Thursday, December 13, 2012

Чыңгыз Айтматовдун тууган күнү

Кечээ күнү Чыңгыз Айтматовдун тууган күнү болгондо кыргызымдын эки жүздүүлүгү ачылды.  Баары "Чыңгыз агай" деп жүрөшүт.  Анын атактуулугун көтөрүшөт да, жаңы эстеликтерди жасашат, бирок ички дүйөсүн да анын урматтаган адабий китептерди да сыйлабайт экен кыргызым.
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..."  (16/III 1977–ж.) 
Жана кыргызым дагы эле Чыңгыз агайдын урматтаган фигурасын четке каккан:
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди.  Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү.Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат.  Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок.  Мухамбет - анчалык азапкер эмес.  Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
Кыргызым, мен чыныгы Чыңгыз Айтматовду сыйлаймын.

http://manasepic.blogspot.com/2008/12/chingis-aitmatov.html


No comments:

Post a Comment