Thursday, April 28, 2011


Атасыздык
Кайын журтумда (Швецзарияда) болгондо мен кыргызстан жөнүндө билген бир адам менен жолуктум. “Кыргыздар атасыз эл сымал болуп калды. Өз теңири-атасынан айрылган жетим эл болгондуктан, өз жолун таап албайт - деди мага. Ал Християн болсо да аны Бишкекке бул тема тууралуу талкуулоого чакырдым. Өз динин үгүттөгөнгө тыйуу салдым. Бир гана өзүнүн пикирин далилдеш үчүн ыйык китептерди пайдаланганга уруксат берерибизди айттым. Ал макул болду. Мен бул тегерек столго 5-20 билимдүү кыргызды чакыргым келди. Катышкандар пайгамбарлардын жазууларын баалаган кыргыздар болсун: Чыңгиз Айтматов дүйнөлүк ыйык китептерди окуп, бирок динин сатпагандай эле болсун. "Атасыздык" темага кызыккандар мага кайрылса болот. Өзүңөр жөнүндө бир аз кошуп жазгыла.
Рысбек

No comments:

Post a Comment