Monday, October 5, 2015

Өз мурасыңдын уруулары

"Асмандан көз сал, Өзүңдүн даңктуу жана ыйык жайыңдан кара: Сенин кызганчаактыгың кайда? Сенин зор кудуретиң кайда? Сенин мага болгон мээримиң жана ырайымың кармалып турат. Биздин атабыз бир гана Сенсиң, анткени Ыбрайым бизди билбейт, Ысрайыл бизди өзүмдүкү деп эсептебейт. Сен, Теңир, биздин Атабызсың, кылымдардан бери Сенин ысымың – «Биздин Куткаруучу». Теңир, эмне үчүн Сен бизге Өз жолдоруңдан адашып кетүүгө жол бердиң? Сенден коркпош үчүн биздин жүрөгүбүздүн таш болуп катып калуусуна жол бердиң? Өз кулдарың үчүн, Өз мурасыңдын уруулары үчүн, бизге кайрылып кел. Өзүңдүн ыйык элиң өзүнүн жерин аз эле убакыт ээлеп турду. Биздин душмандарыбыз Сенин ыйык жайыңды тебелеп-тепсешти. Биз Өзүң эч качан бийлик кылбаган, Сенин атың менен аталбаган элдей болуп калдык."