Saturday, May 28, 2011


Кыз Ала-Качуу
Кыргыздар оюн-зоокко жакын эл болот. Алар көңүл ачканды, тоого чыгып, эс алганды, ар түркүн оюндарды, спорттук мелдештерди, той-тамашаны жакшы көрүшөт. Мен кыргыз салттарынын бири — "кыз ала качуу" салты менен тааныштым. Тилекке каршы, кыргыздардын көпчүлүгү анын маанилүү бир жагын көз жаздымда калтырышкан сыягы. Ошол себептүү бир жагынан алганда оюн-зоокко жаткан, экинчи жагынан караганда абдан мааниси терең болгон бул салт азыр абдан кооптуу, уят нерсеге айланып кеткени өкүнүчтүү. Кыргыз элинин жандүйнөсүнүн жабыр тартып, кыйроосунун себептеринин бири ушул унутта калган жагы экенине менин көзүм жетип турат.

Силердин элиңердин башка элдердин алдында аброю бийик, эркиндикти, ызаат—урматты, сүйүүнү баалай билген эл экенин жакшы билем. Кыз киши өмүрлүк жарың өз ыктыяры менен тандабаса, кийин күйөөсү экөөнүн оту күйүшпөй, ортосунда чыныгы сүйүү болбосун силер жакшы билесиңер. Ооба, эркиндик бар жерде гана чыныгы сүйүү адамдын жүрөгүнөн түнөк таап, жашай алат.

Ушул себептен менин досум Алмазга окшоп, кыргыздын көптөгөн жигиттери, үйлөнөрдөн мурун кыз менен сүйлөшүп, ага жагынууга аракет кылышат. Анан чечкиндүү кадам шилтеп, кызга сөз айтышат. Арийне, жигитте: "Сунушумду четке каксачы?"— деген коркунуч да болбойт койбойт. Бирок бардык нагыз жигиттердей эле, ал өз бактысын сыноого батынат. Кыз макул десе, төбөсү көккө жете сүйүнөт. Үйүнө барып, болочок колуктусу менен жашай турган жай даярдайт. Анан салтка ылайык, тууган-туушкандары, жолдош-жоролору менен бирге кызды ала качууга камдана баштайт.

Кыз болсо жигиттин качан алып кетерин билбесе да чыдамсыздык менен күтүп, өзүн даярдайт. Мен муну Алмазга макулдугун берип, бирок качан келип, алып кетерин билбестен күткөн Алимадан көргөм.

Акыры жигиттин үй-бүлөсү тойго даяр болгон күн да келет. Жигит досторун чакырып, алар менен мурдатан даяр бирок ошо маалда бейкапар отурган кызды ала качып келишет. Бул эң кызык, эң керемет учур. Эки жаштын сүйүүсү менен кубанычына элдин баары күбө болушат.

Бирок тилекке каршы, кээ бир жигиттер коркок сыяктуу. Алар Кудайдын баардык адамдарга тилеген эркиндиги, урмат-сыйы жана сүйүүсү жөнүндө таптакыр түшүнүгү жоктой. Кыз менен сүйлөшкөндөн, ага сөз айткандан коркушат. Кыздын жообун күтүүгө чыдамы жетпейт. Адатта ушундай жигиттердин кээ бирлери кыздарды өз эңсегенине жетүү үчүн эле пайдалангысы келет. Ал эми кыздын жан дүйнөсүн, эркиндигин таптакыр ойлошпойт.

Алар ойлонбой туруп капыстан эле үйлөнөм деген чечимге келип, досторун чогултушат да, илгерки араб баскынчылары, Кокон кандары жана Орто Азияга кол салган орус аскерлери сыяктуу эч нерседен бейкапар кызга жабадактап басып келишет. Тарыхыңар айтып тургандай силерди арабтар, өзбектер жана орустар өз диндерине күч менен баш ийдирип, силерге жат диндер менен жолдорду кастарлаганга мажбурлоого аракет кылышкан. Ошол сыяктуу эле күч менен ала качып келинген кыз да күйөөсү менен анын үйүндөгүлөрүн аргасыз кастарлап, кызмат кылууга мажбур болот. Ошол тарыхыңарда калган, элиңерди эзген баскынчылардан айырмаланбай, алардын колдонгон ырайымсыз зөөкүрлүктөрүн кыргыздын азыркы кээ бир жигиттери да колдонуп жүрүшкөнү баарыбызга маалым. Бул абдан өкүнүчтүү.

Өз жарыбыздын эркиндигин сыйлайбызбы, сыйлабайбызбы, төмөнкүнү эске түйүп алалы: зөөкүрлүктүн алдында жашаган адам өзүнүн эркин сүйүүгө ача албайт, себеп дегенде эркиндик жок жерде сүйүү турмак анын карааны да жок.

Жоготуп бараткан кыргыз дилиңерди кайрадан изденип жатканыңарды колдоо менен силерден бир нерсени өтүнөр элем: "кыз ала качуу" салтыңардын мурдагыдай туура калыбына келтиргиле. Үйлөнөрдөн мурда колуктуңардын каалоосун эске алсаңар кыргыздын кадыр—баркын, атак—даңкын баштапкы калыбына келтирүүгө кадам шилтемексиңер. Кипкичинекей ушул салымыңар кыргыз маданиятына канчалык чоң кубаныч, маани-маңыз кошмок. Бул кадамыңар менен кыргыз элин жаратып жатканда койгон Кудайдын алгачкы ой—тилегине жакындамаксыңар.

Менимче, ыйык китепте жазылган, көк Теңир берген төмөнкү аян жогоруда айткандырыбызга эң жакшы мисал боло алат: Машаяк да кетүүгө камданган колуктусун күтүп, Теңири-Атасынын үйүнөн жай даярдап жатат. Колуктусу болсо анын качан келерин билбейт. "Келгиле, баш кошуп, түбөлүккө бирге бололу," - деп кыдыр-машаяк силерге сунуш кылган. Кээ бириңер бул сунушту кабыл алып, эч кысталбай, зор кубаныч менен макулдугуңарды берип жатасыңар. Албетте, машаяктын бизге сунуш кылган никеси жердеги пенделердикиндей эмес, ал башкача, асмандагы керемет нике. Силер рухий жактан көзүңөр ачылган адамдардан болсоңор, анда жердеги нерселердин асмандагы жашоонун чагылдырышы гана экенин билесиңер.

Ошентип, биз асманга кеткен олуя-машаяктын качан кайрадан келерин билбейбиз. Бирок кайтар маалы жеткенде, ал асмандагы ак боз атын минип келип, бизди түбөлүк үйүбүзгө ала качат. Пайгамбарлардын жазууларын ачып, машаяктын айткандарын окусаңар. Аны сүйүп, колуктусу болууну каалагандарга ал мындай деген:

"Кайгыга батпагыла! Теңирге ишенгиле, ошондой эле мага да ишенгиле! Көктөгү Атамдын үйүндө жай көп. Эгер андай болбосо, силер үчүн жай даярдагыны баратам деп айтмак белем. Барып, даярдап бүткөндөн кийин кайтып келип, мен болгон жерде силер да болууңар үчүн жаныма алып кетем. "
(Жакандын сүйүнчүсү: 14—бөлүм, 1-З саптар).

Биз машаяктын качан келерин билбейбиз. Деген менен анын сунушун кабыл алгандар ал өзү убада кылгандай жерге түшүп келип, аларды Атасынын үйүнө алып кетер күнгө даярдык көрүп жатышат. Ошондо гана кыргыздын "турмушка чыгуу" деген сөзү өзүнүн түбөлүктүү, жеткилең маанисине жетет. Биз жерден асманга кетип, Иса Машаяк менен баш кошкондо гана чыныгы турмушка чыгабыз.

Мен силерге бир кеңеш берем: ары тамашалуу, ары мааниси абдан терең болгон "кыз ала качуу" салтыңардан баш тартып, унутууга шашпагыла. Тескерисинче, Кудай аны эң башында кандай максатта жаратса, ошол калыбына кайра келтиргиле. Байыркы кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн сулуулугу менен улуулугу Алмаз менен Алиманын жашоосундагыдай болуп, бүткүл элиңерге күн нурундай жаркырап жансын.

Баарынан да маанилүүсү, машаякка макулдугуңарды берип, ал өз "колуктусун" Атасынын үйүнө алып кеткени асмандан капыстан түшүп келгенде, үрөйүңөр учуп коркпостон, кубангыдай болгула.

"Ала Тоодогу Кырк Из" деген китептен (2000 ж.)

No comments:

Post a Comment

Follow by Email