Sunday, June 16, 2013

Забур 118

Забур 118

     1Туура жолдо жүргөндөр, Теңирдин мыйзамын сактагандар бактылуу. 
     2Анын мыйзамдарын сактагандар, Аны чын жүрөгү менен издегендер бактылуу. 
     3Алар мыйзамсыз иштерди кылышпайт, Анын жолдору менен жүрүшөт. 
     4Сен Өзүңдүн буйруктарыңды бекем сактоону осуят кылгансың. 
     5Оо, менин жолдорум Сенин мыйзамдарыңды аткарууга багыт алса кана! 
     6Анда мен Сенин осуяттарыңды карап, уят болбос элем. 
     7Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды үйрөнүп, Сени таза жүрөгүм менен даңктар элем. 
     8Сенин көрсөтмөлөрүңдү сактайм, мени таптакыр таштап койбо.
     9Жаш жигит өз жолун канткенде таза сактап жүрө алат? Өзүн Сенин сөзүң боюнча сактаганда гана. 
     10Сени бүт жүрөгүм менен издейм, Өзүңдүн осуяттарыңдан четтеп кетүүмө жол бербе. 
     11Сенин алдыңда күнөө кылбаш үчүн, мен Сенин сөзүңдү жүрөгүмө катып алдым. 
     12Теңир, Сага даңк! Мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт. 
     13Сенин оозуңдан чыккан өкүмдөрүңдүн баарын өз оозум менен жар салдым. 
     14Мен Сенин осуяттарыңды аткарганда, ар кандай байлыкка кубангандардай кубанам. 
     15Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном, Сенин жолдоруңа назар салам. 
     16Сенин көрсөтмөлөрүң менен соороном, Сенин сөздөрүңдү эсимден чыгарбайм.
     17Сенин сөздөрүңдү сактап жашашым үчүн, Өз кулуңа ырайымыңды көрсөт. 
     18Сенин мыйзамыңдын кереметтерин көрүшүм үчүн, менин көздөрүмдү ач. 
     19Мен жер үстүндө келгинмин, менден Өзүңдүн осуяттарыңды жашырба. 
     20Ар убакта Сенин мыйзамдарыңды эңсегендиктен, жаным кыйналып бүттү. 
     21Сен текеберлерди, каргыш тийгендерди, Өзүңдүн осуяттарыңдан баш тарткандарды моюн сундурдуң. 
     22Мени шылдың менен кордуктан куткар, анткени мен Сенин осуяттарыңды сактап жүрөм. 
     23Төрөлөр отуруп алып, мага каршы сүйлөшүп жатышат. Сенин кулуң болсо Сенин мыйзамдарың жөнүндө ойлонуп жатат. 
     24Сенин осуяттарың менин сооронучум, менин кеңешчилерим.
     25Жаным топуракка матырылды, мени Өзүңдүн сөзүң менен тирилт. 
     26Мен өз жолдорум жөнүндө айтып бердим, Сен мени уктуң. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     27Мага Өзүңдүн буйруктарыңдын жолун түшүнүүгө акыл бер, ошондо мен Сенин кереметтериң жөнүндө ой жүгүртөм. 
     28Менин жаным кайгыдан алсырап бара жатат, мага Өзүңдүн сөзүң менен күч бер. 
     29Мени жалган жолдон алыстат, мага Өз мыйзамыңды бер. 
     30Мен чындык жолун тандап алдым, Сенин мыйзамдарыңды өзүмдүн алдыма койдум. 
     31Мен Сенин осуяттарыңа жабыштым, Теңир, мени уятка калтырба. 
     32Сен менин жүрөгүмдү кенен ачканда, мен Сенин осуяттарыңдын жолдору менен жүрөм.
     33Мага Өз мыйзамдарыңдын жолун көрсөт, Теңир, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды өмүрүмдүн аягына чейин сактайм. 
     34Мени акылга келтир, ошондо мен Сенин мыйзамыңды сактайм, аны бүт жүрөгүм менен аткарам. 
     35Мени осуяттарыңдын чыйыр жолуна сал, анткени мен ошол жолду каалайм. 
     36Менин жүрөгүмдү дүнүйөкордукка эмес, Өзүңдүн осуяттарыңа бур. 
     37Курулай убаракерчиликтен көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер. 
     38Сенден коркушу үчүн, Өз кулуңдун жүрөгүндө Өз сөзүңдү бекемде. 
     39Мени өзүм коркуп жаткан кордуктан куткар, анткени Сенин өкүмдөрүң жакшы.
     40Мына, Мен Сенин буйруктарыңды каалап жатам, мени Өз чындыгың менен тирилт. 
     41Теңир, мага Өзүңдүн ырайымың, Өзүңдүн сөзүң боюнча куткарууң келсин. 
     42Ошондо мен өзүмдү кордогонго жооп бере алам, анткени мен Сенин сөзүңө таянам. 
     43Чындык сөздөрүңдү менин оозумдан таптакыр алып салба, анткени мен Сенин адилет өкүмүңдү күтүп жатам. 
     44Сенин мыйзамыңды дайыма, түбөлүккө сактайм. 
     45Эркин болом, анткени Сенин буйруктарыңды издедим. 
     46Сенин осуяттарың тууралуу падышалардын алдында айтам, уялбайм. 
     47Өзүм сүйгөн Сенин осуяттарың менен соороном. 
     48Колдорумду өзүм сүйгөн Сенин осуяттарыңа сунам, Сенин мыйзамдарың жөнүндө ой жүгүртөм.
     49Кулуңа айткан Өз сөзүңдү эсте, Сен ошол сөзүң аркылуу мага үмүт бергенсиң. 
     50Ал менин кыйынчылык учурундагы сооронучум, анткени Сенин сөзүң мени тирилтет. 
     51Текеберлер мени абдан шылдыңдашты, бирок мен Сенин мыйзамыңдан четтеген жокмун.
     52Теңир, мен Сенин байыркы мыйзамдарыңды эстеп соороном. 
     53Сенин мыйзамыңды таштап салган кудайсыздарды көргөндө, үрөйүм учат. 
     54Мен жер кезген жерлерде Сенин мыйзамдарың менин ырым болду. 
     55Теңирим, түн ичинде да Сенин ысымыңды эстедим, Сенин мыйзамыңды сактадым. 
     56Ал меники болуп калды, анткени мен Сенин мыйзамдарыңды сактап жүрөм.
     57«Теңирим, Сенин сөздөрүңдү аткаруу – менин энчим», – деп айттым. 
     58Мен Сага чын жүрөгүмдөн: «Мага Өз сөзүң боюнча ырайым кыл», – деп сыйынгам. 
     59Өз жолдорум жөнүндө ойлонуп, буттарымды Сенин осуяттарыңа бурдум. 
     60Сенин осуяттарыңды дароо аткарууга ашыктым. 
     61Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун. 
     62Сени адилет өкүмдөрүң үчүн даңктоого түн ортосунда турчумун. 
     63Сенден корккондорго, Сенин буйруктарыңды аткаргандарга шерикмин. 
     64Жер бети Сенин ырайымыңа толгон, Теңирим. Мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт.
     65Теңирим, Өз сөзүң боюнча кулуңа жакшылык кылдың. 
     66Мени туура ой жүгүртүүгө үйрөт, туура түшүнүк бер, анткени мен Сенин осуяттарыңа ишенем. 
     67Азап тартканга чейин, мен адашып жүргөм, азыр болсо Сенин сөзүңдү сактап жүрөм. 
     68Сен жакшысың, жакшылык кыласың, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     69Текеберлер мен жөнүндө жалган ушак таратып жатышат, мен болсо Сенин буйруктарыңды чын жүрөгүмдөн аткарам. 
     70Алардын жүрөгүн май басты, мен болсо Сенин мыйзамың менен соороном. 
     71Сенин мыйзамдарыңды үйрөнүш үчүн, азап тартканым жакшы болду. 
     72Сенин оозуңдан чыккан мыйзам мен үчүн миңдеген алтындан да, күмүштөн да артык.
     73Мени Сенин колдоруң жаратты, мени Сенин колдоруң жасады. Мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды үйрөнөм. 
     74Сенден корккондор Сенин сөзүңө таянганымды көрүп кубанышат. 
     75Теңир, Сенин өкүмдөрүң адилет экенин, мени адилеттик менен жазалаганыңды билем. 
     76Сенин ырайымың Өз кулуңа айткан сөзүң боюнча менин сооронучум болсо экен. 
     77Мага боор оорусаң экен, ошондо мен жашайм, анткени Сенин мыйзамың менин сооронучум. 
     78Текеберлер уятка калышсын, анткени алар мени ак жерден кыйнап жатышат. Мен болсо Сенин буйруктарың жөнүндө ойлонуп жатам. 
     79Сенден корккондор, Сенин осуяттарыңды билгендер мага кайрылышсын. 
     80Уятка калбашым үчүн, жүрөгүм Сенин мыйзамдарың боюнча таза болсун.
     81Сенин куткарууңду күтө берип, жаным алсырап баратат. Бирок Сенин сөзүңө таянам. 
     82Сенин сөзүңдү күтө берип, көзүм талыды. «Мени качан сооротосуң?» – дейм. 
     83Мен ышталган чаначтай болуп калдым, бирок Сенин мыйзамдарыңды унуткан жокмун. 
     84Кулуң дагы канча күн күтсүн? Мени куугунтуктагандарды качан жазалайсың? 
     85Сенин мыйзамыңа каршы текеберлер мага ор казышты. 
     86Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. Мени ак жерден куугунтуктап жатышат, мага жардам бер. 
     87Алар мени жер үстүнөн жок кылып коё жаздашты, бирок мен Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун. 
     88Мени Өзүңдүн ырайымың менен тирилт, ошондо мен Сенин оозуңдан чыккан буйруктарды аткарам.
     89Теңирим, Сенин сөзүң асманда түбөлүккө орногон. 
     90Сен түбөлүккө ишенимдүүсүң. Жерди Сен орноттуң, ал ошон үчүн турат. 
     91Бардыгы ушул убакка чейин Сенин мыйзамдарың боюнча турат, анткени баары Сага кызмат кылат. 
     92Сенин мыйзамың мага сооронуч болбогондо, мен кайгыдан өлүп калмакмын. 
     93Сенин буйруктарыңды түбөлүккө унутпайм, анткени Сен мени ошолор аркылуу тирилттиң. 
     94Мен Сеникимин, мени куткар, анткени мен Сенин буйруктарыңды издедим. 
     95Кудайсыздар мени өлтүрүш үчүн аңдып жүрүшөт. Мен болсо Сенин осуяттарыңа көңүл коём. 
     96Мен ар кандай жеткилеңдиктин чегин көрдүм, бирок Сенин осуятыңдын чеги жок.
     97Мен Сенин мыйзамыңды кандай жакшы көрөм! Күнү бою ошол жөнүндө ойлоном. 
     98Өз осуятың менен Сен мени душмандарымдан акылдуу кылдың, анткени ал дайыма мени менен. 
     99Устаттарымдын баарынан акылдуу болуп калдым, анткени мен Сенин осуяттарың жөнүндө ойлоном. 
     100Карыяларга караганда көптү билип калдым, анткени мен Сенин буйруктарыңды аткарып жүрөм. 
     101Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм. 
     102Сенин мыйзамдарыңдан четтебейм, анткени Сен мени үйрөтүп жатасың. 
     103Сенин сөздөрүң менин таңдайымда кандай таттуу! Алар менин оозумда балдан да таттуу. 
     104Мен Сенин буйруктарың аркылуу акылыма келгем, ошондуктан ар кандай жалган жолду жек көрөм.
     105Сенин сөзүң – бутума шам, жолума жарык. 
     106Мен Сенин адилет мыйзамдарыңды сактоону убада кылгам, ошондуктан аткарам. 
     107Теңир, мен абдан кыйналдым, мени Өз сөзүң боюнча тирилт. 
     108Теңирим, менин оозумдан чыккан мактоо курмандыгын кабыл ал, мага Өзүңдүн мыйзамыңды үйрөт. 
     109Менин жаным ар дайым коркунучта, бирок Сенин мыйзамыңды унутпайм. 
     110Кудайсыздар мага тор жайышты, бирок мен Сенин буйруктарыңдан четтеген жокмун. 
     111Сенин осуяттарыңды түбөлүк мурас катары кабыл алдым, анткени алар – менин жүрөгүмдүн кубанычы. 
     112Мен жүрөгүмдү Сенин буйруктарыңды дайыма, өмүрүмдүн акырына чейин аткарууга бурдум.
     113Жаман ойлуу адамдарды жек көрөм, ал эми Сенин мыйзамыңды сүйөм. 
     114Сен менин баш калкалар жайымсың, калканымсың. Сенин сөзүңө таянам. 
     115Мыйзамсыздар, мага жолобогула, мен өзүмдүн Кудайымдын осуяттарын аткарам. 
     116Жашашым үчүн, мага Өз сөзүң боюнча күч бер. Үмүттөнгөнүм үчүн, мени уятка калтырба. 
     117Мени колдо, ошондо мен куткарылам. Сенин мыйзамдарыңа дайыма көңүл коём. 
     118Мыйзамдарыңдан четтегендердин баарын Сен кулатасың, анткени алардын куулугунан эч нерсе чыкпайт. 
     119Жер үстүндөгү кудайсыз адамдардын баарын Сен күлдөй сапырасың, ошондуктан мен Сенин осуяттарыңды сүйөм. 
     120Сенин коркунучуңдан денем титирейт, мен Сенин жазаларыңдан корком.
     121Мен баарын адилеттик жана чындык боюнча кылдым, мени куугунтуктоочуларымдын колуна салып бербе. 
     122Өз кулуңа болуш, текеберлер эзбесин. 
     123Сенин куткарууңду жана акыйкат сөздөрүңдү күтө берип көзүм талыды. 
     124Өз кулуңа Өз ырайымың боюнча ырайым кыл, мага Өз мыйзамдарыңды үйрөт. 
     125Мен Сенин кулуңмун, мага акыл бер, ошондо мен Сенин осуяттарыңды түшүнөм. 
     126Теңирдин чара көрө турган убакыты келди, анткени Сенин мыйзамыңды бузушту. 
     127Мен болсо Сенин осуяттарыңды алтындан да, таза алтындан да жакшы көрөм. 
     128Сенин буйруктарыңдын баарын адилеттүү деп эсептейм, жалган жолдорду жек көрөм.
     129Сенин осуяттарың кереметтүү, ошондуктан алар менин жүрөгүмдө сакталуу. 
     130Сенин сөздөрүңдөн алган ачылыш көздү ачат, жөнөкөйлөргө акыл берет. 
     131Мен оозумду ачып акактап жатам, анткени Сенин осуяттарыңды эңсеп турам. 
     132Ысымыңды сүйгөндөргө кандай назар салып, ырайым кылсаң, мага да ошондой кыл. 
     133Буттарымды Сенин сөздөрүң менен жүргүдөй кылып бекемде, эч бир мыйзамсыз иштин мени бийлеп алуусуна жол бербе. 
     134Мени адамдын эзүүсүнөн куткар, ошондо Сенин буйруктарыңды аткарам. 
     135Өз кулуңду Өз жүзүң менен жарык кыл, мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөт. 
     136Сенин мыйзамыңды сактабай жатышкандыктан, көзүмдүн жашы көл болду.
     137Сен адилетсиң, Теңирим, Сенин мыйзамдарың да адилет. 
     138Осуят кылган көрсөтмөлөрүң адилет, туптуура. 
     139Мени кызганыч жеп жатат, анткени менин душмандарым Сенин сөздөрүңдү унутуп коюшту. 
     140Сенин сөзүң абдан таза, Сенин кулуң аны сүйөт. 
     141Мен кичинекей, жек көрүндү адаммын, бирок Сенин буйруктарыңды унуткан жокмун. 
     142Сенин адилеттигиң түбөлүктүү, Сенин мыйзамың – чындык. 
     143Башыма кыйынчылык түшүп, азап тартып жатам, бирок Сенин осуяттарың – менин сооронучум. 
     144Сенин көрсөтмөлөрүң түбөлүккө адилеттүү. Мени акылыма келтир, ошондо мен жашайм.
     145Сени чын жүрөгүмдөн чакырам, Теңирим, мени ук, ошондо мен Сенин мыйзамдарыңды сактайм. 
     146Сени чакырам, мени куткар, ошондо Сенин осуяттарыңды сактайм. 
     147Таң заардан Сени чакырам. Сенин сөзүңө таянам. 
     148Сенин сөзүңдү терең түшүнүш үчүн, түнү менен кирпик какпай чыгам. 
     149Өзүңдүн ырайымың боюнча менин үнүмдү ук, Теңирим. Өз адилеттигиң боюнча мени тирилт. 
     150Жамандык ойлогондор мага жакындап калышты, алар Сенин мыйзамыңдан алыс. 
     151Сен жакынсың, Теңирим, Сенин осуяттарыңдын баары – чындык. 
     152Өзүңдүн осуяттарыңды түбөлүккө орнотконуңду мен мурунтан эле билем.
     153Менин азап тартып жатканыма назарыңды салып, мени куткар, анткени мен Сенин мыйзамыңды унуткан жокмун. 
     154Менин ишиме киришип, мени корго. Мени Өз сөзүң боюнча тирилт. 
     155Куткарылуу кудайсыздардан алыс, анткени алар Сенин мыйзамдарыңды издешпейт. 
     156Сенин боорукердигиң чексиз, Теңирим. Мени Өз адилеттигиң боюнча тирилт. 
     157Мени куугунтуктагандар, душмандарым көп, бирок мен Сенин осуяттарыңдан четтеген жокмун. 
     158Сенин сөзүңдөн четтегендерди көрүп капа болом, анткени алар Сенин сөзүңдү сакташкан жок. 
     159Сенин буйруктарыңды кандай сүйөрүмдү көр. Өзүңдүн ырайымың боюнча мени тирилт. 
     160Сенин сөзүңдүн негизи – чындык, Сенин ар бир адилет өкүмүң түбөлүктүү.
     161Төрөлөр мени себепсиз куугунтуктап жатышат, бирок менин жүрөгүм Сенин сөзүңдөн коркот. 
     162Өтө чоң олжого ээ болгондой, Сенин сөзүңө кубанам. 
     163Жалганчылыкты жек көрөм, андан жийиркенем, Сенин мыйзамыңды болсо сүйөм. 
     164Адилет өкүмдөрүң үчүн Сени бир күндө жети жолу даңктайм. 
     165Сенин мыйзамыңды сүйгөндөрдүн тынчтыгы зор, аларга бөгөт жок. 
     166Сенин жардамыңа таянам, Теңирим, Сенин осуяттарыңды аткарам. 
     167Сенин осуяттарың менин жүрөгүмдө сакталуу, мен аларды абдан сүйөм. 
     168Сенин буйруктарың менен осуяттарыңды аткарам, анткени менин бардык жолум Сенин алдыңда.
     169Менин зар-муңум Сага жетсин, Теңирим. Өз сөзүң боюнча мага акыл бер. 
     170Менин жалынуум Сенин алдыңа келсин. Өзүңдүн сөзүң боюнча мени куткар. 
     171Сен мага Өзүңдүн мыйзамдарыңды үйрөткөндө, менин оозумдан Сени мактаган сөздөр чыгат. 
     172Менин тилим Сенин сөзүңдү жарыя кылат, анткени Сенин осуяттарыңдын баары адилет. 
     173Сенин колуң мага жардам берүүгө даяр болсун, анткени мен Сенин буйруктарыңды тандап алдым. 
     174Сенин жардамыңды зарыгып күтүп жатам, Теңирим, Сенин мыйзамың – менин сооронучум. 
     175Менин жаным жашасын, Сени даңктасын, Сенин адилеттигиң мага жардам берсин. 

     176Мен жоголгон койдой адашып калдым. Өз кулуңду издеп тап, анткени мен Сенин осуяттарыңды унуткан жокмун.

No comments:

Post a Comment