Tuesday, November 27, 2012

Жакшы кеп


Кыргызым, байыркы олуя-данышмандардын акылын четке каксаңар келечектеги акылыңар негизсиз болот. "Ыйык Дем бизге чыныгы өмүрдү берди, ошондуктан биз анын жетегинде жашашыбыз керек. Керт-башыбыздын кызыкчылыгын ойлоп, өзүбүзгө курулай даңкты издебейли, бири-бирибиздин кыжырыбызга тийбейли, бири-бирибизге көз артпайлы!" деген кеп өзүңөргө тыйуу салынган китепте.

Monday, November 26, 2012

теңири ата, сен жакшысың. Аталык мээримиң чын. ырахмат эгэдерим.

Monday, November 19, 2012

Муну окуп, кайрадан Теңири-атанын жакшылыгын сезип жатам.
Кубанычым койнума батпайт.
Шүгүр.
http://kutbilim.narod.ru/galat.pdf 

Дилимдин түпкүсүндө сенин мээримиң бар.

Wednesday, October 24, 2012

Теңир,
Мага өзүңдүн буйруктарыңдын жолун түшүнүүгө акыл бер, ошондо мен сенин кереметтериң жөнүндө ой жүргүтөм.
Менин жаным кайгыдан алсырап бара жатат, мага өзүңдүн сөзүн менен күч бер.
(Забур китебинен)

Tuesday, October 23, 2012

Мен тоо тарапка көз чаптырам, мага жардам кайдан келет?
Жардам мага асман-жерди жараткан Теңирден келет.
(Дөөт даанышмандын жазуусу, Забур 120)

Saturday, July 14, 2012

Жараткан, жашообузду жакшылыгың менен толтурганыңа рахмат.