Monday, April 27, 2015

Олуя Улукмандын кол жазмасынан

Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди: 
— Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула. Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат. Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула. Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула! Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт. А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар. Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт. Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам. Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла. Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.
Эл арасынан бирөө: 
— Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды
Ыйса ал кишиге: 
— Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди. — Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди
Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди: 
— Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет. Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок. Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн. Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан». Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» — дейт. Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.
— Ошондуктан силерге айтып коёюн, — деди Ыйса шакирттерине карап, — «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла! Тамактан жан, кийимден дене артык да. Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң. Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат? Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар? Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар! Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула! Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет. Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.
Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү. Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт. Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.
Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун! Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула. Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат. Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу. Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

Кудайды унуткан элдер

Дөөт пайгамбар Жаратканга кайрылганда
Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.
деп жалынган. Анан забурдун аягында ал

Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак салЖетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын
деп кайрылды. (Забор 9)

СССР да түшкүн. Америка унутса да ушундай түшөт.  Мээримдүү Теңирата баарыбызды сактасын. Ал жакшы экен. Ал мумун элдердин тилегин орундатат. 

Thursday, April 16, 2015

Өзүбүздү бакбасак





Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинетЭй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, анан кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат. Жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты беретСилерге айтып коёюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет.Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң. (Иса)
Динибизди да өлкөбүздү да үйүмүбүздү да ишибизди да үй-бүлөбүздү да өзүбүздү да жакшы бакбасак мөмөбүз жаман болот. 
Ыйык Жазууда: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,деп жазылып турат, — деди. (Иса, Инжилден)

Monday, April 6, 2015

Ыбрайым пайгамбар бизди билбейт

Ийшая деген Олуя-Пайгамбардын колжазмасы кыргыз элине тийышелуу дейм

    Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат.      Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу»Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып келӨзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсештиБиз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык.