Sunday, January 6, 2013

Аалам жаратылган убактан тартып эле Кудайдын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — анын түбөлүк кудурети менен кудайлык табияты ачык эле көрүнүп турат. Аларды Кудай жараткан нерселерден аныктап алса болот. Ошондуктан адамдар “билбедик, көрбөдүк” деп актанууга шылтоолору жок. Алар Кудайды билишет, бирок татыктуу урмат-сый көрсөтүшпөйт, рахмат айтышпайт. Анын ордуна ой-санааларын толугу менен жарактан чыгарышып, көкүрөктөгү көздөрүн караңгылыкка бастырып, карайлапкалышкан. Алар өздөрүн акылдуубуз дешет, бирок чындыгында наадандар. Түбөлүктүү Кудайга табынуунун ордуна өлө турган пенденин, ит-куштун эстеликтерине кызмат кылышат..





No comments:

Post a Comment