Sunday, May 31, 2015

Дамаск

Жараткан олуя-пайгамбарларыбыз аркылуу Сириядагы Дамасктын болбой каларын жарыялагандыктан ал шаар толук такыланат.
Дамаск жөнүндө пайгамбарчылык. «Мына, Дамаск шаарлардын эсебинен чыгат, үйүлгөн урандыга айланат.
Менимче, бул сөз жакында аткарылат. 

Wednesday, May 27, 2015

Өзүбүзгө үстөмдүк кылууга

Жеримия олуя азыркы абалыбызга жарыялайт экен:
Өзүңө үстөмдүк кылууга аларды өзүң үйрөтпөдүң беле. Төрөп жаткан аялдай кыйналып жаткан жоксуңбу? Эгерде сен өз жүрөгүңдө: “Эмне үчүн бул менин башыма түштү?” – дей турган болсоң, бул сенин көп сандаган мыйзамсыз иштериң үчүн болду...
Өзүбүзгө үстөмдүк кылууга Орустарды да Араптарды да үйрөтпөдүк беле?

Tuesday, May 26, 2015

Америка бекен?

Улуу шаар Бабылдын кыйрашы 

1Ушундан соң, көктөн түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар дагы башка периштени көрдүм. Анын шаң-салтанатынан жер жүзү жаркырап кетти. 
2Ал катуу үн менен: — Кыйрады ал, улуу Бабыл кыйрады! 
Ал жиндердин турагына айланды, 
Арам рухтар конушуна, 
Жексур жырткыч ийинине, 
Жийиркеничтүү канаттуулар 
Уясына айланды. 
3Анткени ал ачуу шарап сыяктуу 
Азгындыгын сунуп жатты, мас кылып 
Бүт элдерди. Бузуктукка батышты 
Аны менен падышалары дүйнөнүн. 
Ашып-ташкан молдугунан көпөстөр, 
Шаң-салтанат турмушунан байышты, — 
деди. 
4Анан асмандан мындай деген башка бир үндү уктум: — Чыгып кеткин андан, элим, чыгып кет, 
Болбой эле кой күнөөсүнө ортоктош, 
Кабылбагын ал туш болор балээге!
5Көккө жетти анын толгон күнөөсү, 
Кылмыштары түштү Кудай эсине. 
6Андан көргөн жамандыгын кайтарып, 
Эми өзүнө кыянаттык кылгыла, 
Жоругуна, жосунуна жараша 
Тиешесин эки эселеп бергиле. 
Эки эсе ачуусунан шараптын 
Даяр кылып, чөйчөгүнө куйгула. 
7Мурда канча сыймыктанып, мактанса, 
Байлыгына маашыркаса канчалык, 
Эми ошонун бардыгына жараша, 
Азаптарга, кайгыларга салгыла. 
Ал ичинен али дагы мындай дейт: 
«Мен — ханышамын, тактысында олтурган, 
Боздогондой жесир аял эмесмин». 
8Ошондуктан бир заматта балээлер 
Басып калып, илдеттерден кырылат 
Көп адамдар. Ачарчылык, кайгыга 
Кабылат ал, отко өрттөлөт, анткени 
Соттоп жаткан Кудай Эге кудуреттүү. 
9Сойкуга кошулуп алып бузукулук кылган, анын байлыгы менен жыргаган жер үстүндөгү падышалар тигинин өртүнөн чыккан түтүндү көргөндө, аны жоктоп боздоп ыйлашат. 
10Кыйналып жатканын көрүп, жандары чыгып, алыста туруп: «О, кокуй күн, каран күн! Эмне болду, 
Улуу шаар, бекем калаа Бабыл, сага?! 
Бир паста жазаланып калдыңбы сен?!» — 
деп үн салышат. 
11-13Жердеги соодагерлер да аны карап алып, боздоп ыйлашат, анткени алардын алтын-күмүш буюмдарын, асыл таштары менен берметтерин, кымбат баалуу кездемелери менен маталарын, жибектен жасалган кыпкызыл кийимдерин, жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, кымбат баалуу жыгачтан, жезден, темирден, мармардан жасалган буюмдарын, атырлары менен эндик-упаларын, мүр жана ладан аталган жыпар жыттуу заттарын, шараптары менен майларын, ундары менен буудайларын, малдары менен койлорун, аттары менен арабаларын, адамдардын денелери менен жандарын мындан ары эч ким сатып албай калат. 
14Жаның эңсеп, каалаган 
Буюмдардан куру калдың, 
Дөөлөттөрүң, байлыгың 
Түбү менен жок болду, 
Издесең да, аларды 
Таба албайсың эми сен. 
15Ушунун баары менен соода жүргүзүп, байып алышкандар анын тартып жаткан азабынан коркушуп, алыста туруп алып:
16«О кокуй күн, каран күн! 
Кымбат баалуу кийимчен, 
Кызыл шайы көйнөкчөн, 
Алтын, жакут, берметиң 
Жаркылдаган улуу шаар!
17Ушунча көп байлыгың 
Заматта ойрон болдубу?!» — 
деп боздошот. 
Кеме башчылары, кемечилер, кемедегилер жана деңиздин аркасы менен акча тапкандардын баары алыстан карап турушат.18Алар шаардын күйүп, түтөп жатканын көрүшкөндө: «Ушул улуу шаардай шаар бар беле?» — дешип боздошот. 
19Баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: «О кокуй күн, каран күн! О, улуу шаар! 
Кемелүүнүн бардыгы көргөн эле 
Байлыгыңдын үзүрүн. Кайда алар? 
Аңырайып, бош калдың бир заматта. 
20О, асман, муну көрүп, сен кубангын! 
Ыйыктар, элчилер, пайгамбарлар — 
Баарыңар кубангыла! Силер үчүн 
Сазайын ушул шаардын Кудай берди», — 
дешет. 
21Анан бир күчтүү периште тегирмен ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да: 
— Мына ушундай күч менен 
Ыргытылат, ташталат 
Улуу калаа Бабыл да, 
Тура албайт ал экинчи
22Арфа менен ырчынын, 
Чоор менен сурнайдын 
Сенден чыкпайт үндөрү. 
Өнөрпоз да, уста да 
Болбой калат сенде эми. 
Тегирмендин үнү да 
Калат эми угулбай. 
23Жанган чырак жарыгы 
Мындан ары көрүнбөйт. 
Күйөө менен колукту 
Үндөрү да угулбайт. 
Көпөстөрүң анткени 
Эң мыкты эле дүйнөдө, 
Анткени сыйкырчылыгың 
Бардык элди алдады. 
24Пайгамбарлар, ыйыктар, 
Бүтүндөй жер жүзүндө 
Өлтүрүлгөн адамдар 
Канына забын ушул шаар, — 
деди.

Thursday, May 14, 2015

20- кылымдагы урушуу

CCCР кудайды жаман шылдыңдаган.
Анан кудай СССРны шаман шылдыңдады.

Saturday, May 9, 2015

Ал өлкө булганбайт бекен?

Жеремия олуя төмөнкөсүн жазган:
Мындай деп айтышат: “Эгерде күйөөсү аялын коё берсе, аялы андан кетип, башка күйөөгө тийип, кайра мурунку күйөөсүнө кайрылып келсе болобу?” Ушул үчүн ал өлкө булганбайт бекен? Сен болсо көп ойношторуң менен бузуктук кылдың, ошого карабастан Мага кайрылып кел, – дейт Теңир. (Тоораттан)

Monday, April 27, 2015

Олуя Улукмандын кол жазмасынан

Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди: 
— Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула. Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат. Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула. Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула! Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт. А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар. Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт. Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам. Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт. Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла. Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.
Эл арасынан бирөө: 
— Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды. 
Ыйса ал кишиге: 
— Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди. — Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди. 
Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди: 
— Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет. Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок. Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн. Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан». Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» — дейт. Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.
— Ошондуктан силерге айтып коёюн, — деди Ыйса шакирттерине карап, — «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла! Тамактан жан, кийимден дене артык да. Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң. Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат? Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар? Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес. Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар! Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула! Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет. Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.
Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү. Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт. Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.
Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун! Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула. Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат. Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу. Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле. Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

Кудайды унуткан элдер

Дөөт пайгамбар Жаратканга кайрылганда
Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.
деп жалынган. Анан забурдун аягында ал

Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак сал. Жетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын
деп кайрылды. (Забор 9)

СССР да түшкүн. Америка унутса да ушундай түшөт.  Мээримдүү Теңирата баарыбызды сактасын. Ал жакшы экен. Ал мумун элдердин тилегин орундатат.