Wednesday, November 17, 2010

Кыргыздардын жакшы көргөн дастаны четке кагылган китепке таандыкпы?

Баштыгы Балта, Жакыптын

Эки колу байлоодо,

Эки көзү жайноодо.

Алтымыш кытай, сан калдай

Өзүлөрү тегеректеп айдоодо.

Алты өгүз, төрт качыр,

Күчүн берип айдады,

Алты эчки, үч уйдун

Сүтүн берип айдады.

Кырк үйлүү кыргыз журту эле,

Мунун кылайган аты калбады.

жана

Теңир мындай дейт: “Туткунга түшкөн Жакыптын чатырларын кайра алып келип, анын айыл-кыштактарына ырайым кылам. Шаар кайрадан өзү турган дөңсөөгө курулат, ийбадаткана мурункудай болуп тургузулат.
Алардын даңктоо ырлары, кубанган үндөрү угулат. Мен аларды көбөйтөм, алар кемибейт, аларды даңазалайм, алар кемсинтилбейт.
Анын уулдары мурдагыдай болот, анын топ эли Менин алдымда турат, аны эзгендердин баарын жазалайм.
Ошондо анын жол башчысы өзүнөн болот, анын башчысы өз ичинен чыгат. Мен аны Өзүмө жакындатам, ал Мага жакын келет, анткени Мага жакындаганга ким өзү батына алат? – дейт Теңир.
Ошондо силер Менин элим болосуңар, Мен силердин Кудайыңар болом”».
Мына, Теңирден катаал бороон келе жатат, каардуу бороон келе жатат, ал мыйзамсыздардын башына түшөт.
Өз жүрөгүнүн ниетин ишке ашырмайынча, аны аткармайынча, Теңирдин жалындаган каары токтобойт. Муну акыркы күндөрдө түшүнөсүңөр.

Эмнеге бул китептин Теңири Жакыптын журту үчүн күрөшөт?

No comments:

Post a Comment