Kyrgyzstan's MANAS EPIC - Treasure the Kyrgyz people, Honor their sacred land, Enjoy their ancient culture, Learn their rich language, Discover their epic's mystery.
Wednesday, December 29, 2010
1 Бабыл тууралуу Амос уулу Ышайанын пайгамбарчылыгы:
2 «Токою жок тоонун үстүндө туу көтөргүлө, катуу кыйкыргыла. Аларга кол булгагыла, алар төрөлөрдүн дарбазаларына киришсин.
3 Мен Өзүмдүн тандалгандарыма буйрук берип, Өзүмдүн бүт каарымды төгүш үчүн, Менин улуулугума кубанып жаткан күчтүүлөрүмдү чакырдым».
4 Тоолордон чыккан ызы-чуу көп сандаган элдин, падышачылыктардын жана чогулган элдердин козголоңдуу ызы-чуусуна окшош. Эң Жогорку Теңир согуш аскерлерин карап турат.
5 Бүт жерди кыйратыш үчүн, эң алыскы өлкөлөрдөн, асмандын эң четинен Теңир жана Анын каарынын куралы келе жатат.
6 Ыйлагыла, анткени Теңирдин күнү жакын калды, ал Кудуреттүүнүн кыйратуучу күчү катарында келе жатат!
7 Ошондуктан бардыгынын колдору шалдайды, бардык адамдардын жүрөгү суу жүрөк болуп калды.
8 Алардын үрөйү учуп, калтырап, онтоп жатышат, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатышат, бири-бирин таң калуу менен карашат, жүздөрү оттой жанат.
9 Мына, жерди чөлгө айлантыш үчүн, андагы күнөөкөрлөрдү кырыш үчүн, ачууга, жалындаган каарга толгон Теңирдин ырайымсыз күнү келе жатат.
10 Асмандагы жылдыздар, топ жылдыздар өз жарыгын бербей калат, күн чыгары менен өчөт, ай өз жарыгын чачпай калат.
11 «Мен дүйнөнү жаман иштери үчүн, мыйзамсыздарды мыйзамсыздыктары үчүн жазалайм. Текеберлердин акылдуусунганын токтотом, эзүүчүлөрдүн менменсингендигин басам.
12 Адамдарды таза алтындан кымбат кылам, эркектерди Опирдин таза алтынынан кымбат кылам.
13 Ал үчүн асманды солкулдатам, жер Эң Жогорку Теңирдин ачуусунан Анын каары жалындаган күнү ордунан жылат».
14 Ошондо ар бир адам аңчыдан качкан жейрендей жана ээси таштап кеткен койлордой болуп өз элине кайрылат, ар бир адам өз жерине качып барат.
15 Бирок колго түшкөн адам жебеге сайылат, кармалган адам кылычтан өлөт.
16 Алардын көз алдында наристелерин өлтүрүшөт, үйлөрүн талап-тоношот, аялдарынын абийирин төгүшөт.
17 «Мына, Мен аларга каршы күмүштү баалабаган, алтынга кызыкпаган мадайлыктарды көтөрөм».
18 Алардын жаалары уландарды өлтүрөт, боюнда бар аялдарды аябайт. Алардын көздөрү жаш балдарга боор оорубайт.
19 Ошентип, падышачылыктардын көркү, каздимдердин сыймыгы болгон Бабылды Кудай Содом менен Амордой кылып кулатат.
20 Ал жерге эч ким эч качан көчүп барбайт, ал жерде түбөлүккө эч ким жашабайт. Ал жерге аравиялык адам чатырын тикпейт, ал жерге койчулар койлорун жайышпайт.
21 Бирок ал жерде чөл жырткычтары жашайт, алардын үйлөрүнө үкүлөр толот, төө куштар уя салышат, жапайы текелер секирип жүрөт.
22 Алардын падыша сарайларында чөөлөр, көңүл ачуучу үйлөрүндө карышкырлар улуйт.
Monday, December 13, 2010
Ричард Хевитт: ”Кыргыздар адашкан жолдогу улуттай”
Кыргызстанга 94-жылдан бери байма-бай келип-кетип жашагандыктан Ричард Хевитт мырза кыргыз тилин түш жоруй турган деңгээлде билет. Жашы 44тө. Бул жактагы достору аны Ричард эмес, Рысбек дешет. Буга өзү да абдан ыраазы. Ал өзүн Теңирдин кудурети «мени Алатоого ыйык милдет менен алып келди» деп санайт экен. Маек жүрүшүндө анын пикирин толук ачууга аракет жасадык, бирок канчалык деңгээлде – аны окурман журту сынасын. А дегенде кепти Р.Хевитти эң жакындан билген Марс Бусурманкуловго сөз бердим.
МАРС БУСУРМАНКУЛОВ:
– Рысбек байке өлкөбүзгө биринчи жолу келгенден бери таанышпыз. Кесиби – агроном. Өзүңөр билесиңер, Нарында жашылча жемиш өспөйт, витамин жетишсиз. А муну Рысбек байке адегенде эле сураштырып, эмнеге экенине таңгалыптыр. Атам Бусурманкул Нарында эң кыйын багбандардын бири болгондуктан, климатка карабай помидор, бадыраң өстүргөндөрдүн бири. Ошондон улам бу киши да Америкадан келип, биринчеле биздин босогобузду аттаган. Океандын ары жагынан Нарын климатына ылайык үрөндөрүн ала келип, жергиликтүүлөргө айылчарбалыкты үйрөтө баштады. Жыйынтык кийинки жылы эле көзгө көрүнүп, эл жапырт бойдон жашылча жемиш өстүргөнгө өттү.
О.Шакир: – Ричард мырза, кесибиң агроном болсо да эмнеден улам кыргыз маданияты менен тарыхына кызыгып калдың?
– Кесибим зоотехник, бирок бул жакта агроном катары 94-жылы Айылчарба институтунда мугалимдик кесип менен эмгектендим. Көп өтпөй жаштардын билимге болгон ыкшоолугун көрүп, грант негизинде Нарынга барып дыйкандар менен иштешүүнү кааладым. Мен Кыргызстанга келгенге чейин 16 жашыман тарта диний китептерге («Тоорат», «Инжил», “Забур” ж.б…) кызыгып жүрчүмүн. Өзүм башынан чиркөө же мечитке сыйынган киши эмесмин. Болгону ыйык китептерге кызыкканым эле болбосо, эчбир динге өкүл эмесмин. Кайс бир динге чокунуп кеткеним жок. Диний китептерге кызыгуум абыдан терең болгону менен Иса пайгамбар сыяктуу адегенде динчилдерге каршы көзкараш тутчумун. Себеби, эчкачан эки жүздүү дин өкүлү болгум келбейт. Бул жакка келгенден тарта кыргыз элинен эмнени байкадым? Улуу пайгамбарлар Ибраим, Нух, Муса, Искак, Жакып сыяктуу турмуш кечирген эл экенсиңер. Себеби, бул пайгамбарлардын бардыгы чабан болуп, алачыкта жашаган. Жана Чыгыш тарапка сыйынып, мазарларга барып курмандык чалган. Анан силерде кудай конок, кыдыр даарып деген түшүнүктөр бар. Салт-санааңар да ыйык пайгамбарлардыкы сыяктуу. Ушундан улам ыйык жазууларга турмушуңарды көбүрөк салыштыра баштадым. Жогоруда айтылган пайгамбарлар турмушун мурдагыдан терең окууга өттүм. Бир сапар Долон ашуусунан бейтааныш адамдын бозүйүнөн кымыз ичип калсам, кожоюн «Манас» эпосу жөнүндө айтып калды. «Манастын атасы ким, билесиңби?» дегенинен, «Жок, билбейм» дедим. Анан ал «Жакып» дебеспи. Мен мындайды күткөн эмесмин. Эсиме шак эле Жакып пайгамбар келди. Кийин үйүмө барганда (Бишкекке) «Тооратты» дагы бир сыйра окусам, Жакып пайгамбардын он биринчи баласы – Жусуп, Жусуптун тун баласы Манасе, (биздин англис тилинде ушундай окулат. Р.Х.) а Ыйык китепте Манасенин атасы Жусуп, Жусуптун атасы Жакып деп жазылат. Демек, ыйык китептерде жазылгандан бираз эле айырмасы – Манас Жакыптын уулу. Кыргызда бирок Манасе эмес, Манас. А «Тооратта» Манасе мындан 3, 5 миң жыл мурун жашап өткөн чоң элдин атасы. 2700 жыл мурун анын тукуму теңирден тескери кеткендиктен – Теңир ачууланып, Ашуур падыша аларга каршы күч жиберип, туш-тушка тараткан деп жазылат ыйык китептерде. Кийин Манастын уулу Чыгыш тарапта (Иран же Самаркантта. Р.Х.) туткундалган. Ушул жерден эскерте кетейин, бул боюнча кийин абыдан катуу талаштар болушу мүмкүн.
– Ричард, сөзүңө аралжы, сен жөөттөрдүн тукумунан эмессиңби? Болбосо, сага Манасты изилдегендин эмне анчалык кызыгы бар?
– Голливудга жакын чоңойгонум менен еврей эмесмин. Албетте, еврей досторум толтура. Алардын көп эле майрамдарына катышчумун, бирок алар мени каапыр деп эсептегендей бу жакта силердин араңардагы каапырмын.
– Жеке мени Кыргызстанга келип элибиздин каада-салт, маданият, тарыхына кызыгып жүргөнүң чочулатат. Ошондуктан сени менен көптөн бери маектешүүгө кызыктым эле. Себеби, бүгүн өлкөбүздү көшөгө артынан башкаргысы келген сырткы күчтөр жок эмес. Эгер андай эле илимдеги улуу жолду тандап Алатоо жергесине келген болсоң, ымандай сырыңды төк. Албетте, башкы максатың эмнеде экенин убакыт көрсөтөр, ага чейин мен да сенин илимиңе толук аралашууга макулсуңбу?
– Макулмун. Албетте, сен экөөбүз бирибизге-бирибиз көмөктөшсөк, жакшы болбойбу. Эгер мен байып кетүүнү көздөсөм, өзүм жыйнаган бул маалыматтарды силерге эмес, еврейлерге же христиандарга эбак карматмакмын же бир китеп чыгармакмын. Ал китеп еврейлер арасында тез эле сатылмак. Еврейлер азыр Жусуптун урууларын издеп жүргөндүр. Бирок мен жыйнаган маалыматтар байлык үчүн эмес, жеке өзүмө анан силерге керек. Өзүңөр бирок ыйык жазуулардагы улуу кыргыз эли жөнүндөгү маалыматтарды четке кагып келатасыңар. Силер өзүңөрдү өзүңөр баалабаган эл экениңерди туйдум. Ал эми мага окшоп кызыккандарга же баптист, же еврей деп чочулоо менен карайсыңар. Силер мусулман эл катары Аллахка, анын арбир сөзү менен пайгамбарларына, анан периштелерге, о.э. кыямат күнгө ишенебиз дейсиңер, туурабы? Бирок толук аткарбаганыңарга абыдан таңгалам.
– Эгер сен элибиздин тарыхынан терең маалымат алган болсоң, кыргыз негизи түпкүлүгүндө мусулман элдеринен эмес.
– Туура.
– Кыргыз өзү оома калк экенин байкадыңбы?
– Ооба…
– Демек, башын айландырса болот деп жүрбө?
– Менде андай жаман ой жок… Мен эчкимди башка динге тартпайм, максатым – кыргыздар байыркы бабаларын тереңден тааныса дейм. Даа бир нерсе: Бул ыйык китепте Жакып турат, Манас турат. Арийне, Жусуп пайгамбардын тукуму кайдан экенин билбейсиңер. – «Тоораттагы» Жакып уулу Манасе кайда? – деп силерден сурагым келет…
18 жылдан бери өз эгемендигибизге жеттик деп жүрөсүңөр, бирок ушуга чейин «Манас» эпосун баалабай келатканыңарга түшүнбөйм. Силер «Манасты» эпос жана жомок катары санайсыңар. Бирок анда терең илимдин да негизи жатат. Өзүмдүн ушуга чейинки көзкарашымда: кыргыздарды пайгамбар элдин тукуму деп эсептейм. Мен өзүм Кудайга ишенем, бирок эчбир динди тутпаймын. Ошентсе да бардык диндерди сыйлайм.
– Мынабул турган китепти кыргыз тилинде түшүндүрө кетчи.
– «Жоголгон он уруу» аттуу бу китепте Жакыптын он уруусу болуп, бирок ону тең жоголуп кеткени жазылган. Ушул он уруу Жусуп пайгамбарга камтылат, а калган экөө жөөттөргө.
– Ричард мырза, бул китептеги маалымат боюнча кийин өзүнчө маек куралы. Азырынча, китептеги негизги мааниге токтоло кетсең.
– Жусуптун, Манасенин, Ибраимдин тукумдары кайра Теңирге кайтып келиши керек. Келгенден кийин Машаяк келет деген ишеним бар еврейлерде.
Жусуп пайгамбардын жоголгон урууларын бүгүнкүгө чейин издеп жүргөндөр бар. Бул боюнча Индияга барсам, жапондуктар дагы Израиль тараптан таралганбыз деп жаза баштады. Мына ошолордун бири мынабул жазуучу Арымасул Кубо. Бу киши менен азыр тыгыз байланыштамын, өзү мыкты илимпоз.
– Биздин түбүбүздү эмнеден улам Израиль, Индияга байланыштырып жүрөсүң?
– Тибеттен ары Индияда Бормандын чегарасында куки деген эл жашайт. Алар өздөрүн Манасенин тукумдарынанбыз же Бакайдын балдарыбыз деп санайт. Алардын аксакалы Доктор Коплин менен үч күнү сүйлөшсөм, «биздин Манас Жусуптун баласы. Биз да пайгамбар тукумунан болушубуз керек» дейт. О.э. бул аксакал улам-улам «Бакай, Бакай» дегенинен «Бакай ким?» десем, «Аксакалдарыбыздын эң жогорку сыйлуусу же Теңир» дейт. Аларда бул боюнча санжыра, уламыштар, ырым-жырымдар сыйынуулар да бар болуп чыкты. Аксакал: «илгери душмандарыбыздан качып, чоң Кызыл-Суудан өткөнбүз» дейт. А Муса пайгамбардын «Тооратында» Кызыл-Деңиз деп айтылат. Ж.б.у.с. да уламыштар бар.
– Ричард мырза, учурда Кыргызстан жарандыгын алалбай жүрөсүң, анын сага эмне кереги бар? Же чындап эле түбөлүккө кыргызстандык болуп калууну чечтиңби?
– Ооба, мен Америкада жашаган атамдан бул боюнча макулдугу менен батасын алып, биротоло Алатоодо калууну чечтим. Бирок баары Жараткандын эрки менен эмеспи, тагдыр жазганын көрөбүз да…
– Атаң канча жашта?
– Туура 80ге чыкса да, демдүү-күчтүү. Авто-унаасын өзү айдайт.
– Кандай күч сени Кыргызстанга тартып турат?
– Теңир мени ушул жакка чакырып туруп алды. Калифорнияга анда-санда албетте барып турармын. Эмнегедир эле ой-мүдөөм Америкага караганда бул жакка көбүрөөк жакындай туюлат. Албетте, Калифорнияда Кыргызтанга караганда жыргалчылык. Эли бакубат жашоого жетип, мени менен чогуу өскөн досторум абыдан эле күтүрөгөн байлыкка ээ болсо да мени бул жактын жашоосу канааттандырат. Тескерисинче, мен Кыргызстандан өтө зор байлыкка жеттим. Алар менин досторум, тааныштарым жана өзүмдү кызыктырган маалыматтар. Тилиңерди үйрөнгөнүм – менин рух байлыгым болду.
– Өзүңдүн үйбүлөң кайда азыр?
– Бу жакта. Кыргызстан мага эле эмес, үйбүлөмө жаккандыктан орун-очок алып калдык.
– Учурдагы кыргыз элинин башкы кемчилиги эмнеде деп ойлойсуң?
– Кыргыздар мурунку күнөөлөрүн моюнга алып, улут катары өзүн таанып жашашы керек деп ойлойм. Мунүчүн кыргыз эли байыркы бабалардын Теңир жолуна кайтышы керек. Силер азыр көрүнгөн элди ээрчип, адашкан жолдогу улут сыяктуу туюласыңар мага.
– Кыргыздын байыркы дини теңирчилик дегендерге кошуласыңбы?
– Менин көзкарашымда силердин диниңер жаңы эмес, эң байыркы. Бирок ошол өз түшүнүгүңөрдөн алыстап кеткенсиңер. Мен Теңирге сыйынгандыктан Теңирчиликке жакынмын, бирок ага караганда кыргыз ата-бабалардын байыркы ишенимдери мени өзүнө көбүрөк тартат. Себеби, Теңирчилик азыр жаңыдан өсө баштагандыктан аркандай багытта өнүгүшү мүмкүн. Эгер ал бул тарапка өссө, мен аны менен макулмун. Тигил тарапка (азыркы америкалык индеецтердикиндей) багыт алса, мен ага кошулалбайм. Бул тарапка дегеним, кыргыз ата-бабаларынын байыркы ишенимдери. Албетте, биздин динибиз Теңирчилик деп дароо көтөрүп чыгуу кыйынга турат. Аркандай диний кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой болсо да, мындан көп чочулабаганыңар оң. Андай диний карама-каршылыктардан качыш үчүн кыргыз эли Теңирчилик боюнча жалпы бир түшүнүккө келиши керек. Кыргыз өз динине кайтуу менен – өзүнүн байыркылыгын тааныйт. Менимче, силердин улут өзүн-өзү таануудан чочулай турган жерде эмес.
Бозүйдөгүлөр өз динин сатпасын
Теңир тоодогулар өз дилин сактасын – деген ой “Бозүй” китебимде жазылып турат.
– Илимий далилдериңдин баарын ыйык китептерден алыпсың, бирок «Манас» эпосунун өзүндө ошол чаар китептеги далилдерге шайкеш мисалдарың барбы?
– Толтура. Санап отурсаң, түгөнбөйт. Мен бул боюнча өзүмдүн салыштырууларымды өз колуңа бердим, аны гезитиңдин кийинки санында жалпы окурмандарга тааныштырып көр. Менимче, эчбир кургак далил болбойт деп ойлойм.
– Ооба, өзүбүздүн Манас илимин изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, сенин эмгегиңде таптакыр жаңы маалыматтар толтура үчүн табылгаларың айрым кыргыздарды ыраазы кылып, айрымдарына чоң кубаныч болууда.
– Мен дайыма айтып келем, ыйык жазуулардагы Манас боюнча маалыматтарды калпып алып, ага терең илимдин көзкарашы менен мамиле жасалыш керек. Себеби, мынчалык дал келүүлөр кокусунан эмес. Манас боюнча буга чейин жеткиликтүү изилдөө жүргүзбөгөнүңөрдүн бир жагы – ыйык китептерге терең үңүлгөн эмессиңер. Мага чейин дагы бирөө четтен келип, сиздерге бир сырдуу китепти ачты.
– Ким?
– Алманбет.
– Ричард мырза, чынында буга чейин Манас илимин «изилдеп» академик, доктор, профессор болгондор толтура. Бирок алардын бири да сен көргөн булактын көзүн ачышкан эмес. А түгүл Манасты жараткан Сагынбай, Саякбайга мамлекеттик наамы бар илимпоздорго жасалган сый да буюрбады. Өзүң байкагандырсың, ушуга чейин бул эки залкардын ысымы коюлган маданий жай же укмуштуу эстелик да жок. Манастын урпагы кыргыз тилине зор эмгек кылган Юдахиндин кадырына жетпегендей эле кыргыз эми сенин да кадырыңа жетпейбиз. Тескерисинче, Манасты мынча терең изилдегениңдин «акысына» жемесине деле кабылышың мүмкүн. Мунун баарына дайырсыңбы?
– Чубактын Алманбетке кылган кылыгындайбы? Даярмын. Чубак өзү баатыр болгон. Түпкүлүгүндө чыныгы адептүү элсиңер. Андыктан, кайра артка кылчактабай, өмүрүмдү Манастын урпактары байыркы пайгамбар тукумунан экенин далилдөөгө арнагым келет. Болгону силердин эл руханий тумандын алдында турат, ошондон тезирек чыгышыңар керек. Себеби, учурда силердин өлкөңөргө сырттан келген каршылыктар, тоскоолдуктар толтура. Өз мүмкүнчүлүгүңөрдү, өз кадырыңарды сезбей-билбей жашап атасыңар. Өзүңөрдүн улуу эл экениңерди баалабай, тереңдеги тамырыңар турса, ошону өстүралбай, кыркып аткандай туюласыңар.
– Илим изилдөөдө чөнтөктө акчаң болушу керек. Өзгөчө, биздин шартта. Ал эми сен Манасты изилдөөдө Израиль, Индия, Тибетке чейин барыпсың. Бирок ошол сапарга корогон чыгымдар кайсы тараптын эсебинен болуп жүрөт?
– Мен Тибетке эмес, анын ары жагындагы “Манас” паркына бардым. Чынында мен биринчи жолу Индияга барганда, чөнтөгүмдө акча түгөнгөн. Бирок ал жактан кудай жалгап, ойго келбеген жерден бир таанышыма жолугуп калдым. Таанышым мейманга чакырып, барсам, үйү толо конок экен. Алар менден Кыргызстан жөнүндө кызыктуу ойлоруңду бөлүшпөйсүңбү деп, мен өз баянымды баштадым. Индиялыктарга менин силер тууралуу айткандарым кызык болду. Сөзүм аяктагандан кийин алардын ичинен экөө мага 500 АКШ долларын белекке берерин күткөн эмесмин. Себеби, өзүңөр билесиңер: индиялыктарга караганда мендей америкалыктар өздөрүн материалдык жактан бай деп эсептейбиз. А индиялыктар рухий нерселерге берилген эл. Көрдүңбү, ошонтип Теңир буйругунан болдубу, айтор, алардын 500 доллары менен Индиянын Борман чегарасындагы Бакай бабанын балдарыбыз деген Куки уруусуна жетүүгө мүмкүнчүлүк таптым.
– Теңирдин буйругу дегениң кызык экен…
– Албетте, муну Теңирдин буйругу деп санайм. Анткени, өз ата-энем анчалык бай да, кедей да үйбүлөдөн эмес. Өздөрүнүн жашоосу өздөрүнө жетет. Алар илимдеги максатымды түшүнүп, мен төрөлгөндөгү чоң атам, чоң энемден берки мага деп сактаган байлыктарын акцияга коюп сатышты да, болгон акчаны колума карматышкан. Мен ошол акчаларды бул жакта жашагандан баштап, четинен коротуп бүттүм. Бирок кыргызда кудай деген кул өлбөйт демекчи, буюрса, баары болот деген үмүтүм бар. Кыргызстанга келгенден бери деле ырыскым кемий элек, демек, мунун баарын Теңирден го...
– Ричард, кызыктуу маекти дагы улаарбыз. Азырынча өзүң сүйгөн кыргыз элине Жаңы Жылдык каалооң кандай?
– Силер адашкан улут сыяктуу сезилесиңер дебедимби. Ошондуктан силерге кааларым – Теңир атаңар менен элдешип,кыргыз башка элдердин аягы эмес, эң башкысы болушу керек. Силер ошол башатыңарга жетүүңөрдү каалайм.
– Сенин жашоо образың чынындале таза кыргыздардыкындай болуп калыптыр. Биздин элдин дайыма кудайдын буюрганын көрөбүз деп күн кечиргенине көнүп алган окшойсуң?
– Ооба, ооба. Кудайдын буюрганы баарыбызга бирдей экенине көзүм жетти. Эң кызыгы, мен бул жакка келгенде, эмнеге таңгалдым, – колунда беш коюнан башка эчнерсеси жок кыргыздын үйүндө конок болгондо. Ал бечара «кудай коноксуң» деп бир коюн мага арнап соем дегенине көнбөдүм эле, болбой мууздашты. Мен ушунчалык ыңгайсыздандым. Анткени беш коюнун бири союлуп атса, демек, байлыгынын 20%ы мага короп атпайбы. Ошондон кийин мен да бу дүйнөгө кыргызчасынан карап, баарын кудайдын буюрганынан дегенге өттүм. Албетте, мен ушундай окуяларды мурунку пайгамбарлардын баяндарынан окудум. Эми, ошол Кыргызстанда байыркы олуялардын кагазга жазылган турмушу – тирүү спектаклдей болуп калды. А мен аны сырттан тиктеп отурган көрүүчүдөй эмес, өзүмдү каармандардын бириндей сезип турам.
– Сени жакындан билгендер этти өкүртө жейт деп жүрүшөт, чынбы?
– Эт жеп, кымыз ичкенди жакшы эле үйрөндүм. Эң биринчи жолу кыргыздын үйүндө мейман болгондогум кызык… Кечки саат 5ке чакырышканынан, курсагымды камдап келсем, козуну ошондо араң союшту. Көрсө, малды мейман босогону аттагандан кийин соет турбайсыңарбы. Ошо менен эт бышканга чейин курсагым курулдаганынан жарма, нан, салат, вареньесин аралаштырып жей бердим. Бир убакта мантысы келди, а курсакта орун жок, бирок уятыман араңдан зорго анысынан да жедим. Манты жыйналары менен алдыбызга бешбармак тартылды. Көрүп ал анан, жебейм дегениме көнүшпөй, түнкү саат экиге чейин сыйлашты. Жедим. Эртең менен да саат 6да түндө калган этти жалмап, ошентип Муса пайгамбар сыяктуу бир түндө бир козуну жегенибиз мага таңгалыштуу болду.
– Сен азыр бу жакта батирде жашайсыңбы?
– Жок, кудайга шүгүр, сатып алган үйүм бар. Бирок кабат үйдө жашагым келбей, аны сатып, жер үй алсамбы деп турам.
– Кыргызча оокат кылайын деген экенсиң да…
– Ооба, күндүн ырыскысын алыш үчүн бираз эртерээк турушум гана керек го.
– Соң-Көлдө малың бар деп да угам.
– Бираз малым бар. Кечээ байкем суранып, бодо малымдын бирин карызга алды.
– Сен анда нак эле кыргыз болуп калыпсың.
– Буюрса. Бирок мурдатан калыптанып калган бир эле каапырчылыгым бар.
– Мени орус же америкалыктар Олег же Огюст деп чакырганын каалабас элем. Ата-энең азан чакырып койгон Ричард деген атыңды кыргыздар Рысбек деп буруп алганына нааразы эмессиңби?
– Эмнеге нааразы болом. Муну да Теңир буйругу деп эсептейм. Сени деле менимче, ата-энең, досторуң Олжоке же Олтай деп эркелетер, туурабы… Эпосто силер Санирабигага Каныкей деген ат бергенсиңер да.Ошол сыяктуу эле кыргыз досторум мени Рысбек деп эркелеткенин сыймык катары кабыл алгам. Сөздүн маанисин деле карасаң, – ЫРЫСбек…
Редакциядан: Ричард Хевитт мырза көпчүлүктүн бүйрүн кызыткан илимий далилдерин гезитибиздин кийинки санында толук түрдө жарыялайбыз. Андан соң түшүнүксүз суроолордун тегерегиндеги жоопторун угууга кайрадан кезек берип, кызыктуу маегибизди улантабыз.
Олжобай Шакир
Дата обновления: 27.01.10 13:46
http://www.kg.zpress.kg/news/news_only/29/5218
Сүрөттө мас эмесмин.
Wednesday, December 8, 2010
Wandering the dark streets, rejection burrowed inside.
Considered vodka, getting drunk, drowning my sorrows
Then I remembered Karl Marx's "opium for the masses"
I inhaled deeply. Inhaled again. And again
until a lite, easy feeling enveloped me.
Wednesday, November 17, 2010
Баштыгы Балта, Жакыптын
Эки колу байлоодо,
Эки көзү жайноодо.
Алтымыш кытай, сан калдай
Өзүлөрү тегеректеп айдоодо.
Алты өгүз, төрт качыр,
Күчүн берип айдады,
Алты эчки, үч уйдун
Сүтүн берип айдады.
Кырк үйлүү кыргыз журту эле,
Мунун кылайган аты калбады.
жана
Теңир мындай дейт: “Туткунга түшкөн Жакыптын чатырларын кайра алып келип, анын айыл-кыштактарына ырайым кылам. Шаар кайрадан өзү турган дөңсөөгө курулат, ийбадаткана мурункудай болуп тургузулат.
Алардын даңктоо ырлары, кубанган үндөрү угулат. Мен аларды көбөйтөм, алар кемибейт, аларды даңазалайм, алар кемсинтилбейт.
Анын уулдары мурдагыдай болот, анын топ эли Менин алдымда турат, аны эзгендердин баарын жазалайм.
Ошондо анын жол башчысы өзүнөн болот, анын башчысы өз ичинен чыгат. Мен аны Өзүмө жакындатам, ал Мага жакын келет, анткени Мага жакындаганга ким өзү батына алат? – дейт Теңир.
Ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом”».
Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал мыйзамсыздардын башына түшөт.
Өз жүрөгүнүн ниетин ишке ашырмайынча, аны аткармайынча, Теңирдин жалындаган каары токтобойт. Муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр.
Эмнеге бул китептин Теңири Жакыптын журту үчүн күрөшөт?
Tuesday, November 16, 2010
Кыргызым, Курман Айт майрамыңар менен куттуктайм. Бул майрам баарыбыз үчүн маанылуу дейм. Жараткан бөлүнгөн диндерди бириктиш үчүн кыргыз элин колдонсун. Оомийин.
Чар Китептеги Баштылыш 22 бап
1 Ушул окуялардан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. Ал ага: «Ыбрайым!» – деди. Ыбрайым болсо: «Мына мен», – деди.
2 Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал».
3 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, эшегин токуп, өзү менен кошо малай балдарынан экөөнү жана уулу Ыскакты алып, жолго чыкты. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жарып алып, Кудай айткан жерге барды.
4 Yчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ал жерди көрдү.
5 Анан Ыбрайым малай балдарына: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз», – деди.
6 Ыбрайым бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка дайындалган отунду уулу Ыскактын жонуна артып, колуна от менен бычак алды. Анан экөө бирге жөнөдү.
7 Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады.
8 Ыбрайым ага: «Уулум, Кудай Өзүнө чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуну Өзү караштырат», – деп жооп берди. Алар андан ары жөнөштү.
9 Ошентип, алар Кудай айткан жерге келишти. Ыбрайым ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, отундарды коюп, өз уулу Ыскакты байлап, аны курмандык чалынуучу жайга, отундардын үстүнө жаткырды.
10 Анан Ыбрайым өз уулун мууздаш үчүн колун сунуп, бычагын алды.
11 Бирок асмандан Теңирдин периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деди.
12 Периште ага: «Балаңа кол көтөрбө, ага эч нерсе кылба, анткени Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим», – деди.
13 Ыбрайым көз чаптырып караса, артында мүйүзү калың бадалга илинип калган бир кочкор турган экен. Ыбрайым басып барып, ал кочкорду алып, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды.
14 Анан Ыбрайым ошол жердин атын Жахаба-ире деп атады. Ошондон улам «Жахаба тоосунда караштырылат» деген сөз айтылып калган.
15 Теңирдин периштеси асмандан Ыбрайымды экинчи ирет чакырып, мындай деди:
16 «Өзүңдүн жалгыз уулуңду аябастан, ушул ишти кылганың үчүн, Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир.
17 Эми Мен сени алкагандан алкайм, сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйткөндөн көбөйтөм. Сенин тукумуң өз душмандарынын шаарларын ээлеп алат.
18 Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат».
19 Анан Ыбрайым малай балдарына кайтып келип, алар менен бирге Бейер-Шебага жөнөдү. Ыбрайым Бейер-Шебада жашап турду.
Курандын 37 сүрөсүнөн
100. Господь мой!
Дай мне праведного (сына)!»
101. И Мы послали весть ему благую
О добронравном кротком сыне.
102. И вот, когда он возраста труда достиг,
Отец сказал: «Мой сын, я вижу сон,
Что жертвенным убоем тебя я Богу приношу.
Ты посмотри, что мыслится тебе об этом».
И сын сказал: «О мой отец!
Ты делай то, что ведено тебе,
И ты найдешь, что я — коли угодно Богу —
Найду в себе смирение и твердость».
103. Когда же оба предались Господней воле,
И сына на чело отец уже поверг,
104. Воззвали Мы: «О Ибрахим!
105. Ты оправдал уже видение свое!» —
Мы так вознаграждаем добротворцев.
106. Сие — поистине (Господне) испытанье,
107. И искупили (сына) Мы его Великой жертвой.
108. И Мы оставили над ним
В народах, что пришли потом,
(Благословение Господне):
109.«Да будет Ибрахиму мир во всех мирах!»
110. Так Мы вознаграждаем добротворцев.
Tuesday, November 9, 2010
Thursday, October 21, 2010
From Another Perspective
Childless in a Land of Orphans
My wife and I made our home in Kyrgyzstan, a land with few straight roads. We’ve been trying to adopt one of the many orphans in this enchanted land since 2007, but a string of curves threw us off our path.
We returned to California and found an adoption agency to speed up the process. Preparatory home-study documents were tedious. An $18,000 fee to finalize adoption overseas seemed hideous.
$18,000 in addition to thousands for traveling, for diplomatic fees, processing charges, orphanage gifts, etc. etc. put the final tab above $30,000. Obviously, we needed to know what the mysterious $18,000 covered. Wrong question. The agency did not want anyone asking! We returned to Kyrgyzstan without paying, because we have been in Central Asia long enough to know that unexplained fees often perpetuate corruption and darken the eyes of local officials.
Of course we did not want to assume that our friendly, Christian agency would partake in such criminality, but avoiding normal questions about exorbitant fees did raise red flags about their intentions. Back in Kyrgyzstan we learned that our adoption agency’s local worker had been accused of corruption. She had a reputation in Kyrgyzstan for helping Americans buy babies. Her actions were corrupting the process and making it nearly impossible for non-Americans to adopt. Since we are “local” she considered us insiders, and told us personally that she was bribing officials and making fake adoption documents. We immediately informed the agency back in California that their representative was accused of paying fees under the table. We thought they would be thankful for the information. Instead they responded by ending their relationship with us, and keeping their other American clients from interacting with us.
Non-Americans trying to adopt have accused Americans of paying for children. Such American activities put a price on children and place babies into the baby-trade or “market.” Increased prices increase demand. Demand creates more orphans, unnatural orphans. Those refusing to pay or unable to pay are pushed out of the market. In Kyrgyzstan, the losers are childless Kyrgyz families - families who are legally granted first priority. We found ourselves lumped with these Kyrgyz couples, because we would not pay $8000. If we had, the representative from our American agency would have opened the way for us.
We also found a sector of society that produces babies for market: mothers who give their babies to the booming baby business. We have witnesses who say orphanage directors pay these mothers to release their child into the adoption cycle.
If I had not lived in Kyrgyzstan or if I had no contact with non-Americans trying to adopt, I probably would have assumed the $18000 from California (or the $8000 from Bishkek) was an official fee. I would have assumed my friendly Christian agency was working on my behalf and on behalf of the children in Kyrgyzstan.
We met one American Christian volunteer in an orphanage here. She told us that she was transferring funds from the agency in California to the aforementioned corrupt representative in Kyrgyzstan. The California agency gave the volunteer over $100,000 to pass on to the local representative who then moved the money to a government official, $8,000 for each child-to-family match. Innocent American parents are never told this price. They assume their friendly agency is providing a just and right way to help the needy. The American Christian volunteer was offered no contract and given no receipts for the $1000s she was transferring. When she was warned about the criminality of her activities, she quickly returned the remaining money back to California.
Once Bishkek's corrupt government official was paid $8000, she opened the door for adoption.
A stream of nice American parents continued adopting desperately needy babies long after accusations and charges became public in Kyrgyzstan. My wife and I stood on the side with hundreds of childless Kyrgyz couples, who were told to wait until more babies became available. We watched many elated couples take their new babies home.
Honest Kyrgyz government officials and human rights organizations became aware of the child-trafficking-guised-as-adoption within their country. The government threatened to shut down international adoptions so they could sort out the confusion. At least one American adoption agency ignored the warnings and continued “business as usual,” dragging more unsuspecting families into a nightmarish dead-end. Why would adoption agencies ignore the warnings? American adoption agencies have experience from previous bans on Romanian, Guatemalan, and Cambodian adoptions. They knew exactly where the process was going, but still they took more paying families on board.
Now Kyrgyz adoptions have also been halted and sixty-five American families are stuck in a heart-wrenching political stalemate. Countless Kyrgyz couples and families from other countries, and untold babies are also choking in the horror.
The sixty-five American families could be investigating their own agencies before accusing Kyrgyz officials. One wise individual properly said, “Remove the plank from your own eye, and then you will see clearly to remove the speck from your brother’s eye.” Kyrgyzstan needs help, but not from those funding the corruption.
A lot of wonderful folks have been duped by friendly, caring, religious agencies. I even think the agencies hire sincere employees who do care about the babies and families, but have no idea what their directors are doing. It is the perfect scam: set up an adoption agency, hire sympathetic employees, organize an illegal contract, and hire an in-country representative who “knows the system.” Then entice one of the most patient and non-assuming sectors of society - families wanting to adopt. Unsuspecting employees provide the perfect smokescreen between families and director. I would have fallen for the heist if I had not been exposed to all the tears and complaints from Central Asia.
Of the $18,000, we found where $8,000 goes. What about the remaining $10,000? We don’t know what happens to it, but we have sources from California and from Kyrgyzstan telling us that the American adoption agencies signed a very costly contract with a renegade government official, who has since been removed. Every businessman knows the cost of that pricey, illegal contract needs to be recovered.
The sixty-five American families seem to be blaming corrupt Kyrgyz officials for postponing their adoption. That is understandable, but a few brave Kyrgyz are already risking their lives to expose those corrupt officials. And the American embassy is working tirelessly here for the 65 families. But is anyone accusing the directors of the American adoption agencies, or do these businessmen get off free? Unfortunately, Americans still find ways to finance the corruption, even after Guatemalan, Cambodian, and Romanian adoption scandals were exposed.
I am sad that Kyrgyz children, adoptive parents, and Kyrgyz families are victims who suffer dramatically, while the adoption agencies who created the immense problem pocket the money and get off unaccused.