Жараткан, жашообузду жакшылыгың менен толтурганыңа рахмат.
Kyrgyzstan's MANAS EPIC - Treasure the Kyrgyz people, Honor their sacred land, Enjoy their ancient culture, Learn their rich language, Discover their epic's mystery.
Saturday, July 14, 2012
Monday, June 18, 2012
Кудайга шүгүр, адамзаттын эң көп окуган китеби кыргыз тилинде Интернетке чыкты.
Чыгаргандарга рахмат.
http://ibt.org.ru/en/text.htm?m=KYLSC&l=Matt&g=0
Чыгаргандарга рахмат.
http://ibt.org.ru/en/text.htm?m=KYLSC&l=Matt&g=0
Sunday, June 3, 2012
Кээ бир адамдар ыйык билимге татыктуу эмес. Башкалар болсо билишет да, өз жанынан кечүүгө да даяр болушат.
Бир жолу Иса сыйынуу үчүн, обочо жерге барды. Шакирттери жанында болчу. Иса алардан: «Эл мени ким деп эсептейт?» – деп сурады.
Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс пайгамбар”, – деп эсептешет, дагы бирөөлөр: “Байыркы пайгамбарлардын бири тирилип келиптир”, – дешет», – деп жооп беришти.
Ошондо Иса алардан: «Силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады. Петир Ага: «Кудайдын Машайагы», – деп жооп берди.
Бирок Иса аларга: «Бул тууралуу эч кимге айтпагыла, – деп, катуу эскертти да, –
Адам Уулу көп азап чегиши, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулар тарабынан четке кагылышы, өлтүрүлүшү жана үчүнчү күнү тирилиши керек», – деди.Иса бардыгына кайрылып: «Ким Менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартсын жана күн сайын өзүнүн айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин. Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.
Thursday, May 31, 2012
Monday, May 28, 2012
Кыргыздарга
"Эмнеге силер Мени: “Теңир! Теңир!” деп чакырасыңар да, айтканымды кылбайсыңар? Мага келип, сөздөрүмдү угуп аткарган адам кимге окшош экенин силерге айтып коёюн: ал жерди терең казып, пайдубалын таштан коюп үй курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй козголгон жок, анткени анын пайдубалы таштан болчу. Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбаган адам үйүн жердин эле үстүнө, пайдубалсыз курган адамга окшош. Суу ташкындап, үйдү каптаганда, үй ошол замат кыйрады. Ал үй зор кыйроого учурады»
деген Кыдыр Исанын кебинин тиешеси барбы?
Friday, April 6, 2012
Subscribe to:
Posts (Atom)