Friday, April 25, 2014

Кыргызым, сенин Теңириңер жакшы

Кыргызым, сенин Теңириңер жакшы.
Менин жаным, Теңирди макта; менин бүт ички дүйнөм, анын ыйык ысымын макта. Менин жаным, Теңирди макта, анын бардык жакшы иштерын унутпа. Ал сенин бардык мыйзамсыз иштериңди кечирет, сенин бүт ооруларыңды айыктырат. Сенин өмүрүңдү көрдөн куткарат, ырайымы жана мээрими менен чулгайт.  Сенин жашооңду жакшылыкка толтурат, жаштыгың бүркүттүкүндөй жашарат. (Забур 102)
Рахмат Теңирим. Сен чын эле жакшысың.

Friday, April 11, 2014

“Кыргызгаз” "Газпромго" толук өттү

Кыргызым, Эмне болду? Ата-бабаларыңардын динин сатсаңар калганын да сатасыңар деп айтпадым беле?
Орусиянын ири "Газпром" компаниясынын Санкт-Петербург шаарындагы жарнамасы, 14.11.2013http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_kyrgyzgaz_gazprom/25328541.html

Friday, March 28, 2014

Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың

 Теңир менин Кайтаруучум. Мен эч нерсеге муктаж болбойм. 
 Ал мени оттуу жайытка жаят жана жай аккан суу боюна алып барат. 
 Өз ысымы үчүн жаныма күч берип, чындык жолуна салат. 
 Өлүм көлөкөсүнүн өрөөнүндө жүрсөм да, жамандыктан коркпойм, анткени Сен мени мененсиң. Сенин бийлик таягың менен койчу таягың жанымды тынчтандырат. 
 Сен мага душмандарымдын көз алдында дасторкон жайдың, башымды зайтун майы менен майладың. Чөйчөгүм ашып-ташып төгүлүп турат. 
 Береке менен ырайым мени өмүрүмдүн аягына чейин коштоп жүрсүн, ошондо мен Теңирдин үйүндө түбөлүк болом. (Дөөт пайгамбар)

Saturday, March 1, 2014

Harbinger

The author of Harbinger presents a theology that is reminiscent of Eurasia's, and specifically Central Asia's brilliant abilities.  The book deals with America's fall from grace. In doing so the book seems to highlight reasons for Central Asia's decline centuries earlier.  I believe Central Asians need to reclaim their role as theologians - sages who know both the Ancient One and who retain a deep understanding of sacred texts.

Wednesday, January 29, 2014

Societal stabilization

A review
by Robert Woodberry

I'm not an advocate of the Protestant faith or Christian missions, but I am a huge advocate of the prophets and their writings collected in today's Bible (the Islamic "Torah, Zabur, and Injil").  I also see the influence of the holy books on, among others, the ancient Kyrgyz.  I am therefore not surprised to find that Robert Woodberry's research reveals how a few people who applied biblical principles made massive contributions to our world.  What would happen if modern Kyrgyz practiced the same principles, not as Protestants, but as true Kyrgyz walking in the faith of their ancient forefathers? 



Tuesday, January 21, 2014

Олуялардын тукумуна жарыяланган



     1 Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок. 
     2 Бирок силердин мыйзамсыздыгыңар силерди Кудайыңардан бөлүп салды. Ал силерди укпаш үчүн, силердин күнөөңөр Анын жүзүн силерден буруп жатат. 
     3 Анткени силердин колуңар канга булганган, бармагыңар мыйзамсыздыкка булганган. Оозуңар жалганды сүйлөйт, тилиңер калпты айтат. 
     4 Акыйкат үчүн эч ким үнүн чыгарбайт, чындык үчүн эч ким күрөшпөйт. Жок нерсеге таянышат, калп айтышат, алардын боюна жамандык бүтөт, кыянат иштерди төрөшөт. 
     5 Уу жыландын жумурткасын чыгарышат, жөргөмүштүн желесин токушат. Алардын жумурткаларын жеген адам өлөт, эгерде жарса, ичинен жылан чыгат. 
     6 Алардын желелери кийимге жарабайт, алар өздөрү жасаган нерселери менен жамына алышпайт. Алардын иштери – адилетсиз иштер, зордук-зомбулук – алардын колунда. 
     7 Алардын буттары кыянаттыкка жүгүрөт, алар жазыксыз кан төгүүгө ашыгышат. Алардын ойлору – адилетсиз ойлор, кыруу жана кыйратуу – алардын жолунда. 
     8 Алар тынчтыктын жолдорун билишпейт, алардын жолдорунда акыйкаттык жок, алардын жолдору кыйшык. Ал жол менен бараткандын эч бири тынчтык дегенди билбейт. 
    9 Ошондуктан акыйкаттык бизден алыс, адилеттик бизге жакындабайт, жарыкты күтүп жатабыз, бирок караңгылык, күндүн жаркырашын күтүп жатабыз, бирок караңгылыкта жүрөбүз.
     10 Сокурлардай болуп дубалды кармап, көзү жок кишидей сыйпалап басып жүрөбүз. Чак түштө күүгүмдөгүдөй мүдүрүлүп жатабыз, тирүүлөрдүн арасында өлүктөрдөйбүз. 
     11 Баарыбыз аюулардай бакырып жатабыз, көгүчкөндөрдөй онтоп жатабыз. Акыйкаттыкты күтүп жатабыз, бирок ал жок, куткарууну күтүп жатабыз, бирок ал бизден алыс. 
     12 Анткени Сенин алдыңда кылмыштарыбыз сан жеткис, күнөөлөрүбүз өзүбүзгө каршы күбөлөндүрүп жатат. Анткени кылмыштарыбыз биз менен, биз өзүбүздүн мыйзамсыз иштерибизди билебиз. 
     13 Теңирдин алдында чыккынчылык кылдык, калп айттык, өз Кудайыбыздан баш тарттык. Ушак айттык, чыккынчылык кылдык, жүрөгүбүздө жаман ойлоп, жаман сөздөрдү сүйлөдүк. 
     14 Акыйкаттык артка чегинди, адилеттүүлүк алыста калды, анткени чындык аянтта мүдүрүлдү, чынчылдык кире албай калды.
     15 Чындык жок болду, жамандыктан качкан кордукка дуушар болду. Муну Теңир көрдү, акыйкаттыктын жоктугу Анын көзүнө жийиркеничтүү көрүндү. 
     16 Адам жок экенин көрдү, арачы боло турган адам жок экенине таң калды. Ошондо Ага Өзүнүн каруу-булчуңу жардам берди, Аны Өзүнүн чындыгы колдоду. 
     17 Ал чындыкты соот кылып кийди, куткаруу туулгасын Өзүнүн башына кийди. Өч алуу чапанын кийип, кызганчаактыкты жабуу кылып жамынды. 
     18 Иштерине жараша Ал Өзүнүн душмандарын каары менен жазалайт, Өзүнүн душмандарынан өч алат, аралдарга тиешесин берет. 
     19 Ошондо Теңирдин ысымынан батыштагылар коркушат, Анын даңкынан чыгыштагылар коркушат. Эгерде душман дарыядай каптап кирсе, Теңирдин деми аны кууп жиберет. 
     20 «Ошондо Сионго, мыйзамсыздыкты таштап, Кудайга кайрылган Жакыптын уулдарына Куткаруучу келет, – дейт Теңир. 

     21 Бул Менин алар менен түзгөн келишимим, – дейт Теңир, – сендеги Менин Рухум, сенин оозуңа салган Менин сөздөрүм сенин оозуңдан, сенин укум-тукумуңдун оозунан, сенин урпактарыңдын укум-тукумунунун оозунан мындан ары жана түбөлүккө түшпөйт»