Monday, June 18, 2012

Sunday, June 3, 2012


Кээ бир адамдар ыйык билимге татыктуу эмес.  Башкалар болсо билишет да, өз жанынан кечүүгө да даяр болушат.   


Бир жолу Иса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Иса алардан: «Эл мени ким деп эсептейт?» деп сурады.
Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, дешет», деп жооп беришти.
Ошондо Иса алардан: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» деп сурады. Петир Ага: «Кудайдын Машайагы», деп жооп берди.
Бирок Иса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, деп, катуу эскертти да,
Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», деди.Иса бардыгына кайрылып: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.