«Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы болот. Ал келип, андан мөмө издеп, таппай коёт. Ошондо ал бакчыга: “Мен үч жылдан бери келип, ушул анжыр дарактан мөмө издеп, таба алган жокмун. Аны кыйып ташта, бекер эле жерди ээлеп турат”, – дейт. Бирок жүзүмчү мындай деп жооп берет: “Кожоюн, быйылча аны коё тур. Мен анын тегерегин казып, кык төгөйүн. Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. Эгерде бербесе, кыйдырып саласың”» деген үлгү-насаат аңгемени айтты Иса.
2010 жылында, Апрел айында кыдыр ак үйгө келип, мөмө издеп, таппай койгон. Июн айында Ошко барып мөмөсүздүгүнөн кожоюндун кыжыры кайнаган окшойт. Үч күндөн кийин бакчылардын бири кожого кайырылып, “Кожоюн, быйылча коё тур. Мүмкүн, ал кийинки жылы мөмө берер. Эгерде бербесе, кыйдырып
саласың” деп өтүнгөн окшойт. Теңир макыл болуп бизге дагы бир аз убакыт берген дейм.
No comments:
Post a Comment