24Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен күрөштү. 25Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен күрөшүп жатканда, жамбаш муунуна тийип, мертинтип койду. 26Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди. 27Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди. 28Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың». 29Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди. 30Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерге Пенуел деген ат койду. 31Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты. 32Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Күрөшүүчү Жакыптын жамбаш тарамышына тийип мертинтип койгон.
Кыргыз тарыхынан алынган окуя десек болобу?