Tuesday, November 16, 2010

Кыргызым, Курман Айт майрамыңар менен куттуктайм. Бул майрам баарыбыз үчүн маанылуу дейм. Жараткан бөлүнгөн диндерди бириктиш үчүн кыргыз элин колдонсун. Оомийин.


Чар Китептеги Баштылыш 22 бап

1 Ушул окуялардан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. Ал ага: «Ыбрайым!» – деди. Ыбрайым болсо: «Мына мен», – деди.

2 Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал».

3 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, эшегин токуп, өзү менен кошо малай балдарынан экөөнү жана уулу Ыскакты алып, жолго чыкты. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жарып алып, Кудай айткан жерге барды.

4 Yчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ал жерди көрдү.

5 Анан Ыбрайым малай балдарына: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз», – деди.

6 Ыбрайым бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка дайындалган отунду уулу Ыскактын жонуна артып, колуна от менен бычак алды. Анан экөө бирге жөнөдү.

7 Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады.

8 Ыбрайым ага: «Уулум, Кудай Өзүнө чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуну Өзү караштырат», – деп жооп берди. Алар андан ары жөнөштү.

9 Ошентип, алар Кудай айткан жерге келишти. Ыбрайым ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, отундарды коюп, өз уулу Ыскакты байлап, аны курмандык чалынуучу жайга, отундардын үстүнө жаткырды.

10 Анан Ыбрайым өз уулун мууздаш үчүн колун сунуп, бычагын алды.

11 Бирок асмандан Теңирдин периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деди.

12 Периште ага: «Балаңа кол көтөрбө, ага эч нерсе кылба, анткени Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим», – деди.

13 Ыбрайым көз чаптырып караса, артында мүйүзү калың бадалга илинип калган бир кочкор турган экен. Ыбрайым басып барып, ал кочкорду алып, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды.

14 Анан Ыбрайым ошол жердин атын Жахаба-ире деп атады. Ошондон улам «Жахаба тоосунда караштырылат» деген сөз айтылып калган.

15 Теңирдин периштеси асмандан Ыбрайымды экинчи ирет чакырып, мындай деди:

16 «Өзүңдүн жалгыз уулуңду аябастан, ушул ишти кылганың үчүн, Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир.

17 Эми Мен сени алкагандан алкайм, сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйткөндөн көбөйтөм. Сенин тукумуң өз душмандарынын шаарларын ээлеп алат.

18 Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат».

19 Анан Ыбрайым малай балдарына кайтып келип, алар менен бирге Бейер-Шебага жөнөдү. Ыбрайым Бейер-Шебада жашап турду.


Курандын 37 сүрөсүнөн

100. Господь мой!

Дай мне праведного (сына)!»

101. И Мы послали весть ему благую

О добронравном кротком сыне.

102. И вот, когда он возраста труда достиг,

Отец сказал: «Мой сын, я вижу сон,

Что жертвенным убоем тебя я Богу приношу.

Ты посмотри, что мыслится тебе об этом».

И сын сказал: «О мой отец!

Ты делай то, что ведено тебе,

И ты найдешь, что я — коли угодно Богу —

Найду в себе смирение и твердость».

103. Когда же оба предались Господней воле,

И сына на чело отец уже поверг,

104. Воззвали Мы: «О Ибрахим!

105. Ты оправдал уже видение свое!» —

Мы так вознаграждаем добротворцев.

106. Сие — поистине (Господне) испытанье,

107. И искупили (сына) Мы его Великой жертвой.

108. И Мы оставили над ним

В народах, что пришли потом,

(Благословение Господне):

109.«Да будет Ибрахиму мир во всех мирах!»

110. Так Мы вознаграждаем добротворцев.

No comments:

Post a Comment