Thursday, March 17, 2011

Жакшы mix экен
http://soundcloud.com/mb10/copy-1



Рысбек, 2000

Тушоо кесүү

Тушоосу кесилгенден көп жыл өткөн соң, баланын терс кыялы ого бетер оркоюп көрүнүп, жүргөн-турганы бузулгандан бузулуп баратканы тууган-туушкандарынын тынчын ала баштады. Эл "тушоосун ким кести эле?" деп көп сурай турган болду. Тушоо кескен ким экени билинген соң, баланын мүнөзү эмнеге мынча жаман болуп кеткенин баары түшүндү. Көп жыл мурун жарышта биринчи келип, тушоону кескен бала өзү жеткен тентек болчу. Эми бул да ошону жазбай тартып калыптыр.
Баланын ата-энеси эмне кыларын билбеди. Уулу туугандарын боз ала кыла турган болду. Акыры агасы бир кезде таанышкан, өзү айылдын чет жакасында турган аксакалга иштин жайын айтып, андан кеңеш сурамакчы болду. Ал башкаларга окшоп акчанын артынан түшүп, мансапкордукка жулунган адамдардан эмес эле. Коюн кайтарып, үй артындагы бакчасын карап, эл катары тиричилигине каниет кылчу. "Аттуу-баштуу" кишилердин аягы түгөнбөгөн чогулуштары менен чоң-чоң ишкерлердин улам көбөйгөн байлыгынан алыс жерде өзүнө керектүүнүн баары колунда бар адам эле.
Карыя жаңы эле атынын тушоосун чечип, аны мал сарайга жетелеп баратканда, баланын агасы келип калды. Экөө үйгө чайга киришти. Алар отуруп, кеп башталып калса да, аттын жиби аксакалдын колунан түшпөдү. Иштин чоо-жайын уккан соң, дароо жооп бербей, колундагы жипти карап бир топ отурду. Андан кийин ойногонсуп, аны айланта баштады. Бир аздан соң, башын көтөрүп, эмне үчүн наристенин атасы тушоону тиги балага кестиргенин сурап калды.
— Ал жарышта биринчи келген да, — деди баланын агасы.
— Кайсы жарышта? — деди аксакал.
— Тушоо кесүү тоюндагы.
— Балаңардын тушоосун элде жок тентекке кестиргенинер кандай?
— Биз, кыргыздар, балабыз алгачкы кадам шилтегенден кийин, жарышта биринчи келген адамдай күчтүү, күлүк болушун тилейт эмеспизби, — деди агасы.
— Ооба, — деди акылман карыя, — биз, кыргыздар, балдарыбыз жыгылбаса экен..., тозокко түшпөсө экен деп тилек кылабыз. Анда эмне үчүн силер тентектиги аттын кашкасындай көрүнүп турган балага бычак сунуп, балаңардын тушоосун кестирдиңер?
Анан бир аз тунжурай түштү да кайра сөзүн улантты:
— Баланын тушоосун кескенди тартып каларын унутуп калдыңар беле? Эми баланын терс кыялынын тушоосунан бошонушу керек. Демек, тушоосу кайра кесилиши керек.
— Кантип?—деди баланын агасы башын көтөрө карыянын көзүн тиктеп.
— Балаңардын эч кимге баш бербей, жаман иштерге тез баргандыгынын себеби, анын тушоосун күчтүү, шамдагай жана тентек бала кескендигинен. Силер анын тушоосун эң бай адамга кестирсеңер деле болмок. Анда балаңар жеткен амалкөй, ач көз да болуп чыкмак. Же сыртынан динчил болумуш болгон бирөөгө кестирсенер, бала өзүң такыбаа эсептеген текебер адам болуп калмак, — деди аксакал.
— Анда ким аны ушул тушоонун тузагынан бошото алат?
Аксакал бир топко унчукпай турду да, анан оюн ачыкка чыгарды:
— Адамды адам, рухту рух бошотот.
Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Баланын агасы чыдабай:
— Эмне, баланын атасы мечитке барып, уулу жаман кыялынан арылгыча куран окушу керекпи? — деди.
Карыя:
— Диний эрежелер адамды мурдагыдан бетер тушап салат. Бул балаңарды биздин динчил коншуларыбызга окшотуп коёт. Мен өзүм кыргызмын, аларга окшогум келбейт. Диний эрежелердин адамдын жанын эркин кылчу даремети жок.
Баланын агасы жооп кайтарбады. Далай убакыт караңгы түшүнүккө камалып келген ал эч нерсени түшүнө албады.
Ошондо карыя мындай деди:
— Силер балаңардын Кудайдын бейишине чыгышын каалайсыңар да, ыраспы? Андай болсо, балаңарды тушоосунан Кудайдын руху бошотушу керек.
Баланын агасынын көздөрү кайрадан аксакалдын көзүнө тигилди: — Кантип? — деди ал, — Кудайдын деми кантип тушоону кесет?
— Сен агаңдын баласын ойлосоң, бул суроонун жообун өзүң табышың керек. Эгерде таппасаң, анда иниң тозоктун отуну болуудан башкага жарабайт, — деп жооп берди карыя аттын тушоосун колунан чыгарбай. — Кудайдын деми кантип тушоону кесет? Бул суроону ар бир кыргыз өзүнө берип көрүшү керек. Кудайдын руху бошотмоюн, кыргыз эли азыр аны тушап турган бардык каргыштарга тушалган тейинде кала берет.
Бул сөзгө баланын агасы абдан кызыгып калды. Буга чейин ал бир чакан дүкөн ачмакчы болуп, уруксат алыш үчүн жүздөгөн доллар сарптаган. Бир эле чиновникке канча берди. Эптеп уруксаат алып, дүкөнүн эми эле кура баштаганда, жумушчусу аны алдап жүз элүү долларын алып, анысы аз келгенсип сатып алып койгон курулуш материалдарын да уурдап кетти. Дүкөн ачылганда, мафия менен салыкчылар келип, дагы шыпырып алышты. Ошентип баарынан кол жууп, карызга батып, дүкөнүн сатууга аргасыз болду. Мунун баары ага далай азап жедирип, башына көп кайгыны үйгөн болчу. Бирок мындан да көп күйгөнү — өз эли менен азыркы адамдардын рухий абалы эле. Ушундан улам ал аксакалдан элди тушаган каргыштар дегениңиз эмне деп сурады.
— Кыргызстанды, кыргыздын улуттук мүнөзүн талкалап
жаткан каргыштарды сен өзүң деле жакшы билесин. Булар: коррупция, уурулук, алдамчылык, текебердик, менменсинүү, зордук, аягы суюктук, паракорлук, аракечтик, бангилик, жек корүү, кекчилдик, алып сатарлык, акчаны сүйүүчүлүк жана тартипсиздик. Биз ошондой эле алып-сатарлык, өндүрүштүн төмөндөшү, жумушсуздук, ар кандай диндерге жамынып алып, кыянаттык кылуу, айлана-чөйрөнү булгоо деген да каргыштар менен байланганбыз. Бизди тушаган ушулар. Алардын айынан биз Кудай алдында эч нерсеге жарабай жатабыз, —деди карыя ойлуу.
Кунт коюу менен кызыгып угуп калган берки, карыяны кечке карап туруп:
— Анда Кыргызстандын тушоосун мурда ким кести болду экен? — деди.
— Бул ой башка келбептир, — деди аксакал күлүп. Бирок суроо анын акылына тереңдеген сайын жүзүндөгү жылмаюсу өчтү, —Балким элибиз, балага окшоп, жаңы бутуна турган мезгилде анын тушоосун тээ байыркы баскынчылардын бири кескендир, балким Азерети Али кескендир, а балким Лениндир. Алардын баары бизди карай кайсы бир байге алыш үчүн же бизди ээлегенге чуркап келгендей өңдөнөт. Ошолор тушообузду кесип, алардын бирөөсүн тартып калганбыз го, — деди аксакал, өзү да кызыгып кетип. Анан кайра терең ойго чөмүлүдү, баланын агасы да бир топко үн каткан жок.
Акыры карыя Кыргызстандын тушоосун тээ илгери бөтөн жактан келген бир күч кессе керек деген ойго токтолду. Дал ушул себептүү кыргыз элинин жан дүйнөсүнө кыргыз табиятына дегеле жат көп нерсе кирген экен. Ал илгерки баскынчылардын кимисинин мүнөзү азыр кыргыз элин байлап турган каргыштарга окшош болгонун табыш керек деген тыянакка келди.
Бирок баланын агасынын жүрөгүн өйүп жаткан суроо бул эмес эле. — Эң маанилүү маселе, өз мүнөзү менен элибизге терс таасирин тийгизген баскынчыны табуу эмес. Башкысы, канткенде Кудайдын деми Кыргызстанды тушоосунан бошото алат, ошону табуу, — деди ал.
Карыя да эң эле орчундуусу ушул экенине кошулду.
— Элибиз канчалык чет жактык баскынчыларга байланган бойдон калса, ошончолук ал кыйрагандан кыйрай берет. Биз Кудайдын демин таап, элибиздин тушоосун кайра кесишин андан сурашыбыз керек, — деди карыя. Алар Кудайдын демин табалы жана ушул эң маанилүү суроого жооп издейли деп макулдашышты. Баланын агасы кеткен соң, аксакал колундагы тушоосун жерге таштады. Эми анын көңүлүндө өз эли үчүн жаңы үмүт пайда болду. Ал кыргыздын тагдырын байлаган тушоо тээ илгери эле кесилиши керек экенин билип, Кудайдын руху аларга чыныгы эркиндик берүү үчүн али да күтүп жатканын сезди.


Wednesday, March 16, 2011

Tuesday, March 15, 2011

Иса пайгамбар, "Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эме азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер! - деди

Saturday, March 5, 2011

Кыргызым, ак калпак күнүңөр менен куттуктайм. Азыркы муун мурдагылардай калпактын сырларын четке какпасын – Кыргыздар өз ордуна чыгып, бөлүнгөн диндерди бириктирсин. Ар дайым башыңардан ак калпак түшпөсүн. Оомийин! 
Кыргыздар башка элдерге таянганы менен байыркы Исрайылдыктардай жаңылбасын.
 http://ht.ly/48oAw

тилинен арылган адам тактык
билими болбогон адам балпык
ушуларды оңдогон баарынан артык
дининен ажыраган - каапыр
дилинен ажыраган - мусаапыр
элинен ажыраган - бакыр
ушуларды оңдогон - баатыр

Thursday, March 3, 2011

Көрүнбөгөн теңирдин күчтүү колу кыргыздардын арасында көрүнөт!
Кудайга шүгүр.