Айкөл Манас өзүнө каршы чыккан алты кан менен
элдешүүгө умтулгандай
Теңир да силерди кечирип,
Өзүнө кабыл алсын.
Kyrgyzstan's MANAS EPIC - Treasure the Kyrgyz people, Honor their sacred land, Enjoy their ancient culture, Learn their rich language, Discover their epic's mystery.
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди. Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү. Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат. Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок. Мухамбет - анчалык азапкер эмес. Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..." (Чыңгыз Айтматов, 16/III 1977–ж.)
"Бүткүл байыркы инсанатка тиешеси бар "Библияны" адабий эстелик катарында биз танбайбыз. Биз аны кайсы доордо, кандай таарыхый баскычта, коомдун кандай социалдык абалында, инсанаттын өнүгүш жолунда бул китеп кандайча түзүлүп, ошол заманда кандай идеаларды көздөгөнүн эске алып оң, терс жактарын сын көз менен аныктап, аны менен катар бүткүл инсанат маданиятынын байыркы эстелиги катары биз аны баалайбыз..." (16/III 1977–ж.)
“Мен бул саам дин аркылуу, адамга жол тапгым келди. Кудайга эмес, адамга! Романдагы бардык сызыктардын ичинен мен үчүн эң негизгиси, албетте, - Авдий анын изденүүлөрү.Албетте, христиан дини Иисус Христостун фигурасы аркылуу, өтө зор негиз түзүп турат. Менин, өзүм чыккан мусулман дининде андай фигура жок. Мухамбет - анчалык азапкер эмес. Албетте, анын башына оор да, азаптуу да күндөр түшпөй койгон эмес, бирок идея үчүн колу-буту керилип, мыкка кадалып, кийин кайра адамдардын ошол кылганын түбөлүк кечирүү деген жок. Иисус Христос мага азыркы адамдарга кандайдыр бир ыйык нерсени айтыш үчүн мүмкүнчүлүк берет.” (Чыңгыз Айтматов, 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы, “Шам” басмасы, 1999 ж., т. 4, б. 350)
Бир жолу Иса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Иса алардан: «Эл мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.
Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, – деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, – дешет», – деп жооп беришти.
Ошондо Иса алардан: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Кудайдын Машайагы», – деп жооп берди.
Бирок Иса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, – деп, катуу эскертти да, –
Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деди.Иса бардыгына кайрылып: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.