 A.D. - Cambridge: Reprinted by University, 1982.

Pickthall, M. The Meaning of The Glorious Qura’n with English Translation. – Istanbul: Chagri Yayinlari, 1998.

Thomsen, V. Inscriptions de l’Orkhon dechiffrees, Suomalais-ugrilainen seura. – Helsinki: La societe de literature Finnoise, 1893.

Wells, S. The Journey of Man,  a Genetic Odyssey. – Random House, 2003.

William of Rubruck. The Mission or Friar William of Rubruck/Jackson, P., Morgan, D. – London: Hakluyt Society, 1990.

Абдырахманов, Н. Улуу баян. – Бишкек: Бийиктик, 2007.

Абусейитова, М. Ортоазия тарыхын окутуунун  жаңы мамилеси. «Көчмөндөр дүйнөсү: өткөнү жана келечеги» Конференциядагы лекция. Бишкек дипломатиялык академиясы. – 13-14 – баш оона айы 2008-ж.

Айтматов, Ч. 5 томдук Дилбаяндар жыйнагы. – Бишкек, Бийиктик, 2007.

Акеров, Т. Байыркы кыргыздар жана улуу талаа. – Бишкек: Бийиктик, 2007.

Жакиев, Б. Манас кыргыздын баатырдык эпосу. – Бишкек: Бийиктик, 2007.

Жакыпбек, А. Теңири Манас. – Бишкек: Кыргызстан, 1995.

Жусупов, К. Манас. – Бишкек: Мээрим эларалык фонду, 1995.

Идрисова, П. Интервью (Бишкек, 2006-ж).

Ишмаилов, Б. Интервью (Бишкек, 2007-ж).

Каралаев, С. Манас. – Кыргыз элинин баатырдык эпосу. (Бишкек, Кыргызстан, 1995-ж.)

Караев, З. Интервью (Бишкек, 2008-ж).

Орозбаков, С. Манас. Кыргыз элинин баатырдык эпосу. – 4-т./Башкы ред. Петросян А.А. – М.: «Наука» чыгыш адабияттары басмасынын башкы кеңсеси, 1984.

Орозбаков, С. Манас/Ред. АН КР. – Бишкек: Шам, 1997.

Төрөкан уулу, Э. Кыргыздын кыскача санжырасы. – Бишкек, 1995.

Хауте, Ц. Интервью (Иерусалим, 2005-ж).

1

[1] Священная писание: Смысловой перевод Таурата, Книги пророков, Забура и Инжила. (Издателство “Стамбул” 2003). Башка котормолордо “Манассия” “Менаше” же “Манас” болот. 


[2] Thomsen, V. Inscriptions de l’Orkhon dechiffrees, Suomalais-ugrilainen seura. – Helsinki: La societe de literature Finnoise, 1893.